Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
726-статья. Заем келишими боюнча проценттер же болбосо башка төлөмдөр
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 34-Глава
1. Мыйзамда же заем келишиминде башка белгиленбесе, заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан процент же болбосо башка төлөм алууга укуктуу.
Заем берүүчү заемдун жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү жөнүндө маалыматты заемчуга берүүгө милдеттүү, ал заем алуучу үчүн ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык сырдын предмети болбошу керек. Эгерде бул заем алуучунун абалын начарлатса жана/же анын милдеттерин көбөйтсө, заем берүүчү заем келишиминин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок.
2. Граждандардын ортосунда түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын биринин ээлик кылуу ишкердигин ишке ашыруусуна байланышпаган заем келишими, эгерде анда түздөн-түз башкасы каралбаса, карыздын суммасы төлөнбөстөн процентсиз деп эсептелинет.
3. Эгерде заем келишими боюнча заем алуучуга түрдүк белгилери аныкталган буюмдар берилген болсо, алардын өлчөмү жана формасы (акчалай же натуралай) келишимде каралган учурда процент же башка төлөм төлөнүүгө тийиш.
4. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет.
6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.
(КР 2008-жылдын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 30-майындагы № 85 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 мая 2024 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере ломбардной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2013 года № 162 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 мая 2013 года № 85 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 марта 2008 года № 24 "О внесении изменений в гражданский кодекс КР"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…заем суммасынан процент же болбосо башка төлөм алууга укуктуу.
кошулду: Заем берүүчү заемдун жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү жөнүндө маалыматты заемчуга берүүгө милдеттүү, ал заем алуучу үчүн ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык сырдын предмети болбошу керек.
Эгерде бул заем алуучунун абалын начарлатса жана/же анын милдеттерин көбөйтсө, заем берүүчү заем келишиминин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок.
2. Граждандардын ортосунда түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын … № 85 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 кошулду: 207, 2024-жылдын 23-майындагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-726" title="726-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>