Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын тиркемеси Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин киргизүү жагынан Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана «ЭкоБанк» ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча Жетектөөчү комитет тууралуу»жобосу
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 15-январындагы
№ 34 жарлыгынын
тиркемеси
Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун
исламдык принциптерин киргизүү жагынан 2006-жылдын
16-майындагы Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү
банкынын жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун
ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду
жүзөгө ашыруу боюнча Жетектөөчү комитет тууралуу
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кыргыз Республи-
касында финансылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин киргизүүнүн
Пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгы менен ратификацияланган "Кыргыз Рес-
публикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин кир-
гизүү жагынан Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана
"ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү
жөнүндө" Меморандумга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын
22-апрелиндеги № 146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат
көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жар-
лыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361
"Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустрия-
сын ишке киргизүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка
ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасында исламдык фи-
нансылык кызмат көрсөтүү индустриясын натыйжалуу ишке киргизүү макса-
тында иштелип чыкты.
Исламдык банк ишин жана финансылоону киргизүү боюнча жетектөөчү
комитет (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасында банк ишинин жана
финансылоонун исламдык принциптерин киргизүү жагынан Кыргыз Республика-
сынын, Ислам өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ИӨБ) жана "ЭкоБанк" ачык
акционердик коомунун (мындан ары - пилоттук долбоордун аткаруу агентти-
ги) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду натыйжалуу жана
толук жүзөгө ашыруу, аны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан
пландаштырылган иш-чараларды координациялоо жана аткарылышын контролдоо
максатында түзүлгөн жумушчу коллегиалдык орган болуп саналат.
Комитет өз ишинде колдонуудагы Меморандумду, ушул Жобону жана Кыр-
гыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2. Комитеттин максаттары, милдеттери жана функциялары
Комитеттин ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында исламдык
финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүгө, ошондой эле
ИӨБгө жана Ислам Конференциясы Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн финансылык
институттары менен инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсө-
түү саналат.
Комитеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- аткаруу агенттигинин мисалында Пилоттук долбоордун алкагында
иш-аракеттердин этаптык планын, ошондой эле Кыргыз Республикасында ис-
ламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү боюнча су-
нуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу, бекитүү жана Кыргыз Рес-
публикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине
киргизүү;
- Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-
дустриясын өз убагында жана сапаттуу ишке киргизүүнү контролдоону уюш-
туруу;
- Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-
дустриясын жана ИӨБгө мүчө өлкөлөрдүн финансылык институттары менен ин-
вестициялык өз ара мамилелерди ишке киргизүү боюнча иш-чараларга катыш-
кан аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын ишин координациялоо жана контролдоо.
Комитетке төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасында исламдык финансы-
лык кызмат көрсөтүү индустриясын натыйжалуу жана сарамжалдуу ишке кир-
гизүүнү камсыз кылуу үчүн жолдорду жана каражаттарды тандоо;
- Меморандумдун максатына жетүү - банк ишинин жана финансылоонун
исламдык принциптерин киргизүүгө жана Кыргыз Республикасында исламдык
финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн индустриясын курууга жетишүү үчүн за-
рыл болгон иш-чараларды аныктоо;
- иш-чаралардын түрлөрүн, алардын башталган жана аяктоо даталарын
жана иш аяктаганда берилүүчү материалдарды кароочу Кыргыз Республика-
сында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча
иш-аракеттердин этаптык планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-
дустриясы боюнча иш-чаралардын планын аткаруучулардын аткарышынын жүрү-
шүнө контролдоо жүргүзүү жана ушул планды аткаруунун жүрүшүнө карата
чечимдерди оперативдүү кабыл алуу;
- Меморандумду аткаруунун жүрүшүнө баяндаманы аткаруу жана Мемо-
рандумдун максаттарына жетүү боюнча иштердин аткарылышы жөнүндө тарап-
тарга отчет берүү;
- Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасына гранттар
бөлүнгөн учурда - грант алуучулар менен аларды төлөө үчүн эсептерин жа-
на аларды өздөштүрүү боюнча чыгымдардын статьяларын макулдашуу;
