Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 467 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 18 июля 2022 года УП № 244 "Об утверждении Положения о порядке присвоения, сохранения, понижения и лишения специальных классных чинов государственным гражданским служащим органов судебной системы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-18.
КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 26-декабры ПЖ № 467 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 29-августундагы № 221 , 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237, 2014- жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакциясына ылайык) Сот системасында мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын сотторунун финансылык, материалдык-техникалык базасын камсыз кылууну жакшыртуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун, Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 132 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун, Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун, Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди берүүдө коюлуучу талаптар" деген III бөлүмдүн 4-пунктунда:
5-саптын экинчи абзацы "басмасөз-катчы" деген сөздөн кийин ", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын; 6-саптын экинчи абзацындагы ", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр алып салынсын; 1-саптын үчүнчү абзацы "башчысы" деген сөздөн кийин ", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын; 2-саптын үчүнчү абзацындагы ", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр алып салынсын; "Атайын класстык чендерде болуу мөөнөтү жана аны берүүнүн тартиби" деген IV бөлүмдө: 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Жогорку Сотунун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди берүү, төмөндөтүү жөнүндө маселеге демилге кылуу үчүн тийиштүү жогорку соттун аппаратынын жетекчисинин сунушу зарыл."; 6-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун мамлекеттик кызматчысына атайын класстык чендерди берүү, төмөндөтүү жөнүндөгү маселеге демилге кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун директорунун сунушу, ал эми акыркы үчүн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басарынын биринин сунушу зарыл."; 8-пункттун биринчи абзацындагы ", Сот департаментинин" деген сөздөр алып салынсын.
3. (КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2011-жылдын 29-августундагы № 221 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин кароосуна сотторду өнүктүрүүгө багытталуучу аткаруу жыйымдарынын каражаттарын максаттуу жапа үнөмдүү пайдалануу боюнча өз ара аракеттердин тартиби жөнүндө сунуштарын киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (7)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу…Указ · 18.07.2022 · № 244
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №152 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 10.03.2009 · № 152
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 548 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыкУказ · 13.12.2007 · № 548 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2014 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу…Указ · 18.07.2022 · № 244
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелинин ПЖ N 132 "Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди…Указ · 08.04.2004 · № 132 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 29 августа 2011 года УП № 221 (ДСП) "(Данный Указ Президента Кыргызской Республики является документом для служебного пользования.)"Указ · 29.08.2011 · № 221
- КР Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору…Указ · 21.04.2008 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди беруунун тартиби жонундогу Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Положение · 08.04.2004 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 22 августа 2002 года №225 "О некоторых мерах по улучшению финансирования судов и развития исполнительного производства Кыргызской Республики "Указ · 22.08.2002 · № 225 · Күчүн жоготкон