Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын граждандык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө « Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 19-марты № 24
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6,
226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 177-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасындагы "мыйзам тарабынан
эмгек акынын кеминде он минималдуу өлчөмүнөн ашкан" деген сөздөр "эсеп-
тик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе ашкан" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
2. 258-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "минималдуу эмгек
акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
3. 308-статьядагы "эмгек акы төлөөнүн мыйзамда белгиленген мини-
малдуу өлчөмүн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчүн" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
4. 510-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасындагы "мыйзамда белгилен-
ген эмгекке акы төлөөнүн он минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик
көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 511-статьянын биринчи абзацындагы "мыйзамда белгиленген эмгек
акынын он минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрдүн
он өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 533-статьянын 2-пунктундагы "эмгекке акы төлөөнүн мыйзамдарда
белгиленген минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "бир эсептик көрсөткүч-
төн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 538-статьянын 2-пунктундагы "мыйзамда белгиленген акы төлөөнүн
эки минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "кеминде эки эсептик көрсөткүч-
төн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 725-статьянын 1-пунктундагы "мыйзамда белгиленген эњ аз өлчөм-
дөгү эмгек акыдан" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын.
9. 726-статьянын 2-пунктундагы "мыйзамда белгиленген эњ аз өлчөм-
дөгү эмгек акыдан" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 893-статьянын 2-пунктундагы "мыйзамда белгиленген эњ аз өлчөм-
дөгү эмгек акыдан" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 1014-статьянын 4-пунктундагы "мыйзам менен белгиленген беш
эселенген эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик көр-
сөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 1015-статьянын 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы
"эмгек акынын мыйзам менен белгиленген беш эселенген минималдуу өлчөмү-
нө" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнө" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 1019-статьяда:
статьянын аталышындагы "эмгек акынын минималдуу өлчөмүнүн" деген
сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
2-пунктундагы "Эмгек акынын минималдуу өлчөмү мыйзам менен белги-
ленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
бекиткен эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"эмгек акынын минималдуу өлчөмүнүн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн
өлчөмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-р (Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусунун негизинде 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз…Сот практикасы · Решение · 19.02.2014 · № 14-р
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-р (Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусунун негизинде 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз…Решение · 19.02.2014 · № 14-р
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 6-июлундагы "2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о судьялар колллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу…Постановление · 06.07.2016
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.