Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья
Күчүндө · 17.04.2009 редакциясы · II бөлүм
Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү коопсуздук:
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы коопсуздукту жөнгө салуучу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында жана документтеринде белгиленген талаптарды аткаруу;
- иштетүүчү жана адистешкен уюмдардын финансылык жана материалдык -техникалык жактан камсыз кылуусу;
- иштетүүчү жана адистешкен уюмдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги менен ишке ашырылат.
Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү коопсуздук төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
- радиоактивдүү жана уулуу калдыктар менен иштөөнүн бардык этаптарында айлана-чөйрөнүн ченемдик документтеринде белгиленген деңгээлдерден жана концентрациялардан ашыкча булгануусун болтурбоо;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын физикалык коргоо;
- калдыктар менен иштөөнүн ченемге салынган тартибин белгилөө;
- тийиштүү уруксаты бар мекемелердин радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акшларына ылайык ташууну ишке ашыруусу;
- иштетүүчү мекемелерде калдыктардын санкциясыз жана көзөмөлсүз топтолушуна жол бербөө;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын адамдар жашаган жерден милдеттүү түрдө бөлүүнү камсыз кылуу;
- калдыктарды калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын пайда болушуна алып келүүчү иштердин бардык түрүнүн сөзсүз болуучу акыркы этабы катары ишенимдүү сактоо жана көмүү;
- иштетүүчү жана адистешкен мекемелерде калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбосо, аларды ишке киргизүүгө тыюу салуу;
- радиоактивдүү жана уулуу заттар болгон калдыктардын ар кандай түрлөрүн табигый жана жасалма көлмөлөргө, жер астындагы суу тилкелерине кошууга, анын ичинде зыяндуу заттардын сакталышы ченемдик документацияларда белгиленген деңгээдден ашып кеткен жайларга, жабдууларга жана материалдарга куюуга тыюу салуу;
- жогорку активдүү радиоактивдүү калдыктарды терең геологиялык формацияларга катуу, оңой менен эрибей турган, жарылуу, күйүү, ядролук жагынан коопсуз түргө келтиргенден кийин гана көмүү;
- орто активдүү жана жогорку активдүү радиоактивдүү калдыктарды суюк түрдө көмүүгө тыюу салуу.
Берененин тексти 17.04.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/464/st-6" title="6-статья - Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>