Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Камсыздандыруу стажы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 136
1. Пенсияны дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгил, ошондой эле 1999-жылдын 19-февралына чейин кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгилдер гана ушул мезгилге карата камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жөнүндө документтерди талап кылбастан кошуп эсептелет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган мезгилдер менен катар төмөнкүдөй учурлар да камсыздандыруу стажына эсептелет:
а) аскердик жана ага теңештирилген кызматты өтөө, улуттук коопсуздук, ички иштер, аскерлештирилген күзөт, атайын байланыш органдарында, Мамлекеттик өрткө каршы кызматында жарандык коргонуу бөлүктөрүндө, ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан, бажы инспекциясында жана финансы полициясында кызмат өтөө;
б) ар бир баланы ал үч жашка толгонго чейин багуу, бирок жалпысынан алганда тогуз жылдан ашпаган;
в) убактылуу эмгекке жарамсыз, кош бойлуу жана төрөт мезгилинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул алып турган;
г) жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып турган жана акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышкан;
д) эмгекке жарамдуу адамдын I топтогу майыпты, майып баланы 18 жашка толгонго чейин же 80 жашка толгон улгайган адамды баккан;
ж) жазык жоопкерчилигине негизсиз тартылган адамдардын, негизсиз куугунтукка алынган жана кийин акталган адамдардын камакта отурган мезгили жана ушул адамдардын эркиндигинен ажыратуу жайларында жана сүргүндө жүргөн мезгили.
з) анын ичинде жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдын 1-январынан тартып) алынган мезгилдер, эгерде алардын алдында жана (же) алардан кийин кеминде 12 ай камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгилдер болсо, камсыздандыруу стажына эсептелет.
4. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажын эсептөө ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бардык негиздер боюнча календардык мезгилде жүргүзүлөт.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн ушул статьянын 1, 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенге чейин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жумуш берүүчү же компетенттүү орган тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтердин негизинде эсептелет. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жеке камсыздандыруу эсептеринин негизинде эсептелинет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын ырастоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат."; Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин так эмес жазуулар байкалган учурда, Социалдык фонд жана анын аймактык органдары жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан тактоо мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алууга милдеттүү. Эмгек китепчесиндеги жазуулардын так эместигине төмөнкүлөр кирет:
- эмгек китепчесинде жана паспортунда фамилиясынын, атынын, атасынын атынын (эгерде мындайлар болсо) жазылышындагы жана туулган датасындагы айырмачылыктар;
- эмгек китепчесинде жумуш берүүчүнүн мөөрүнүн (штампынын) жана жооптуу адамдын кол тамгасынын, кабыл алынган жана иштен бошотулган датанын жоктугу;
- эмгек китепчесиндеги жазууларда жумуш берүүчү уюмдун аталышынын жана аны күбөлөндүрүүчү мөөрдүн (штамптын) бири-бирине дал келбеши;
- эмгек китепчесиндеги жазууларда арыздануучу ээлеген кызмат ордунун аталышынын жоктугу.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн эмгек китепчесинде камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки иштеген ишинин айрым мөөнөттөрү жөнүндө жазуулар жок учурда, камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандырылган стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат. Иштеген иши эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай иштин бүтүндөй мезгили эсептелет. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин, жеке камсыздандыруу эсебинде эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери тууралуу маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонд жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөнү тууралуу маалыматтарды суратып алат, андан кийин аны жеке камсыздандыруу эсебине киргизет. Камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларын төлөгөн болсо, эгерде эларалык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей пенсия дайындалат.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттерден Кыргыз Республикасына келишкен адамдардын иштегенине бул мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун 1995-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги эмгек стажы эсептелинет, эгерде мурдагы жашаган жеринде камсыздандыруу акысын төлөгөн болсо.
6. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген мезгили үчүн камсыздандыруу стажы бир жарым эселеген өлчөмдө эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2005-жылдын 18-июлундагы № 108, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 136 «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»)»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 апреля 2018 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 декабря 2006 года №218 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О государственном пенсионном социальном страховании»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 марта 2006 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2005 года № 108 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 ноября 2003 года №220 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 1 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын жумушсуз/жумуш издөөчү жарандары катары каттоо жана иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча активдүү чараларды ишке ашыруу боюнча Усулдук көрсөтмөлөр…Методические указания · 24.07.2024 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 24 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 22.01.2018 · № 24
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын…Положение · 23.10.2018 · № 500 · Күчүн жоготкон
- Инструкция "О порядке регистрации плательщиков, уплаты и учета страховых взносов по обязательному государственному социальному страхованию" (Постановление Правления Социального…Инструкция · 15.02.2005 · № 22а · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун…Постановление · 23.10.2018 · № 500 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке учета, исчисления и подтверждения страхового стажа, учитываемого при назначении пенсий по государственному пенсионному социальному страхованию ( Утверждено…Положение · 28.10.1997 · № 635 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-октябрындагы № 604 ""Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 20.10.2014 · № 604 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке подтверждения трудового стажа для назначения пенсий ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 июля 1995 года N 310)Положение · 25.07.1995 · № 310 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтомуПостановление · 23.10.2018 · № 500
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/557/st-8" title="8-статья - Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>