24-статья. Банктын Директорлор кењеши
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Банктын ишкерлик активдүүлүгү банктын Директорлор кењешинин
түздөн-түз багыт берүүсү менен жүзөгө ашырылат. Банктын Директорлор ке- њеши банкты башкарууга байкоо жүргүзөт, бардык акционерлердин өкүлү ка- тары чыгат жана акционерлердин жылына өткөрүлүп туруучу жалпы чогулу- шунда алардын алдында отчет берип турат. Директорлор кењеши төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү:
1) банктын бардык бизнес-стратегияларын, бизнес-пландарын жана
маанилүү саясаттарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аларды мезгил-мезгили менен жањыртып туруу үчүн;
2) банк дуушар болушу мүмкүн болгон негизги тобокелдиктерди жана
ошол тобокелдиктер үчүн алгылыктуу дењгээлдерди аныктоо үчүн;
3) Банк башкармасынын тобокелдиктерди иликтөө, өлчөө, мониторинг-
дөө жана контролдоо үчүн көрүлгөн иш-аракеттерине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн;
4) ички контролдун адекваттуу жана натыйжалуу тутумун түзүү жана
сактоо үчүн, ошондой эле ички контроль тутумунун натыйжалуулугуна Банк башкармасы тарабынан мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн;
5) Банк башкармасы менен бирдикте ички контролдукка өзгөчө маани
берген жана персоналдардын бардык дењгээлдерине жайылтылуучу жогорку этикалык жана акыйкат стандарттарды калыптандыруу, колдоо үчүн жана уюмдун ичинде маданиятты белгилөө үчүн. Банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрү банк тарабынан жүргүзүлгөн саясат үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
2. Банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин
жалпы чогулушунда бир жылдык мөөнөткө шайланышат. Банктын уставы бир эле адам кайталанып шайланган мөөнөттөргө чек коюуга жана белгилүү бир жашка чыккандыгына байланыштуу банктын Директорлор кењешинин курамынан чыгууга тийиш болгондой талап киргизиши мүмкүн.
3. Банктын Директорлор кењеши акционерлердин, анын ичинде, уюшту-
руучулардын арасынан, ошондой эле экономикалык, финансылык, монетардык же юридикалык маселелер боюнча абройлуулугу белгилүү жана кесиптик таж- рыйбасы бар адис-эксперттерден да шайланышы мүмкүн. Кыргыз банкынын Банктын башкармасынын мүчөлөрү үчүн белгилеген та- лаптарына ылайык банктын Директорлор кењешинин минимум бир мүчөсү чакы- рылган адис-эксперт (акционер эмес же уюмдаштыруучу) болушу керек.
4. Банктын Директорлор кењеши беш жана андан көп мүчөлөрдөн туруу-
га тийиш. Бир же эки акционери болгон банктын, беш мүчөдөн кем эместен турган Директорлор кењеши болууга тийиш, анын жетишпеген саны банктын акционерлери тарабынан бир жылдан кем эмес мөөнөткө контракттык негизде жалданат. Банктын Директорлор кењешин банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрү шайлаган банктын Директорлор кењешинин төрагасы жетектейт. Банктын Ди- ректорлор кењешинин төрагасы банк Башкармасынын Төрагасы боло албайт. Банк Башкармалыгынын Төрагасы Директорлор кењешинин заседаниесине кењеш берүү укугу менен катышууга тийиш.
