Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 30-майы № 85 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 6, 80-ст. жана 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Кодекстин I бөлүгүнүн 309-статьясындагы "мындан башка бүтүм жок болсо," деген сөздөр алып салынсын.
2. Кодекстин II бөлүгүнүн 726-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет.".
3. 727-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып бериши мүмкүн. Жеке жана юридикалык жактарга пайызга берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Пайызга берилген заемдун суммасы, башка учурларда заем берүүчүнүн макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн.".
2-берене. Кодекстин II бөлүгүнүн 726-статьясынын 5-пунктунун жана 727-статьясынын 2-пунктунун жоболорунун колдонулушу ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн заем келишимдеринен, кредиттик келишимдерден келип чыккан мамилелерге карата жайылтылат.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.