Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 27 июня 2024 года № 106 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О недрах") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О запрещении деятельности, связанной с геологическим изучением недр с целью поиска, разведки и разработкой урановых, ториевых месторождений в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-27.
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 27-июнундагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 14-декабры № 139 Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө Ушул Мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасында уран жана торий кендери чыккан жерлер менен байланышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине жана жер казынасын пайдалануунун түрлөрүнө жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аймактарын рекультивациялоо, калдыктарды сактоо жана көмүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.
2-берене. Уран жана торий кендери чыккан жерлерди геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;
2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);
3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.
3-берене. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 104 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
2019-жылдын 31-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3191-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2019 · № 3191-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы № 3319-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2019 · № 3319-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 3273-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.10.2019 · № 3273-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 июня 2019 года № 3208-VI "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О запрещении деятельности, связанной с…Постановление · 27.06.2019 · № 3208-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 3279-VI "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү…Постановление · 10.10.2019 · № 3279-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 3324-VI "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык…Постановление · 31.10.2019 · № 3324-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 27.06.2024 · № 106
- Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2022 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -…Протокол · 04.09.2023 · № 31-31
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 58
- Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндөЗакон · 26.06.2001 · № 57