5. Банктын Директорлор кењешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына:
1) банктын стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын
түзүү;
2) банк ишинин бардык түрлөрү боюнча ички саясатты аныктоо жана
кабыл алуу;
3) банк Башкармасынын Төрагасынын көрсөтүүсү боюнча банк Башкарма-
сынын мүчөлөрүн бекитүү же аларды четтетүү;
4) ички аудиторду жана ички аудиторго эмгек акы төлөөнүн шарттарын
жана өлчөмүн аныктоону бекитүү;
5) банк Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөөнүн шарттарын жана
өлчөмүн аныктоо;
6) банктын уюштуруу структурасын бекитүү;
7) (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Законунун редакциясына ылай-
ык алынып салынган)
8) банктын аткаруу органдарынын жана банктын кызмат адамдарынын
ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү;
9) банктардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же жоюу
жөнүндөгү чечим кабыл алуу;
10) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын
текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча натыйжаларды кароо жана чаралар кө- рүү маселелери боюнча чечимдер кабыл алуу таандык болот. Банктын Директорлор кењешинин гана кызмат укуктарына таандык масе- лелер алар тарабынан банктын аткаруу органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
6. Банктын Директорлор кењешинин заседаниелери айына бир жолудан
кем эмес өткөрүлүп турат. Банктын Директорлор кењеши заседаниелерди өткөрүүсүз эле чечим кабыл алуу зарыл болгон маселе боюнча Кењештин мүчөлөрүнүн бардыгынан кол чогултуу менен чечим кабыл ала алышат. Мын- дай жол менен кабыл алынган чечим банктын Директорлор кењешинин биринчи эле кезектеги заседаниесинде ырасталууга тийиш. Банктын Директорлор кењешинин ар бир мүчөсү добуш берүүдө Кењештин кароосуна коюлган маселелер боюнча бир гана добушка ээ болот. Бардык чечимдер кворум болгондо банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн жал- пы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда банктын Директорлор Кењешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алы- нат. Банктын Директорлор кењешинин заседаниелеринин протоколун жана стенографиялык отчетун Кењештин катчысы жүргүзөт. Чогулуштун протоколу- на төрагалык кылган адам жана чогулуштун катчысы кол коюуга тийиш.
7. Банктын Директорлор кењешинин мүчөсү кайсы убакта болбосун
Кењештин төрагасына кат жүзүндө арыз берүү менен отставкага кетүүгө укуктуу. Банктын акционерлеринин жылдык чогулушунун аралыгында банктын Директорлор кењешинде бош орун болуп калса, банктын Директорлор кењеши көпчүлүк добуш менен ал орунга акционерлердин кийинки чогулушуна чейин- ки мөөнөткө Кењештин жањы мүчөсүн убактылуу тарта алат.
8. Банктын Директорлор кењешинин мүчөсү:
1) республиканын мыйзамдарын жана Кыргыз банкынын нормативдик ак-
тыларын бузгандыгы үчүн;
2) алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана
башка укукка жат аракеттер үчүн;
3) эгерде, аны кызматтан четтетүү банктын жана анын акционерлери-
нин кызыкчылыгына ылайык келсе ээлеген кызмат ордунан четтетилиши мүмкүн.
4) банк мыйзамдарын системалуу түрдө (акыркы 12 айда 2 жолудан
ашык) бузуулар үчүн, эгерде алар банкка финансылык зыяндарды алып кел- бесе да;
5) эгерде, ал ушул Мыйзамдын же Кыргыз банкынын ченемдик укуктук
актыларын бузууга жол берүү менен жүзөгө ашырылган операциялардын бир жагы болуп саналса. 8-1. Кайсыл адам болбосун банктын Директорлор кењешинин мүчөсү бо- ло албайт жана ээлеген кызмат абалынан четтетилиши мүмкүн:
1) эгерде ал Банк башкармасынын мүчөсү болуп саналса;
2) эгерде ал акыркы 12 айда Кыргыз банкынын көзөмөл органынын
мүчөсү болуп саналса же болгон болсо;
3) мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып
салынбаган соттуулукка ээ болсо;
4) эгерде ал жоюу усулу менен банкроттук жол-жобосуна дуушар бол-
гон юридикалык жактын жетекчиси болуп саналса;
5) эгерде ал юридикалык жактын башкаруу органынын курамына кирүү
же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесиптик ишин алып баруу укугунан ажыраган болсо;
6) эгерде ал мамлекеттик кызматкер (мамлекеттик банкты кошпогондо)
болуп саналса;
7) эгерде ал башка банктын акционери болсо.
