Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июлу № 162
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 725-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.
5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз.".
2. 726-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык өз алдынча белгиленет. Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
Шилтеме берет (2)
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124