Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары 2001-жылдын 26-июну № 57
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2001-жылдын 31-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу
III бөлүм. Калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын мамлекеттик эсепке алуу
IV бөлүм. Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалына контролдук кылуу
V бөлүм. Калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктары менен иштөөнү каржылоо
VI бөлүм
Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы юридикалык жактардын, жарандардын жана коомдук бирикмелердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
VII бөлүм. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө калктын азыркы жана келечектеги муундарын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга арналган. Ушул Мыйзам:
- калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын калкка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин четтетүү боюнча максатты көздөгөн иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон укуктук негиздерди камтыйт;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөнүн бардык этаптарындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын аныктайт;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, мамлекеттик башкаруунун жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктарын, ошондой эле уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана бирикмелердин (мындан ары - уюмдар) калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү негизги укуктары менен жоопкерчиликтерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, коомдук бирикмелердин калдык сактоочу жайлар жана калдыктар менен иштөөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуусун камсыз кылат;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө маселесиндеги эл аралык кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт.
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык, калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы укуктук жөнгө салуунун негиздерин аныктайт.
2-статья. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана аларга байланыштуу кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандардан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер менен аныктамалар: калдык сактоочу жай - кен иштетүү өнөр жайынын радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарын сактоого арналган атайын курулуштардын жана жабдуулардын комплекси; кен калдыктары - кен иштетүү жумуштарын жүргүзүүдө жердин үстүнө чыгарылган тектердин жана кондицияга жетпеген рудалардын массасы; иштетүүчү уюм - иштин жүрүшүндө калдык сактоочу жайлар менен кен калдыктарын жаратуучу ишкана; адистешкен уюм - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана калдык сактоочу жайлар менен кен калдыктарын иштетүүчү уюмдардан аларды кийин физикалык сактоо үчүн кабыл алуучу уюм; калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын физикалык сактоо - табигый жана башка себептердин калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарына күтүлбөгөн таасир тийгизүүсүн болтурбоого, ошондой эле калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын сакталышына шек келтирүүлөрдү өз убагында билүүгө жана четтетүүгө багытталган уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплекси; калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө - калдыктарды ташууга, сактоого, көмүүгө байланышкан иштердин бардык түрү; кен өндүрүшүнүн калдыктарын сактоо - ал калдыктарды калдык сактоочу жайларга жайгаштыруу; консервацияланган калдык сактоочу жай - калдык топтоо убактылуу токтотулган, бирок келечекте кайра башталышы болжолдонгон, же консервациялоо мезгилинде анын эрозияга учуроосун токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан жай; көмүлгөн калдык сактоочу жай - калдыктарды салуу толук токтотулган жана эрозияга, эманированияга учуроосун жана калкка жана айлана чөйрөнүн объекттерине жаман таасир тийүү мүмкүндүктөрүн узак убакытка (жүздөгөн жылдарга) болтурбоо боюнча иштер жүргүзүлгөн калдык сактоочу жай; калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аймактарын рекультивациялоо - ал объекттерди чарбалык жактан пайдалануу мүмкүндүгүн кайра калыбына келтирүү жана калкка жана айлана-чөйрөгө тийгизүүчү зыяндуу таасирин жокко чыгаруу үчүн жүргүзүлүүчү жумуштардын комплекси; санитардык-коргоо зонасы - гамма-нурлануу же зыяндуу заттардын концентрациясы негизги дозалык чектен же аларды нормалдуу эксплуатациялоо шартында эң жогорку концентрациядан апгуусу мүмкүн болгон радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоочу мекеменин, анын булагынын же калдык сактоочу жайдын (кен калдыгынын) тегерегиндеги аймак. Санитардык-коргоо зонасына чектөө режими коюлат жана такай текшерүүгө жана көзөмөлгө алынып турат.
