Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-статья. Банктын акционерлеринин реестри
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Банк же республиканын мыйзамдарына ылайык мына ушул ишти
жүргүзүүгө укуктуу адистештирилген юридикалык жак (мындан ары - каттоо- чу) тарабынан банктын акционерлеринин реестри жүргүзүлөт, анда жыйынты- гында бир акционерге тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын эсептөөнү, ошондой эле, жањы акционерлердин катталышын көрсөткөн баалуу кагаздар- дын санынын өзгөрүшүнө алып келчү бүтүмдөр жөнүндөгү жазуулар камтылат.
2. Акционерлердин реестри кагаз жүзүндө, ошондой эле, компьютердин
же башка техникалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Би- ринчи эмиссия учурунан тартып каттоочу банктын акциялары менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде ошол бүтүмдөр боюнча за- рыл документтерди алууга жана дайыма сактоого милдеттүү. Бул маалымат- тар кагаз жүзүндө же сактоого ылайыктуу болгон башка түрлөрдө берилиши мүмкүн. Эгерде, маалымат компьютерге киргизилсе, кагаз жүзүндө, диска же микрофильмдер түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон кайталоочу система- нын жардамы аркылуу аны толугу менен калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. Банктын акционерлеринин реестринин түп нускасы эки кызмат адамынын колу коюлган жана реестрди жүргүзүүчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз бетиндеги жазуулар болуп саналат. Банктын акционерлеринин расмий реестри банк же адистештирилген каттоочу кагаз жүзүндө, компьютерге жазуу түрүндө же башка техникалык каражаттардын жардамы менен сактаган маалыматтардын негизинде түзүлгөн, ошол банктын акционерлеринин тизмеси болуп саналат.
3. Акционерлердин реестрине ар бир энчилүү акциялар жөнүндөгү маа-
лыматтар, акцияны алган күндүн датасы, ошондой эле, реквизиттерин көрсөтүү менен ар бир акционерлердин мына ушундай акцияларынын саны (акционерлер-юридикалык жактар үчүн жайгашкан жери жана катталуу номе- ри, жеке адамдар-акционерлер үчүн алардын ким экендигин далилдеген до- кументтер жана жашаган жеринин дареги), ошондой эле мыйзамдарга ылайык жана башка маалыматтар катталат. Банктын акционерлеринин реестринде баалуу кагаздар жөнүндөгү рес- публикалык мыйзамдарда каралган башка маалыматтар да камтылышы мүмкүн.
4. Банк кошумча эмиссия учурларында акционерлердин санына же өз
баалуу кагаздарын фондулук биржада жайгаштыргандыгына карабай, ошондой эле, мыйзамдарга белгиленген жана башка учурларда адистешкен каттоочу менен келишим түзүүгө милдеттүү. Адистешкен каттоочу банкка акционерлердин реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралу, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө, бирок, айына бир жолудан кем эмес билдирип турууга мил- деттүү.
5. Банктын акционери акцияларга ээ болуу укугун өткөрүп берүүгө
байланышкан өзүндөгү өзгөрүүлөр тууралу каттоочуга маалымдап турууга милдеттүү. Жањы акционерлерди каттоо же акцияларга ээ болуу укугунун бир ак- ционерден экинчисине берилишин каттоо, акцияны алып жаткан жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан, натыйжада банктын акцияларынын барды- гын же анын бир бөлүгүн ажыратып алууга же өткөрүп берүүгө алып келүүчү бүтүм жөнүндө тиешелүү маалыматтарды (документтерди) каттоочуга берил- генден кийин гана жүргүзүлөт. Берилген маалымат өзүнүн түрү жана мањызы боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Эгерде, банктын реестрине кардардын атынан банк, брокер же депози- тарий тарабынан жасалган бүтүмдөрдү каттоо зарыл болсо, банк, брокер же депозитарий бүтүм түзгөн учурдан тартып үч жумушчу күнүнүн ичинде кат- тоочуга бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча документтерди берүүгө милдеттүү. Каттоочу бүтүм боюнча документтерди алууга, анын аныктыгын тек- шерүүгө жана мыйзамдардын талабына ылайык тиешелүү документтерди алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны реестрге каттоого тийиш.
6. Эгерде, банктын акциялары күрөөгө коюлса акциялардын ээси да,
күрөө кармап туруучу да каттоочуга добуш берүү укугун көрсөтүү менен акциялардын күрөөгө коюлгандыгын банктын акционерлеринин реестрине жа- зуу өтүнүчү менен кайрылууга тийиш. Каттоочу акциялардын күрөөгө коюлушунун келип чыгышы же токтотулу- шу же күрөөнүн предмети болуп саналган акциялардын санынын өзгөрүшү ту- уралу мыйзамдардын талаптарына ылайык зарыл маалыматтарды (документтер- ди) алган учурдан тартып үч күндөн кечиктирбестен банктын акционерлери- нин реестрине жазууга тийиш.
7. Эгерде, акционер акционерлердин реестрине катталышы зарыл бол-
гон өзгөрүүлөр тууралу каттоочуга убагында билдирбесе, анда банк ал үчүн жоопкерчилик тартпайт.
8. Акционерлердин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, банктын же
анын расмий өкүлүнүн талабы боюнча каттоочу аны алган учурдан тартып беш жумушчу күнүнүн ичинде банктын тигил же бул акционерине тиешелүү акциялардын санын, ошондой эле, эгерде бул зарыл болсо мына ушул акция- лар менен мурда жүргүзүлгөн бүтүмдөр жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен реестрдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Ушул пункттун талабына ылайык каттоочу тарабынан берилген документ баалуу кагаз болуп саналбайт жана акционерге берүү учурунда гана ага карата укукту далилдөө кагазы катары колдонулат. Акционерлердин реестринен кайсы маалымат болбосун каттоочу тарабы- нан Кыргыз банкынын талабы боюнча берилүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>