Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «»Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 4-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 86-06.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2006-жылдын 28-июну N 19/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 24, 25 жана 49-3-статьяларына таянуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кароого коюлган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Коммерциялык банктар, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсы жана ЖАК "Кыргыз айылчарба Финансы Корпорациясы" өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтерин, ушул Жобо колдонууга берилгенден кийин, 2007-жылдын 1-январына чейин анын талаптарына ылайык келтиришсин.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына Республикасынын Улуттук контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасынын орунбасары, айым С.Э.Джаныбековага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы
М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар…Положение · 28.06.2006 · № 19/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары тууралуу токтому"Постановление · 12.10.2012 · № 40/3
Шилтеме берет (5)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар…Положение · 28.06.2006 · № 19/2
- Положение о минимальных требованиях по управлению страновым риском в коммерческих банках и иных финансово-кредитных учреждениях, лицензируемых Национальным банком Кыргызской…Положение · 28.06.2006 · № 19/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П12/25-7
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына…Постановление · 20.06.2018 · № 2018-П-12/24-1-(НПА)