Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР г.Бишкек, от 17 апреля 2012 года УП № 87 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-17.
КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 7-майы ПЖ № 158 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ага жаңы дем берүү, гендердик саясатты жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жакшыртуу жана гендердик өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коом менен эларалык уюмдардын күч-аракетин бириктирүүнү камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин катчылыгынын алдындагы ченемдик-укуктук актыларды гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пункттагы "катчылыктын алдындагы" деген сөздөр "жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбула төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" жана Кыргыз Республикасында андан аркы гендердик өнүктүрүү максатында токтом кылам:":
- аталышында жана жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин катчылыгынын алдындагы ченемдик-укуктук актыларды гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндө Жобонун бүткүл текстти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "катчылыгында" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин Жобосун жана курамын бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө Жобо" деген № 1 тиркемеде:
"IV. Улуттук кеңештин курамы, иштөө регламенти жана түзүмү" деген бөлүктүн бешинчи абзацындагы "Президенттин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңешинин курамы" деген
№ 2 тиркемеде: төртүнчү саптагы "9" деген сан "8" деген сан менен алмаштырылсын; он үчүнчү жана он бешинчи саптар алып салынсын; он алтынчы саптагы "Улуттук кеңештин төрагасынын орунбасары" деген сөздөр алып салынсын; он төртүнчү, он алтынчы саптар тийиштүү түрдө он үчүнчү-он төртүнчү саптар деп эсептелсин; кеңештин курамы төмөнкү мазмундагы он бешинчи сап менен толукталсын: "
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 1 киши - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жооптуу катчысы"; |
он жетинчи - жыйырма экинчи саптар тийиштүү түрдө он алтынчы жыйырма биринчи саптар деп эсептелсин.
3. (КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык күчн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн Улуттук Планы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункттагы "Президенттин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн Улуттук Планында:
"2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн Улуттук Планын жүзөгө ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн механизмдери" деген V бөлүктө: жетинчи жана он бешинчи абзацтардагы "Президенттин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын: он бешинчи абзацтагы "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылдык" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 27-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" буйругунун 1-пунктунун экинчи абзацы 2.4-пункттары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-мартындагы № 81 "Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү жагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ченемдик актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007
- Стратегия развития страны на 2007-2010 годы (утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 марта 2007 года № 84)Стратегия · 23.03.2007 · № 84
- КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.04.2012 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча…Указ · 13.02.2006 · № 64 · Күчүн жоготкон
- "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү" СтратегиясыСтратегия · 16.05.2007 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралы ПЖ N 56 " Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уйбуло, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук…Указ · 15.02.2004 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын…Положение · 13.02.2006 · № 64 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы ПЖ № 369 " 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер…Указ · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
- "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уйбуло, аялдар жана гендердик онуктуруу маселеси боюнча Улуттук кенештин катчылыгынын алдында ченемдик укук актыларын гендердик…Положение · 15.02.2004 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 31.03.2009 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 5 марта 2004 года №81 " Об учреждении премий Президента Кыргызской Республики в области гендерного развития в Кыргызстане"Указ · 05.03.2004 · № 81 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.04.2012 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралы ПЖ N 56 " Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уйбуло, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук…Указ · 15.02.2004 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча…Указ · 13.02.2006 · № 64 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы ПЖ № 369 " 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер…Указ · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 31.03.2009 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 5 марта 2004 года №81 " Об учреждении премий Президента Кыргызской Республики в области гендерного развития в Кыргызстане"Указ · 05.03.2004 · № 81 · Күчүн жоготкон
- Об основах государственных гарантий обеспечения гендерного равенстваЗакон · 12.03.2003 · № 60 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2007 жылдын 13 майы №249 " 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө"Указ · 16.05.2007 · № 249 · Күчүн жоготкон