4-статья. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү зыяндуу таасирден сактоонун артыкчылыктуулуту;
- иштин жүрүшүндө пайда болуучу калдык сакталуучу жайлар жана кен калдыктары менен иштегенде ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабай жоопкерчилиги;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө адамдын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды төлөп берүү;
- жарандардын жана коомдук уюмдардын калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүүгө катышуусу;
- калдык сактоочу жайлар жана кен каддыктары менен иштөө жаатында чет өлкөлүк тажрыйбаны пайдалануу;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы мамлекеттик концепцияларды жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
5-статья. Кен иштетүү өндүрүшүнүн калдыктарына (мындан ары - калдыктар) кен иштетүү өндүрүшүнүн бүткүл комплексинин калдыктары кирет: кийин пайдалануута болбой турган радиоактивдүү калдыктар:
а) радионуклиддердин болушу ченемдик документтерде белгиленгенден көбүрөөк болгон ар кандай агрегаттык бардык заттар, материалдар, буюмдар, жабдуулар;
б) жер астынан казып алынып, кен калдыктарына, калдык сактоочу жайларга салынуучу кондициясы жок рудалар, рудаларды иргегенден жана эриткенден кийинки радионуклиддердин болушу ченемдик документтерде белгиленген деңгээлден көбүрөөк болгон калдыктар.
Кен иштетүү өндүрүшүнүн уулуу калдыктары - оор металддардын туздары бар калдыктар (кадмий, коргошун, цинк, хром ж.б.), ошондой эле башка уулуу заттар (цианиддер, кислоталар, силикаттар, нитраттар, сульфаттар ж.б.).
II бөлүм. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары
менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу
6-статья. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү коопсуздук:
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы коопсуздукту жөнгө салуучу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында жана документтеринде белгиленген талаптарды аткаруу;
- иштетүүчү жана адистешкен уюмдардын финансылык жана материалдык -техникалык жактан камсыз кылуусу;
- иштетүүчү жана адистешкен уюмдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги менен ишке ашырылат.
Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү коопсуздук төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
- радиоактивдүү жана уулуу калдыктар менен иштөөнүн бардык этаптарында айлана-чөйрөнүн ченемдик документтеринде белгиленген деңгээлдерден жана концентрациялардан ашыкча булгануусун болтурбоо;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын физикалык коргоо;
- калдыктар менен иштөөнүн ченемге салынган тартибин белгилөө;
- тийиштүү уруксаты бар мекемелердин радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акшларына ылайык ташууну ишке ашыруусу;
- иштетүүчү мекемелерде калдыктардын санкциясыз жана көзөмөлсүз топтолушуна жол бербөө;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын адамдар жашаган жерден милдеттүү түрдө бөлүүнү камсыз кылуу;
- калдыктарды калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын пайда болушуна алып келүүчү иштердин бардык түрүнүн сөзсүз болуучу акыркы этабы катары ишенимдүү сактоо жана көмүү;
- иштетүүчү жана адистешкен мекемелерде калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбосо, аларды ишке киргизүүгө тыюу салуу;
- радиоактивдүү жана уулуу заттар болгон калдыктардын ар кандай түрлөрүн табигый жана жасалма көлмөлөргө, жер астындагы суу тилкелерине кошууга, анын ичинде зыяндуу заттардын сакталышы ченемдик документацияларда белгиленген деңгээдден ашып кеткен жайларга, жабдууларга жана материалдарга куюуга тыюу салуу;
- жогорку активдүү радиоактивдүү калдыктарды терең геологиялык формацияларга катуу, оңой менен эрибей турган, жарылуу, күйүү, ядролук жагынан коопсуз түргө келтиргенден кийин гана көмүү;
- орто активдүү жана жогорку активдүү радиоактивдүү калдыктарды суюк түрдө көмүүгө тыюу салуу.
7-статья. Калдыктарды сактоо жана көмүү бул үчүн иштелип чыккан долбоор боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия пайдалануута кабыл алган, ушул максат үчүн атайын жасалган жайларда гана жүргүзүлөт. Калдыктарды сактоодо жана көмүүдө аларды ишенимдүү бөлүү табигый жана жасалма тосмолордун тармагы менен ишке ашырылат. Калдыктар сакталып жана көмүлүп турган бүткүл мезгил бою калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалына мониторинг жүргүзүлүп турат. Калдык сактоочу жайлар менен кен калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагына башка мамлекеттердин радиоактивдүү жана уулуу калдыктарын ташып келүүгө жана көмүүгө тыюу салынат.
