Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында «Экобанк» ачык акционердик коомундагы пилоттук долбоордун алкагында Каржылоонун исламдык принциптери боюнча ишке ашырылуучу салык салуу жана операцияларды эсепке алуу жана салыктык эмес төлөмдөрүнүн тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 16-майындагы № 176
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында "Экобанк" ачык акционердик
коомундагы пилоттук долбоордун алкагында
Каржылоонун исламдык принциптери боюнча
ишке ашырылуучу салык салуу жана
операцияларды эсепке алуу жана
салыктык эмес төлөмдөрүнүн
тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
III. Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык салык салуунун жана
операциялардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
IV. Салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы №
373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун исламдык принциптерин кир-
гизүүнүн пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгына жана 2006-жылдын 16-ма-
йындагы Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана финансылоону
киргизүү жагынан Кыргыз Республикасынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын
жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өзара түшүнүшүү
жөнүндө Меморандумга (мындан ары -Меморандум) жана Кыргыз Республикасы-
нын башка укуктук нормативдик актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.1. Бул Жобо Меморандумдун шарттарына ылайык пилоттук долбоордун
алкагында каржылоонун исламдык принциптерине ылайык "Экобанк" ачык ак-
ционердик коомунун (мындан ары - Банк) филиалы/бөлүмү жана Банктын
контрагенттери тарабынан иш-аракеттин айрым түрлөрүн жүргүзүүдө салык
салуу тартибин жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнү белгилейт.
II. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр
2. "Мудараба" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө кели-
шим, ага ылайык биринчи тарап - инвестор активдерди (акча каражатын)
берет, ал эми экинчи тарап - ишкер аларды алат жана аны киреше алуу жа-
на аны келишимге ылайык тараптар ортосунда бөлүштүрүү максатында өздүк
эмгек ресурстарын колдонуу менен пайдаланат.
2.1. "Шарика" - эки же андан ашык тараптын ортосундагы өнөктөштүк
жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөк белгилүү активдерди салат, бул
ар бир өнөккө келишимге ылайык кирешени бөлүштүрүү шартында ушул актив-
дерди пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми зыянды ар бир
өнөк компаниянын жалпы капиталына өзүнүн кошкон салымына ылайык тартат.
2.2. "Мушарака" - "Шарика" келишиминин негизинде өнөктөштүктүн
формасы, мында өнөктөрдүн бири үлүшкө менчик укугу ага толук өткөнгө
чейин башка өнөктүн үлүшүн акырындык менен сатып алууга убада берет.
2.3. "Мурабаха" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө ке-
лишим, ага ылайык кардардын өтүнүчү боюнча Банк сатып алган актив ошол
кардарга жеткирилет. Мында Банк тарабынан активди жеткирүү баасын та-
раптар жагынан сатып алуу баасынын суммасы жана тараптар макулдашкан
келишимге кошумча баа катары аныкташат.
2.4. "Иджара" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө кели-
шим, ага ылайык ижарага берүүчү (Банк) сатып алган жабдуулар же башка
мүлк ижарага алуучуга убактылуу пайдаланууга жана акы төлөө негизинде
макулдашылган мөөнөткө пайдаланууга мүлктүк жалдоого (ижарага) берилет.
2.5. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" - эки тараптын ортосундагы
өнөктөштүк жөнүндө келишим, "Иджара" келишимин ичине камтыйт, ага ыла-
йык кардар мурда ижарага (убактылуу ээлик кылууга же пайдаланууга) ал-
ган мүлктү сатып алуу же "Иджара" келишиминин колдонулуу мөөнөтү
бүткөндөн кийин же келишим колдонулган мезгилдин ичинде этабы менен
мүлктү сатып алууга укуктуу болот.
2.6. "Истиснаа" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө ке-
лишим, ага ылайык Банктын кардарынын арызы боюнча өндүрүүчү же курулуш
подрядчы менен өзүнүн атынан жасоого же курууга келишим түзөт. Иш аяк-
тагандан кийин Банк мүлктү кардар - заказчыга сатат.
2.7. "Салам" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө кели-
шим, ага ылайык Банктын кардарынын арызы боюнча келишим түзгөн учурда
активдин наркын төлөп берүү шартында мөөнөтү жылдырылган жеткирүүнүн
негизинде активди сатып алат.
2.8. "Параллель Салам" - өнөктөштүк жөнүндө келишим, ага ылайык
Банк активдерди жеткирүү жөнүндө үчүнчү жак менен келишим түзөт, алар-
дын өзгөчөлүгү жеткирүүчү менен биринчи "Салам" келишиминде аныкталган
өзгөчөлүккө ылайык келет, мында экинчи "Салам" келишимин аткаруу бирин-
чи "Салам" келишимин аткарууга көз каранды болбойт.
2.9. "Активдер" - акча каражаттар (капитал), мүлк (имараттар, ку-
рулмалар, жабдуулар ж.б.), товарлар жана башкалар.
2.10. "Финансылык кызмат көрсөтүүлөр"
- ссудаларды берүү жана которуу, заемдорду, кредиттерди, кредиттик
кепилдиктерди берүү жана өткөрүп берүү боюнча операциялар, ошондой эле
кредиторлор тарабынан заемдорду, кредиттерди же кредиттик кепилдиктерди
башкарууну кошуп алганда акчалай кепилдиктерин берүү;
- депозиттер жана учурдагы эсептер, ошондой эле башка эсептер,
төлөмдөр, котормолор, карыздык милдеттенмелер, чектер жана коммерциялык
жүгүртүлүүчү төлөмдүк каражаттар менен операция жүргүзүү, инкассо жана
факторинг боюнча операциялар;
- алтын монета жана коллекциялык нускалардан тышкары мыйзамдуу
төлөм каражаттары болуп эсептелген валюта, банкноттор жана акча кара-
жаттар менен операциялар;
- акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар, ошондой эле
баалуу кагаздарды сактоону камсыз кылуу боюнча кызматтарды кошпогондо
акциздик маркалар менен операциялар;
- инвестициялык фонддорду башкаруу;
- каржылоонун исламдык принциптери боюнча ишке ашырылуучу операци-
ялар.
Каржылоонун исламдык принциптери боюнча жүргүзүлүүчү финансылык
кызмат көрсөтүүлөр деп ушул Жобонун II, III главаларында көрсөтүлгөн
келишимдер боюнча жүргүзүлгөн операциялар түшүнүлөт.
2.11. "Негизги каражаттар" - экономикалык ишмердикте пайдалануу
үчүн пайдаланган же арналган актив, ал түзгөн пайдалануунун же эксплуа-
тациялоонун мөөнөтү бир жылдан ашык, наркы 10000 сомдон ашык, ал эми
импорттоодо бажылык наркы 100000 сомдон кем эмес товарларга, иштерге
жана кызматтарга өзүнүн наркын бара-бара которот.
III. Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык салык
салуунун жана операциялардын бухгалтердик эсебин
жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
3. "Мудараба" келишими төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- "Чектелген "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор
ишкер тарабынан инвестициялоо үчүн активдердин түрлөрүнүн тизмесин бел-
гилейт;
- "Чектелбеген "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча ишкер
өзүнүн билимине, тажрыйбасына ылайык, келишимдин алкагында жана кели-
шимдин предметине ылайык эч кандай чектөөсүз инвестициялоо үчүн объект-
терди өз алдынча аныктайт;
- "Ачык "Мудараба" - келишим, анын шарттарына ылайык инвестор би-
ринчи талап боюнча ишкерден ага берилген активдерди мөөнөтүнөн мурда
алууга укуктуу. Мындай учурда инвестор кирешенин бир бөлүгүн талап кыла
албайт;
- "Жабык "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор кели-
шимде аныкталган мөөнөтү келгенден кийин гана ишкерге берилген актив-
дерди талап кылууга укуктуу. Мындай учурда инвестор келишимде аныктал-
ган кирешенин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
- "Атайын "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор
(Банк) ишкер тарабынан ага берилген активдерди пайдалануу режимин башка
инвесторлор берген каражаттан өзүнчө белгилейт, аларды бириктирүүгө
укук бербейт. Мындай учурда инвестор өзү берген акча каражатын жана иш-
кердин эмгек ресурстарын пайдалануу менен гана алынган кирешенин бир
бөлүгүн алууга укуктуу.
- "Жалпы "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор ишкер
тарабынан ага берилген активдерди пайдалануунун режимин белгилейт, иш-
кер аларды башка инвесторлор берген активдин жалпы көлөмүнө киргизүүгө
укуктуу. Мындай учурда инвестор берилген бардык активдин жана ишкердин
эмгек ресурстарын пайдалануу менен алынган кирешенин бир бөлүгүнө укук-
туу.
