23-статья. Банктын акционерлеринин чогулушунун кворуму жана добуш
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
берүүлөр
1. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу, эгерде ага уставга ыла-
йык банктын жайгаштырылган, добушка укук берген акцияларынын алтымыш процентинен ашыгына ээ болушкан акционерлер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса укукка ээ болгон катары таанылат. Кворумга жетишилбей калса банктын Башкармасы бир айлык мөөнөттө банктын акционерлеринин жалпы чогулушун кайталап чакырууга милдеттүү, ал эгерде ага банктын жайгаштырылган, добушка укук берген акцияларынын кырк процентинен ашыгына ээ болушкан акционерлер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса, укукка ээ болгон болуп эсептелет.
2. Банктын акционерлеринин ар бир чогулушу үчүн каттоо күнүн бел-
гилөө зарыл, банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна катышуу үчүн до- буш берүүгө укугу бар акция ээлери ага карата багыт алышат. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда добуш берүүгө укугу бар акционерлерди (акционерлердин тизмесин түзүү) каттоо датасы аны өткөрүү жөнүндөгү чечимди кабыл алган күндүн датасынан эрте эмес жана чогулушту өткөрүү датасына чейинки жыйырма күндөн кеч эмес убакытта белгиленүүгө тийиш. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акци- онерлердин тизмеси банктын акционерлеринин реестриндеги маалыматтардын негизинде түзүлөт. Акционерлердин тизмеси банктын акционерлеринин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн таанышуусу үчүн жеткиликтүү болууга жана банктын акционерлеринин жалпы чогулушу өткөрүлүүчү жерде болууга тийиш.
3. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда добуш берүүлөр жашы-
руун жана кат жүзүндө, күн тартибине киргизилген маселелерди камтыган бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Добуш берүүлөр банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрүн шайлоодон тышкарыда "бир акция-бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Банктын Ди- ректорлор кењешинин мүчөлөрү кумулятивдик добуш берүү жолу менен шайла- нууга тийиш.
4. Добуштарды эсептөөнүн тактыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо
жана банктын акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартибинин жол-жоболорун сактоо үчүн шайлоо боюнча инспектор катары жалпы чогулуш- ту тейлөөчү адистештирилген каттоочу милдеттүү түрдө катышууга тийиш. Шайлоо боюнча инспектор жүгүртүүдөгү акциялардын санын жана алар- дын добуш берүү укугун, кворумдун бардыгын, акционерлердин мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилген ишеним каттардын аныктыгын аныктайт, добуш берүү укугунан улам келип чыккан дооматтарды жана маселелерди чечет, добуш берүүлөрдү эсептөөлөрдүн жүрүшүнө көз салат жана анын жыйынтыгын анык- тайт.
5. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда добуш берүүгө укугу
бар ар бир акционер чогулушта өзү добуш бере алат же мыйзамда белгилен- ген тартипте толтурулган ишеним кат берүү менен добуш берүүчү өкүлүн дайындай алат. Бул ишеним каттарга ошол акционер иштеген же окуган уюм, жашаган жери боюнча турак жай эксплуатациялык уюмдар, ал дарыланып жат- кан дарылоо-стационардык мекемелердин администрациялары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар тењештирилет. Акционер ага тиешелүү акциялардын бүтүндөй пакетине да анын ар кандай бөлүгүнө да ишеним кат берүүгө укуктуу, ошентип, ишеним кат мый- замдуу бир өкүлгө да, бир нече өкүлгө да берилиши мүмкүн. Акционердин атынан добуш берүүгө катышууга ишеним кат банктын кыз- мат адамдарына берилбейт.
6. Добуш берүүгө укугу бар акциялардын жыйырма проценттен ашыгына
ээ болгон акционер, акционерлердин тобу же акционерлердин добуш берүүчү өкүлү, добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин берилген добуш- тарды эсептөөлөрдүн жыйынтыгын текшерүү үчүн бир же бир нече көз каран- ды эмес адамдардын дайындалышын талап кылууга укуктуу. Эгерде, тек- шерүүнүн жүрүшүндө добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөдө үч проценттен ашыкка так эместиги же добуш берүүнүн жыйынтыгы башкача экендиги анык- талса, банк добуш берүү процедурасын текшерүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүүгө тийиш.
7. Банктын акционерлеринин чогулушунун протоколу жана стенография-
лык отчету төрагалык кылган адам, катчы жана шайлоо боюнча инспектор тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>