- зарыл маалыматтарды алмашуу үчүн байланыштар кызматы;
- консультанттарды, эксперттерди, анын ичинде эл аралык уюмдардан
тартуу;
- Меморандумдун ар бир этабын ишке ашыруу боюнча толук иштелген
макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Меморандумдун тараптары-
нын кароосуна берүү;
- алар берген маалыматтардын негизинде аткаруу агенттигинин ишинин
күчтүү жана алсыз жактарына талдоо жүргүзүү жана баалоо үчүн эксперт-
терди тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү
жана аларды иштеп чыгуу артыкчылыктарын аныктоо жана Кыргыз Республика-
сында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү
үчүн кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-
дустриясын ишке ашыруу максаттары үчүн аткаруу агенттигинин мисалында
Пилоттук долбоордун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын, тү-
шүндүрмөлөрдүн долбоорлорун Меморандумдун тараптарынын кызыкдар болгон
өкүлдөрүн тартуу менен иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү
органдарына бекитүүгө берүү;
- салттуу банк иштери жана каржылоо менен катар эле Кыргыз Респуб-
ликасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке кирги-
зүү үчүн бирдей финансылык жана укуктук чөйрө түзүү максатында кызыкдар
болгон мамлекеттик органдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн
жана эксперттердин (жергиликтүү да, чет өлкөлүк да) катышуусу менен жу-
мушчу топторду исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын эле-
менттеринин ар бири боюнча түзүү;
- Меморандумдун этаптарында жана Кыргыз Республикасында исламдык
финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү максатында кабыл
алынуучу пландарда каралган милдеттердин аткарылышына баалоо жүргүзүү
жана Меморандумдун тараптарына аларды аткаруунун натыйжалары жөнүндө
отчет берүү;
- Бишкек шаарын регион үчүн исламдык финансылык кызмат көрсөтүү
борборуна айландыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- Меморандумдун алкагында аткарылуучу иштердин ар кандай түрү бо-
юнча болжолдонуучу сарптоолорго баяндоолорду жана баалоолорду аткаруу
жана Меморандумдун тараптарына берүү;
- Пилоттук долбоор боюнча чыгымдарда тиешелүү үлүштөрдү төлөө жол-
жобосу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Меморандумдун тарап-
тарына берүү;
- Пилоттук долбоорду ишке ашырууга таасир этиши же тараптардын
милдеттерин аткарууларына кысым көрсөтүшү мүмкүн болгон саясаттагы ар
кандай өзгөрүүлөр жөнүндө Меморандумдун тараптарына маалымдоо;
- Меморандумдун жоболоруна өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун дол-
боорлорун иштеп чыгуу жана тараптарынын кароосуна киргизүү.
3. Комитеттин укуктары
Комитет өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комитеттин иши үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан белги-
ленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-
дустриясын ишке киргизүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана
ИӨБ менен ИКУга мүчө өлкөлөрдүн башка финансылык институттары менен өз
ара мамилелери боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын
жетекчилеринин, жумушчу топтордун жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн от-
четторун жана докладдарын өз жыйналыштарында угууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасын-
да исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү боюн-
ча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке
тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарга сунуш киргизүүнү кошкондо ушул
долбоорду ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча тиешелүү чара-
ларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасын-
да исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү боюн-
ча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке
тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарга сунуш киргизүүнү кошкондо кый-
ла натыйжалуу ишке киргизүү үчүн сунуштарды андан ары даярдоо менен ат-
каруу агенттигинин ишинин мисалында Кыргыз Республикасында исламдык фи-
нансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүнүн жана анын ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетинин жүрүшүнө талдоо
жүргүзүүгө;
- Пилоттук долбоордун режиминде исламдык финансылык кызмат көрсө-
түү индустриясынын ар бир элементин ишке киргизүүнүн натыйжаларын баа-
лоонун негизинде Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көр-
сөтүү индустриясын ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына зарыл өзгөртүүлөрдүн керектигин аларды даярдоонун артыкчылы-
гын аныктоого;
- Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-
дустриясын ишке киргизүү үчүн бирдей финансылык жана укуктук чөйрө тү-
зүүгө катышуучу жумушчу топтордун мүчөлөрүн гранттык каражаттардын эсе-
бинен сыйлоого.
4. Комитеттин курамы
Комитет үч мүчөдөн турат. Ар бир мүчө Меморандумдун ар бир тарабы
менен номинацияланат.
Комитеттин ар бир мүчөсүн дайындоо жөнүндө чечим Меморандумдун ар
бир тарабынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынан Комитет мүчөлөрүнүн жекече курамын дайындоо
жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат,
андан ары бул курам Жетектөөчү комитеттин сунушу боюнча өзгөртүлүшү
мүмкүн.