3.1. "Мудараба" келишими боюнча тараптардын ар биринин кирешеси
инвестор берген активди пайдалануунун натыйжасында ишкер алган киреше-
нин проценттик катышы менен аныкталат.
Тараптар ортосунда кирешени бөлүштүрүү тартиби келишимде алдын-ала
аныкталууга тийиш.
3.1.1. Эгерде келишимди аткаруу натыйжасында ишкер зыян тартып
калса, инвестор берилген активдин өлчөмүндө зыян тартат. Зыянды
бөлүштүрүүнүн бул эрежеси зыян ишкердин күнөөсү менен болбогон учурда
колдонулат. Ишкердин күнөөсүнүн даражасы Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык сот органдары тарабынан аныкталат.
3.1.2. Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө зыян ишкердин туура
эмес аракетинин аракетсиздигинин натыйжасында келип чыкса, мындай зыян
ишкердин эсебинен жабылууга тийиш. Мында инвестор ишкерден ага келишим
боюнча мурда берилген камсыз кылуу эсебинен алынган активдин наркын, ал
эми ал жетишсиз болсо, анда ишкердин башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп
алууга укуктуу.
3.1.3. "Мудараба" келишими боюнча киреше "Мудараба" келишиминин
колдонулушу бүтүп жана долбоордон акыркы натыйжа алынгандан кийин эсеп-
ке алынат же аралыктагы натыйжа түрүндө Банк тарабынан алынышы мүмкүн,
ал ишеничтүү түрдө бааланышы мүмкүн жана келишимдин шарттары боюнча
Банк тарабынан алынышы мүмкүн.
3.1.4. Зыян Банктын активдеринде эске алынуучу инвестициялардын
азайтылган суммасы катары таанылат жана келишимди камсыз кылуу үчүн ка-
был алынган заемдук мүлктү банк тарабынан сатылуудан "Мудараба" келиши-
ми боюнча карызды жоюга түшкөн суммаларды эске алуу менен Банк түзгөн
резервдин эсебинен эсептен чыгарылат.
3.1.5. "Мудараба" келишими боюнча операциялар финансы кызматтарына
тењештирилет.
3.1.6. Банк "Мудараба" келишими боюнча алган кирешелер Банктын
жалпы жылдык кирешесине кошулууга тийиш.
3.1.7. Банк "Мудараба" келишими боюнча алган чыгаша Банктын жалпы
жылдык кирешесинен чыгарылууга тийиш.
3.1.8. "Мудараба" келишими боюнча Банк жеке адамдарга төлөп
берүүчү киреше банктагы салымдар боюнча процентке карата тењештирилет
жана төлөм булагынан, ошондой эле киреше салыгы алынбайт.
3.1.9. "Мудараба" келишими боюнча юридикалык жактарга Банк төлөп
берүүчү киреше банктагы салымдар боюнча процентке карата тењештирилет
жана төлөм булактарынан салык алынат.
3.1.10. "Мудараба" келишими боюнча жайгаштырылган активдер кара-
жаттын кайтарылбай калуу тобокелин (кредиттик тобокел) тартат. Актив-
дердин ошол түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабуу-
га резерв түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготууну жабуу-
га багытталган Банк чыгымдары жалпы жылдык кирешеден чыгарылууга тийиш.
3.1.11. Ишкердин-юридикалык жактын бухгалтердик эсебинде "Мудара-
ба" келишими боюнча Банкка тийиштүү кирешесинин суммасы мезгилдин чы-
гымдары деп таанылат.
3.2. "Шарика" келишими негизги эки категория боюнча классификация-
ланат:
1) юридикалык жак түзбөстөн катышуучуларды бириктирүү;
2) юридикалык жак түзүү менен катышуучуларды бириктирүү, анын
ичинде:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн өнөктөштүк
шериктештиктер жана (же) юридикалык жактар.
3.2.1. "Шарика" келишими ар бир өнөктүн взносуна жараша алынган
пайданын үлүшү түрүндө пайданы бөлүштүрүү тартибин карайт, пайда турук-
туу акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес.
3.2.2. "Шарика" жана "Мушарак" келишиминин алкагында инвестициялар
боюнча алынган Банктын пайдасы дивиденд түрүндөгү финансылык жыйынтык-
тар боюнча таанылат, алардан салык алууга болбойт (юридикалык жактар
пайдага салык төлөйт, андан кийин катышуучуларга дивиденддерди төлөп
берет), бул жерде жөнөкөй шериктештик эске алынган жок - мында ар бир
шерик өзүнүн киреше үлүшүнөн пайдага салыгын төлөйт.
