51-статья. Чектер, векселдер жана башка төлөө каражаттары
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган ар кайсы эсепте-
шүү системаларын, анын ичинде:
1) чектерди жана чектик китепчелерди;
2) эсепте болгон сумма жөнүндө маалыматтарды камтыган жана аны
көрсөтүү менен акчаларды алууга укук берген сактык китепчелерин;
3) төлөө документи катары колдонулуучу кредиттик карточкалар
(эгерде, эсепте кардардын каражаты жетиштүү болбосо да банк ага товар сатып алуусу же кандайдыр бир көрсөтүлгөн кызматтарга төлөөсү үчүн бел- гилүү өлчөмдө кредиттерди бере алат);
4) кардардын банктагы эсебинде каражаты жетиштүү болгон учурларда
гана төлөө документи катары колдонулуучу дебеттик (эсептешүү) карточка- ларды;
5) чек берүүчү менен мурдатан шартташкан сумманы белгилүү бир чек-
ке чейин карточка боюнча банктын төлөй тургандыгын ырастоочу чек китеп- чеси боюнча кепилдик карточкаларды;
6) эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган жана мыйзамдарга каршы
келбеген башка төлөө каражаттарын колдоно алат.
2. Банк ошондой эле, кардарларга атайын коддорду жана карточкалар-
ды колдонуу менен атайын автоматтардан акча алууга мүмкүндүк берген карточкаларды пайдалана алат. Мындай карточкаларды пайдалануу алдын ала Кыргыз банкына билдирүү менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-51" title="51-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>