Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР г.Бишкек, от 17 апреля 2012 года УП № 87 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-17.
КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 20-августу ПЖ № 369 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу турмушка ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Тиркелген 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жана 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча тиркелген Улуттук иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу жагынан иш-чаралардын матрицасы (мындан ары - Улуттук иш-аракеттер планы жана иш-чаралардын матрицасы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары бийликтин мыйзам чыгаруучу жана сот бутактарынын, эларалык донор уюмдардын жана жарандык коомдун өнөктөштүк катышуусу менен:
- Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын аткарууну камсыз кылсын;
- программалык негизде бюджетти түзүүнү эске алуу менен, Улуттук иш-аракеттер планынын жана иш-чаралардын матрицасынын жоболорун турмушка ашырууга каражаттарды бөлүүнү караган 2007-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- жыл сайын тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу учурунда Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын финансылык жактан камсыз кылууга каражаттарды бөлүүнү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өкмөттүк эмес уюмдардын, жеке сектордун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен:
- Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын матрицасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдардын, үйбүлөнүн маселелери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Улуттук иш-аракеттер планынын жана иш-чаралардын матрицасынын жоболорун турмушка ашырууга эларалык инситуттарды, республиканын коомдук жана жеке уюмдарын, жарандарын жигердүү тартсын.
5. "2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 2-мартындагы № 52 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы N 443 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча УЛУТТУК…Стратегия · 27.06.2012 · № 443
- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007
- КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.04.2012 · № 87
- "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 605-б буйругуРаспоряжение · 21.11.2008 · № 605-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 179 "1999-2011-жылдар аралыгында кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү мамиле түрүнө жана…Постановление · 16.03.2012 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 2 марта 2002 года №52 "О национальном плане действий по достижению гендерного равенства в Кыргызской Республике на 2002-2006 годы"Указ · 02.03.2002 · № 52 · Күчүн жоготкон
- НАЦИОНАЛЬНЫЙ ПЛАН действий по достижению гендерного равенства в Кыргызской Республике на 2002-2006 гг (Утвержден Указом Президента Кыргызской Республики от 2 марта 2002 года N 52)План · 02.03.2002 · № 52 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Указ · 07.05.2008 · № 158 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.04.2012 · № 87
- Указ Президента КР от 2 марта 2002 года №52 "О национальном плане действий по достижению гендерного равенства в Кыргызской Республике на 2002-2006 годы"Указ · 02.03.2002 · № 52 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №443 "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз…Постановление · 27.06.2012 · № 443 · Күчүн жоготкон