8-статья. Калдыктарды сактоого жана көмүүгө бөлүнгөн аймак катуу режимдеги зона болуп эсептелет жана ал жерде кандайдыр бир чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Калдыктарды сактоого жана көмүүгө бөлүнгөн аймак жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына ченемдик документтерде белгиленген талаптарды канааттандырган рекультивация өткөрүлгөндөн кийин гана берилет. Иштетүүчү жана адистешкен мекемелер калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн өздөрүнө > таандык болгон аймактарга киргизүүгө милдеттүү.
III бөлүм. Калдык сактоочу жайларды жана кен
калдыктарын мамлекеттик эсепке алуу
9-статья. Республиканын аймагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө оперативдүү маалымат алуу максатында алар бирдиктүү форма боюнча эсепке алынуута (регистр) тийиш.
10-статья. Регистр инвентаризациялоонун негизинде түзүлөт жана калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын, аларды сактоо жана көмүү ордун жана көлөмүн мүнөздөөчү тутумдаштырылган маалыматты камтуута тийиш.
11-статья. Адистештирилген жана иштетүүчү уюмдар ушул Мыйзамга ылайык калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын өз учурунда жана толук эсепке алууга жоопкерчилик тартат.
IV бөлүм. Калдык сактоочу жайлардын жана кен
калдыктарынын абалына контролдук кылуу
12-статья. Калдык сактоочу жайлар менен кен калдыктарынын абалына экологиялык жана техникалык жактан мамлекеттик контроль атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалын контролдоо тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Иштетүүчү жана адистештирилген уюмдар калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө зоналарында, ташуу маршрутунун жээктеринде, калдыктар сакталган жана көмүлгөн жерлерде ведомстволук контроль жана мониторинг жүргүзөт. Иштетүүчү жана адистештирилген уюмдар иштөөчү персоналдын жана калктын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштердин натыйжаларын талдап, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга белгиленген формада жыл сайын отчет берип турат жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
V бөлүм. Калдык сактоочу жайларды жана кен
калдыктары менен иштөөнү каржылоо
14-статья. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- калдык сактоочу жайлар жана кен каддыктары менен иштөөнүн бюджеттен тышкаркы максаттуу фондуларынын каражаттарынан;
- мамлекеттик жана коммерциялык банктардын кредиттеринен;
- чет өлкөлүк жарандар менен юридикалык жактардан келип түшкөн каражаттардан.
15-статья. Калдыктарды жыйноо жана аларды иштетүүчү уюмдардын объекттеринде көмүү, ошондой эле консервациялоого даярдоо, калдык сактоочу жайлар менен кен калдыктарын консервациялоо жана аларды адистештирилген уюмдарга өткөрүп берүү ушул уюмдар тарабынан каржыланат.
VI бөлүм. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары
менен иштөө жаатындагы юридикалык жактардын, жарандардын жана коомдук бирикмелердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
16-статья. Радиоактивдүү жана уулуу калдыктар менен операцияларды аткаруучу уюмдардын кызматкерлери жана ишке тартылган жумушчулар, ошондой эле калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуучу жана көзөмөлдөөчү уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсация алууга укуктуу.
17-статья. Иштетүүчү жана адистештирилген уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- калдык сактоочу жайлар менен кен калдыктарынын долбоорго ылайык физикалык корголушун камсыз кылууга;
- алардын аймактарында физикалык коргоо режимин сактоого;
- авария болгон учурда алардын мүнөзү жана масштабы тууралу жергиликтүү органдар менен атайын ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабар берүүгө, аварияларды жоюу планына ылайык кечиктирилгис чараларды көрүүгө.
18-статья. Иштетүүчү жана адистештирилген уюмдар иштөөчү персоналдын жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу, айлана - чөйрөнү коргоо, ошондой эле калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү алардын туура эмес аракеттеринен келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушу тууралу же калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү авариялар жөнүндө маалыматты жаап - жашырган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
19-статья. Жарандар жана коомдук бирикмелер калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар менен иштөөгө байланыштуу болгон маселелерди чечүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектерде катышууга укуктуу. Жарандар жана коомдук бирикмелер калдыктарды сактоо жана көмүү үчүн тандалган орун, объекттерди куруу жана пайдаланууга берүү ниеттери тууралу объективдүү жана оперативдүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алууга укуктуу.