Комитет Меморандумдун тараптарынын өз ара макулдугу боюнча өзүнүн
сандык курамын өзгөртүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасы тараптан Комитеттин курамына милдеттүү түрдө
бир мүчө кирет, ага Кыргыз Республикасынын субъекттери менен өз ара
аракеттенүү маселелери жүктөлөт жана дагы бир мүчө кирип, ага ИӨБ жана
ИКУга мүчө өлкөлөр менен болгон мамилелердин маселелери жүктөлөт.
5. Комитеттин иштөө тартиби
Комитет эгерде ага Комитеттин бардык мүчөлөрү катышса чечим кабыл
алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынан жана "ЭкоБанк" ААКынан Комитеттин ар бир
мүчөсү бир добушка ээ. Ислам өнүктүрүү банкынан Комитеттин мүчөсү төрт
добушка ээ.
Комитеттин чечими кворум болгон шартта Комитеттин мүчөлөрү тарабы-
нан бир добуштан кабыл алынат.
Комитеттин чечими жыйналыштарды өткөрүүнүн жүрүшүндө да, ошондой
эле сурамжылоо жолу менен да кабыл алынышы мүмкүн.
Комитетти Комитеттин төрагасы жетектейт. Комитеттин төрагасы Коми-
теттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен шайланат.
Комитеттин төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана багыттайт, жый-
налыштарда каралууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мү-
чөлөрүнө көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды берет.
Комитеттин мүчөлөрү Комитеттин бардык документтерин жана материал-
дарын түзүүгө, изилдөөгө жана талкуулоого катышат, ушул тапшырмалардан
жана Комитеттин иш планынан келип чыгуучу көрсөтмөлөрдү жана тапшырма-
ларды аткарышат.
Комитеттин жыйналышы зарылчылыкка жараша, бирок үч айда бир жолу-
дан кем эмес жолу өткөрүлөт.
Комитеттин төрагасы тарабынан Комитеттин катчысы дайындалат, ал
Комитеттин мүчөсү болбошу да мүмкүн жана Комитеттин кароосуна коюлуучу
материалдарды даярдоону, жыйналыштарга протокол жазууну, Комитеттин иши
жөнүндө отчет даярдоону жүзөгө ашырат.
Катчы тарабынан даярдалган материалдар Комитеттин ар бир мүчөсүнө
алдын ала таанышуу үчүн тиешелүү жыйналышка чейин эки жумушчу күндөн
кечиктирбей берилет, ал эми сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алынганда
материалдар Комитеттин мүчөлөрүнө чечимдерди жыйноо датасына чейин жети
күн мурда Комитет мүчөлөрү менен макулдашылган байланыш каражаты аркы-
луу жиберилет.
Комитеттин бардык чечимдери Комитеттин жыйналышынын протоколу ме-
нен таризделет, аларга Комитеттин төрагасы, катчысы кол коет жана тие-
шелүү жыйналышка катышкан бардык Комитет мүчөлөрү тарабынан визаланат.
Жогоруда аталган адамдардын бирөөнүн эле колу жок болуп калган учурда
өзгөчө пикири же түшүндүрмөсү (жазуу жүзүндө) берилүүгө тийиш.
Комитет кварталына бир жолу аткарган иштери жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министрине, ал эми зарыл учурда Кыргыз Республикасы-
нын Президентине отчет берет.
Комитеттин катчылыгынын ишин каржылоо гранттык негизде жүргүзүлүшү
мүмкүн.
Комитеттин өздүк фирмалык бланкы болот.
6. Корутунду жоболор
Комитет мүчөлөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун жүрү-
шүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Ишинин ачык-айкындуулугу максатында Комитет дайыма жалпыга маалым-
доо каражаттарына аткарган иштерин жана Кыргыз Республикасында исламдык
финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүнүн жүрүшүн чагыл-
дырып турат.
Комитет Меморандум максатына жеткенде же болбосо Меморандумдун та-
раптарынын чечимдери боюнча жоюлушу мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2006 · № 373
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы №34 "Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин киргизүү жагынан 2006-жылдын…Указ · 15.01.2009 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги №146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар…Указ · 22.04.2008 · № 146 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө" 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуПостановление · 02.07.2008 · № 361 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон