Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23-августундагы, 2022-жылдын № 448-р «Кыргыз-Корей инвестициялык-өнөр жай компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна кыртыш-көмүр калдыктарын кайра иштетүү жаатында иш жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 23-августу № 448-р Таш-Көмүр көмүр кенин иштетүү процессинде пайда болгон кыртыштык-көмүр калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана экинчи жолу кайра иштетүү максатында, ферроэритиндини өндүрүүдө колдонуу үчүн "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республккасынын Мыйзамынын 7-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз-Корея инвестициялык-өнөр жай компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна заманбап жеткиликтүү технологияларды колдонуу жана Кыргыз Республикасынын жер казынасын коргоо, өнөр-жай жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын "Түндүк Шахтасы" көмүр аймагында ферроэритиндилерди өндүрүүдө колдонуу максатында кыртыштык-көмүр калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү жаатындагы ишти жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.
2. Бул тескеменин 1-пункту "Кыргыз-Корея инвестициялык-өнөр жай компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому 2023-жылдын июнунун аягына чейинки мөөнөттө лицензия алган жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык макулдашууга кол койгон учурда колдонулат деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндөЗакон · 26.06.2001 · № 57