Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
50-статья. Банктын кардарлар менен өз ара мамилелеринин негиздери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
1. Юридикалык жактарды жана адамдарды кредиттик-эсептешүү жагынан
жана башка банктык тейлөө банк тарабынан келишимдин негизинде ушул Мый- замдын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Келишимде келишим түзүп жаткан тараптардын негизги шарттары, алар- дын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, депозиттер жана кредит- тер боюнча проценттерди төлөөнүн шарттары жана тартиптери, банк иштерин жүргүзүү үчүн ставкалар жана тарифтер, келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелери, анын колдонулуу мөөнөттөрү, келишимдин шарттарын аткарбаган- дык үчүн, анын ичинде, аны бир тараптуу өзгөртүүлөрү үчүн айып акы санкциялары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана та- раптардын макулдашуулары боюнча каралган жана башка шарттар камтылууга тийиш. Келишимде жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мый- замдарынын негизинде чечилет.
2. Банк иштерин жүргүзүүнүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп са-
налат жана коммерциялык же банктык купуя сырдын сөњгөгү боло албайт. Банк кардардын биринчи эле талап кылуусу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн жалпы шарттарын берүүгө милдеттүү. Ар бир банкта жана анын филиалдарында банктын иши тууралу жылдык отчет, ошондой эле, банктын ар бир кардарына жана инвесторлоруна бе- рилүүчү банктын иши тууралу башка маалыматтар болууга тийиш.
3. Банк өз кардарларына тиешелүү тейлөө шарттарындагы өзгөртүүлөр
тууралу ар жолу ар бир кардарга түшүндүрүүгө же кат жүзүндө маалымат жөнөтүүгө, анын ичинде:
1) банк тарабынан акы алуу менен көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө
маалымат;
2) кредиттерди кошо алганда көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөөлөр-
дүн өлчөмдөрү жөнүндө маалымат;
3) проценттер жана аманаттар боюнча депозиттерди төлөөнүн шарттары
тууралу маалымат;
4) банк тарабынан кардарлардын даттанууларын кароонун тартибин жа-
на мөөнөттөрүн;
5) банк иштерин жүргүзүүнүн жана башка шарттарын жөнөтүп турууга
тийиш.
4. Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге кирги-
зилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын өз ара макулда- шуусу боюнча гана киргизилиши мүмкүн. Банктарга, эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, депозиттерди кабыл алууга тиешелүү келишим- дерди бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө тыюу салынат. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө же депозиттер жана кредиттер боюнча проценттерге тиешелүү бардык өзгөртүүлөр жалпыга маалымдоо каражатта- рында жарыяланышы же банк тарабынан анын бардык бөлүмдөрүндө маалымат стенддеринде жайгаштырылууга тийиш.
5. Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тар-
тыштар, эгерде алар тараптардын келишүүлөрү боюнча чечилбесе, сот тар- тибинде чечилет.
6. Кардарларынын алдында алган бардык милдеттенмелеринин аткарылы-
шы, үчүн эгерде келишимде башкача каралбаса, банктар Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтер тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-50" title="50-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>