3.2.3. "Шарика" жана "Мушарака" келишими боюнча операциялар финан-
сылык кызматтарга тењештерилет.
3.2.4. "Шарика" жана "Мушарака" келишимдери боюнча жайгашкан ак-
тивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнө
алат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыян-
дарды жабууга резервди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жого-
тууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеден
чыгарылып салынат.
3.2.5. "Шарика" келишимин түзүүдө юридикалык жактарды түзүү менен
катышуучуларды бириктирүү юридикалык жактын кайра түзүлүшүнө бухгалтер-
дик эсепти МСФОго ылайык жүргүзөт.
Өнөгү өзүнүн жеке финансылык отчеттуулугунда "Консолидацияланган
жана өзүнчө финансылык отчеттуулук" МСФО 27ге, "Ассоциацияланган уюм-
дарга инвестициялар" МСФО 28ге, "Финансылык каражаттар - таануу жана
баалоо" МСФО 39га ылайык кошкон капиталынын үлүшүнө жараша жањыдан ую-
шулган ишканада үлүшүнүн эсебин жүргүзөт.
"Шарика" келишимин түзүүдө юридикалык жак түзбөстөн катышуучуларды
бириктирүүдө өнөк "Биргелешкен иш-аракетке катышуу" МСФО 31дин талапта-
рына ылайык жумшалган каражаттардын эсебин жүргүзөт.
МСФО 31дин талабына ылайык биргелешкен ишмердик ар түрдүү форма-
ларда жүргүзүлөт. Биргелешкен иш-аракеттин айрым түрлөрү ишкердин ак-
тивдерин жана башка ресурстарды пайдаланууну билдирет. Ишкерлерден
өзүнчө корпорацияны, шериктештикти же башка уюмду, же финансылык
түзүмдү түзбөстөн, биргелешкен ишкердиктин айрым түрлөрү ишкердин ак-
тивдерин жана башка ресурстарын пайдаланууну карайт. Ар бир ишкер
өзүнүн негизги менчик каражаттарын пайдаланат жана өзүнүн менчик запас-
тарын түзөт. Ал ошондой эле өзүнүн жеке чыгымдарын жана милдеттенмеле-
рин тартат жана өзүнүн жеке финансысына ээ болот, ал өзүнүн милдеттен-
месин билдирет. Биргелешкен ишаракеттер ишкердин жалданма кызматкерлери
тарабынан анын өзүнүн ошондой эле ишкердиги менен катар жүргүзүлүшү
мүмкүн.
Биргелешкен ишмердикти уюштуруу жөнүндө макулдашуу адатта каражат-
тардын болушун карайт, анын жардамы менен биргелешкен продуктту сатуу-
дан түшкөн каражат жана тарткан ар кандай чыгымдар ишкерлер ортосунда
бөлүштүрүлөт.
Биргелешкен ишмердиктин өзү үчүн айрым эсептик жазуулар талап кы-
лынбашы мүмкүн, ошондой эле финансылык отчеттуулук түзүлбөйт. Бирок иш-
керлер биргелешкен ишмердиктин жыйынтыгына баа берүү үчүн башкаруу
эсептерин түзө алышат.
Өнөк өзүнүн катышуу үлүшүнө карата өзүнүн эсептерин киргизет жана
өзүнүн финансылык отчетторун тааныйт:
- инвестиция катары эмес, активдердин мүнөзүнө ылайык классифика-
циялатуучу бирге контролдонуучу активдердин өзүнчө үлүшү. Мисалы, бирге
контролго алынган нефтепроводдогу үлүш негизги каражат катары классифи-
кацияланат;
- ал кабыл алган, мисалы өзүнүн активдеринин үлүшүн каржылоого ка-
рата ар кандай милдеттенмелер;
- биргелешкен ишкерликке карата башка ишкерлер менен катар кабыл
алынган ар кандай жагдайлардагы өз үлүшү;
- биргелешкен иш-аракетке байланыштуу тарткан ар кандай чыгымдар-
дагы өзүнүн үлүшү менен бирге биргелешкен иш-аракеттердин жыйынтыгында
өндүрүлгөн продукциядагы өз үлүшүн сатуудан же пайдалануудан алынган ар
кандай киреше;
- ал биргелешкен иш-аракетке катышуудан өз үлүшүнө карата, мисалы
ишкердин активдердеги үлүшүн каржылоого жана өзү чыгарган продукциядагы
үлүшүн сатуудагы өзүнүн үлүшүнө карата тарткан ар кандай чыгымдар.