8-2. Банк ишине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда Ди- ректорлор кењешинин ар бир мүчөсү объективдүү болууга жана жеке өзүнүн же банктын айрым катышуучуларынын (уюмдаштыруучуларынын, акционерлеринин) жана кызмат адамдарынын таламдары эмес, банктын кызык- чылыгын жетекчиликке алуулары тийиш. Директорлор кењешинин көпчүлүк мүчөлөрү көзкарандысыз болууга ти- йиш. Көзкарандысыз дегендик, бул:
1) акыркы үч жыл ичинде банктын кызматкери же банк Башкармалыгынын
мүчөсү болуп саналбаган же болбогон жана/же жогоруда көрсөтүлгөн адам- дардын жакын тууганы болуп эсептелбеген жак;
2) банктын олуттуу катышуучусунун жакын тууганы болуп саналбаган
жак;
3) банк жана/же аны менен жалпы кызыкчылыгы бар башка юридикалык
жак менен олуттуу коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилелери ал адамдын банктын кызыкчылыгы үчүн объективдүү чечим кабыл алууда тааси- рин тийгизбеген жак. Директорлор кенешинин мүчөлөрүнүн көзкарандысыздыгынын белгилери, алардын көзкарандысыздык белгилерине ылайык келүүсү, ошондой эле ком- мерциялык, ишкердик жана финансылык мамилелердин олуттуулук белгилери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат.
9. Банктын Директорлор кењеши банктын ишкерлик саясатын жүзөгө
ашыруу максатында консультациялык кењештерди, комитеттерди түзө алат.
10. Ушул статьянын 7, 8-1 жана 8-2-пункттарында көрсөтүлгөн учур-
ларда банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрүн четтетүү Кыргыз банкынын же Банк башкармасынын демилгеси боюнча банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз банкынын банкка жазуу жүзүндөгү билдирүүсү берилгенден кийинки кырк күндүн ичин- де банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан мындай чечим кабыл алынбаса, Кыргыз банкы банктын лицензиясын кайтарып алууга же анын иш-аракетин токтото турууга укуктуу. Директорлор кењешинин мүчөлөрүн четтетүү жөнүндө чечим жалпы чогу- лушта катышып жаткан акционерлердин ачык добуш берүүдөгү көпчүлүк добу- шу менен кабыл алынат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 192 Мыйзамынын, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 декабря 2004 года № 192 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (13)
- ПОЛОЖЕНИЕ о корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской РеспубликиПоложение · 26.03.2008 · № 13/4
- Постановление Правления Нацбанка КР от 20 ноября 2003 года № 32/7 "Об основных требованиях к Комитету по аудиту"Постановление · 20.11.2003 · № 32/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/3 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка…Постановление · 28.06.2006 · № 19/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/2 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка…Постановление · 28.06.2006 · № 19/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 28 июня 2006 года № 19/2 "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях по управлению рыночным риском в коммерческих банках и других…Постановление · 28.06.2006 · № 19/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 28 июня 2006 года № 19/3 "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях по управлению страновым риском в коммерческих банках и иных…Постановление · 28.06.2006 · № 19/3
- Постановление Правления Национального Банка КР от 3 сенятбря 2003 года №27/4 "Об утверждении Временной инструкции "О требованиях, предъявляемых к должностным лицам коммерческих…Постановление · 03.09.2003 · № 27/4
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- ВРЕМЕННАЯ ИНСТРУКЦИЯ о минимальных требованиях, предъявляемых к должностным лицам и руководителям службы внутреннего аудита коммерческих банков и финансово-кредитных учреждений…Инструкция · 15.09.2004 · № 24/5 · Күчүн жоготкон
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 26 марта 2008 года № 13/4 "О Положении "О корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской Республики"Постановление · 26.03.2008 · № 13/4 · Күчүн жоготкон
- "О введении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 19.02.2014 · № 4/6
- "О прекращении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 13.08.2014 · № 36/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/7 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз…Постановление · 27.07.2011 · № 40/7 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>