Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 373 «Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 12-июлу ПЖ № 373 Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-майындагы ПЖ № 258, 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Банк ишинин жана кредит берүүнүн салт боюнча колдонулган системасы менен катар Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин киргизүү экономикалык укуктук мамилелерди өнүктүрүүнүн шарты, ошондой эле финансылоонун жана кредит берүүнүн атаандаштык системасын түзүү катары каралат. Өз кезегинде мындай киргизүү дин тутууну же атеизмди эске алуу менен экономикалык эркиндикке, Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган каалаган экономикалык иште өз жөндөмүн жана мүлкүн пайдаланууга болгон жарандык укуктарды жүзөгө ашырууну кыйла толук камсыз кылууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясынын негизинде, ошондой эле банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин сынап көрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана финансылоону киргизүү жагынан 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өзара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (мындан ары - Меморандум) ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан номерленген жана Меморандумду аткаруу максатында келип жаткан адамдарга Кыргыз Республикасына кирүү жана болуу үчун виза жана башка уруксат кылуу документтерин өз убагында берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Финансы рыногуна көзөмөлдүк кылуу жана жөнгө салуу кызматы өздөрүнүн компетенциясынын чегинде Меморандум боюнча Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, лицензиялоону ишке ашырган жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун, же ал уюштурган исламдык финансылоо принциптери боюнча юридикалык жактардын ишинде ислам финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын (исламдык банк иши, исламдык камсыздандыруу - такафул, исламдык баалуу кагаздар рыногу - сукук) киргизүүгө көзөмөлдүк кылган орган катары аныкталсын.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана финансылоону колдонууну, ошондой эле Меморандум боюнча Пилоттук долбоор үчүн лицензиялоону жөнгө салган Жобонун долбоорун иштеп чыксын, жана аталган Меморандумдун чегинде түзүлгөн Жетекчи комитеттин кароосуна өткөрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү тартиптерди жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Жетектөөчү комитет менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитсин:
- Меморандум боюнча Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн исламдык финансылоо принциптерине ылайык үч айлык мөөнөттө камсыздандыруу ишин (такафул) жүзөгө ашыруу;
- Меморандум боюнча Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн исламдык финансылоо принциптерине ылайык алты айлык мөөнөттө баалуу кагаздар менен (сукук) иш жүргүзүү.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын катышуусу менен:
- Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүзөгө ашырууну аяктоо жана аталган Меморандумдун чегинде түзүлгөн Жетекчи комитеттин корутундусу алынгандыгы, ушул долбоордун натыйжалары жөнүндө "Экобанк" АКК сунуш кылган отчеттун жыйынтыгы боюнча эки айлык мөөнөттө ссудалык пайызды жокко чыгарган банк ишинин жана финансылоонун альтернативдүү принциптерин жөнгө салууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
- эки айлык мөөнөттө банк ишинин жана финансылоонун ссудалык процентин жокко чыгарган альтернативдүү принциптерин жөнгө салууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-майындагы ПЖ № 258 жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтунун халал-стандарттарды жана аларды продукция чыгарууда, кызмат көрсөтүүдө, анын ичинде тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө колдонууну жөнгө салган документтеринин колдонулушун алып салсын;
- беш айлык мөөнөттө тийиштүү ченемдик укуктук документтерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү жөнгө салгандарды иштеп чыксын жана Жетектөөчү комитет менен макулдашуу боюнча бекитсин:
- продукция чыгарууда жана кызмат көрсөтүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттердин халал-стандарттарды колдонуу тартибин;
- халал-стандарттарды колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттерди алардын билдирилген талаптарга ылайык келүү жагын текшерүүнү жүргүзүү тартибин.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Пилоттук долбоор колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын укуктук мамилелерин жөнгө салууга багытталган көмөкчү мыйзамдык актыларды колдонууга укуктуу экендиги аныкталсын.
Колдонуудагы көмөкчү мыйзам актылары менен исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын укуктук мамилелерин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын ортосунда айырмачылыктар болгон учурда бул укуктук мамилелерге карата Пилоттук долбоордун чегинде кабыл алынган актылар колдонулат. (КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Жетектөөчү комитет тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясы, анын ичинде халал-стандарттар маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынан Меморандумду жүзөгө ашыруунун координатору болуп Меморандумга ылайык түзүлгөн Жетектөөчү комитет аныкталсын.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (14)
- "Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы…Положение · 30.10.2006 · № 32/2
- Кыргыз Республикасында "Экобанк" ачык акционердик коомундагы пилоттук долбоордун алкагында Каржылоонун исламдык принциптери боюнча ишке ашырылуучу салык салуу жана операцияларды…Положение · 16.05.2007 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 15-январындагы № 34 жарлыгынын тиркемеси Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин киргизүү…Положение · 15.01.2009 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №176 "Кыргыз Республикасында "Экобанк" ачык акционердик коомундагы пилоттук долбоордун алкагында Каржылоонун исламдык…Постановление · 16.05.2007 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасында Сынамык долбоордун алкагында исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясын ишке киргизүү боюнча андан…Постановление · 22.04.2014 · № 234
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо…Постановление · 30.10.2006 · № 32/2
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун…Постановление · 27.06.2008 · № 25/5
- Постановление Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2006 года №38/1 "О внесении изменений в постановления Правления НБКР № 32/2 от 30.10.2006 г. "О Положении "О реализации исламских…Постановление · 30.11.2006 · № 38/1
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы ПЖ №258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы «Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам…Указ · 18.05.2007 · № 258
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы №33 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Указ · 15.01.2009 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-декабрынын № 47/3 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз…Постановление · 17.12.2008 · № 47/3
- КР Окмотунун 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 "Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу…Постановление · 12.09.2009 · № 578 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 14 февраля 2007 года №7/4 "Об утверждении Положения "Об обязательных резервах для ОАО "Экобанк" в рамках реализации пилотного проекта по…Постановление · 14.02.2007 · № 7/4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.