Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Кыргыз Республикасындагы банктардын көз карандысыздыгы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин ушул Мыйзамда жана
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында берилген кызмат укуктарынын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат.
2. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кыз-
мат адамдарына банк иши менен байланыштуу болгон маселелерди чечүүгө кандай түрдө гана болбосун кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Мына ушул талаптарды бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарында каралган жоопкерчилик келип чыгат. Кыргыз банкы ага ушул Мыйзам жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан берилген ыйга- рым укуктарынын чегинде банктарга жана башка финансы-кредиттик мекеме- лерге карата банктык көзөмөлдү, ошондой эле административдик же башка регулятивдик функцияларды жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Республикасынын
Президенти өзгөчө кырдаалдар учурунда (согуш аракеттери, бөөдө кырсык- тар, эл аралык чыр-чатактар) мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо максатында банк иш аракеттеринин айрым түрлөрүнө чек коюуну же толугу менен токто- тууну караган же айрым өлкөлөргө карата тиешелүү мыйзамдарды жана указ- дарды кабыл алышы мүмкүн. Мындай нормативдик укуктук актылардын аракети аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө колдонулат. Ушул мыйзамдарда жана указ- дарда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчи- лик келип чыгат.
4. Мамлекеттик бийликтин жана башкаруу органдарынын кызмат адамда-
ры:
1) мамлекеттик банктарды эске албаганда, банктардын же банктык
холдинг-компаниялардын башкаруу органдарына катыша алышпайт;
2) банкта же банктык холдинг-компанияларда добуш берүү укугуна ээ
болуу менен он проценттен ашык акцияларга ээ боло алышпайт жана/же кон- тролдой алышпайт. Банктын же банктык холдингдик компаниялардын акцияларынын он же андан көбүрөөк процентине ээлик кылган адамдар алар мамлекеттик орган- дардын кызмат адамдары болуп дайындалышканда өз акцияларын мамлекеттик кызматта турган мезгил ичинде ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш.
5. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-
мына ылайык алынып салынды) (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 01.12.2005 · № 158 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>