20-статья. Калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарына жакын жайгашкан аймактарда жашаган жарандар өлчөмдөрү менен кошулмалардын санитардык ченемдеринде белгиленген негизги чектеринен ашыкча радиациялык нурлануу жана уулуу заттардын таасиринен ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөттүрүп алууга укуктуу.
21-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашашкан чет өлкөлүк жарандар, жарандагы жок адамдар төмөнкүлөргө милдетүү:
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатында мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзгөн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жайгаштырылган жерлерде экологиялык мониторингге көмөктөшүүгө.
22-статья. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптардын аткарылбашына же бузулушуна күнөөлүү болгон жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатында, айлана-чөйрөнү булгоонун, болбосо ушул Мыйзам менен санкцияланбаган башка аракеттердин натыйжасында жарандардын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле башка юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген зыянды уюмдар төлөп беришет. Зыянды төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет. Ченемдик документтердин талаптарын бузуунун кесепетинен айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү жана уулуу заттар менен булганышын буга жол берген уюмдар тазалашат.
VII бөлүм. Корутунду жоболор
23-статья. Уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин ортосундагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы талаш-тартыштар жергиликтүү бийлик органдары жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. Алардын компетенциясына кирбеген талаш-тартыштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же сот чечет. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы мамлекеттер аралык талаш-тартыштар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.
24-статья. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз 'Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
25-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 28 · байланышкандар: 10
Цитата келтиргендер (28)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды…Постановление · 22.12.2023 · № 695
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 29.11.2018 · № 561
- 2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Концепция · 02.12.2025 · № 768
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №465 "«Кара-Балта кен комбинаты» ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана…Постановление · 20.07.2009 · № 465
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 62-б ("Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна заманбап технологияларды колдонуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук…Распоряжение · 06.03.2017 · № 62-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 528-б ("Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Терексай кен тобун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардагы калдыктарды…Распоряжение · 17.11.2017 · № 528-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 136-б " Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылын экологиялык реабилитациялоо максаты жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 12.04.2018 · № 136-б
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 108-б "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда…Распоряжение · 28.04.2021 · № 108-р
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 7-июлундагы N 86-т ("Макмал Голд Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна 1 калдык сактоочу жайды жана кен калдыктарын экинчи жолу кайра…Распоряжение · 07.07.2021 · № 86-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23-августундагы, 2022-жылдын № 448-р "Кыргыз-Корей инвестициялык-өнөр жай компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна кыртыш-көмүр…Распоряжение · 23.08.2022 · № 448-р
- Кыргыз Респупликасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 447-т "Тосой" тышкы экономикалык соода-өндүрүштүк фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна Жалал-Абад…Распоряжение · 23.08.2022 · № 447-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 29 января 2001 года З №247-II "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О хвостохранилищах и горных отвалах"Постановление · 29.01.2001 · № 247
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 31 мая 2001 года З № 369-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "О хвостохранилищах и горных отвалах"Постановление · 31.05.2001 · № 369
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 29 января 2001 года З №247-II "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О хвостохранилищах и горных отвалах"Постановление · 29.01.2001 · № 247
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 213-р («Уран казуучу өндүрүштүн таасирине туш болгон ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык…Распоряжение · 16.12.2010 · № 213-р
- "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 17.04.2009 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз…Постановление · 30.10.2017 · № 713
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 10.06.2020 · № 326
28 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (10)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- Доклад по выполнению Конвнции о правах ребенка в Кыргызской Республике (Постановление Правительства КР от 23 апреля 2002 года №244)Доклад · 23.04.2002 · № 244
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 6-мартындагы № 1003-IV "2009-жылдын 6-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2009 · № 1003-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 3027-VI
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2015 года № 558 "Об утверждении руководящих документов в сфере обращения с радиоактивными веществами и источниками ионизирующего…Постановление · 05.08.2015 · № 558
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 60-б "Кыргыз Республикасынын ядролук жана радиациялык коопсуздугун колдоо боюнча 2021-2024-жылдар мезгилине комплекстүү планын бекитүү…Распоряжение · 15.03.2021 · № 60-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 2024-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2024 · № 2024-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 6-мартындагы № 1011-IV ""Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз…Постановление · 06.03.2009 · № 1011-IV
- Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөЗакон · 14.12.2019 · № 139 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 9 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.