3.3. Банк коммерциялык операцияны каржылайт - өзүнүн атынан жана
өз эсебинен кардардын заказы боюнча активди кийин аны кардарга сатуу
менен сатып алат. Мында Банк финансы операциясынын бүткүл тобокелин
өзүнө алат.
3.3.1. "Мурабаха" келишими боюнча кардарга актив сатууда Банк ак-
тивдин ээси катары чыгат.
3.3.2. "Мурабаха" келишими боюнча активдин баасын төлөп берүү кыс-
ка мөөнөттүү же узак мөөнөттү негизде туруктуу взностор менен
жүргүзүлүшү мүмкүн. Келишим түзүлгөндөн кийин Банк мөөнөтү өткөн же
төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча акы талап кыла албайт.
3.3.3. Банк белгилүү сатуучу менен активди сатып өткөрүүгө келишим
түзөт, мында келишимде "Мурабаха" келишими боюнча кардарга кийинки жет-
кирүү үчүн Банк активди сатып алууну каржылай ала тургандыгы
көрсөтүлөт.
3.3.4. "Мурабаха" келишими боюнча Банк тарабынан актив берүү фи-
нансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган жеткирүү болуп
саналат.
3.3.5. "Мурабаха" келишими боюнча жайгашкан активдер каражаттарды
кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнө алат. Бул активдердин
түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабууга резервдер-
ди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жоготууларын жабууга ба-
гытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеден чыгарылууга тийиш.
3.3.6. "Мурабаха" келишими боюнча Банк тарабынан негизги каражат-
тарды импорттого жана аларды кардарга кийинки жеткирүүгө КНС алынбайт.
3.3.7. Банк "Мурабаха" келишимин аткарууда:
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салык
төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт;
- Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынан
автомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-
да болбойт;
- ӨКЖФга чегерүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банк
тарабынан алынат.
3.3.8. Айрым активдерди сатып алууда Банк менчик укугун каттоо за-
рыл болгондуктан мамлекеттик алымдар жана салыктык эмес башка төлөмдөр
каттоо жүргүзүлгөндүгү үчүн түпкү сатып алуучу - кардарга менчик укугун
кайра каттоодо бир жолу алынат.
3.4. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими боюнча операциялар фи-
нансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган жеткирүү болуп
саналат.
3.4.1. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими боюнча Банк тарабынан
негизги каражаттарды импорттого жана аларды кардарга кийинки жеткирүүгө
КНС алынбайт.
3.4.2. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими боюнча жайгашкан ак-
тивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнө
алат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу -жоготууларды жана зыян-
дарды жабууга резервдерди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жо-
готууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеден
чыгарылууга тийиш.
3.4.3. Банк "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишимин аткарууда:
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салык
төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт;
- Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынан
автомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-
да болбойт;
- ӨКЖФга чегерүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банк
тарабынан алынат.
3.4.4. Бухгалтердик эсепте "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими-
нин бүтүмдөрүн чагылдырууда "Ижара" МСФО 17нин талаптары колдонулат.
3.5. Заказчынын талабына ылайык өзгөчө мүнөздөмөсү бар активди чы-
гаруу "Истиснаа" келишиминин предмети болуп саналат жана өндүрүүчү
шартталган өзгөчөлүк боюнча макулдук берет.
3.5.1. "Параллель Истиснаа" келишими боюнча бүтүмдөр өзүнчө эки
келишимдин жардамы менен колдонулат. Биринчи келишимде Банк жеткирүүчү
катары чыгып, заказчы менен келишим түзөт. Экинчи келишимде Банк сатып
алуучу катары чыгат жана биринчи келишимдин чегинде өзү түзгөн конт-
ракттык милдеттенмелерди аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы же
жеткирүүчү менен келишим түзөт. Мындай бүтүмдөрдү аткаруунун процессин-
де Банк эки келишим ортосундагы баалардын айырмасынын эсебинен пайда
көрөт. Келишимдердин биринчиси дароо түзүлөт (анткени Банк даярдоочу,
курулуш подрядчысы же жеткирүүчү менен түзгөн "Истиснаа" келишими), ал
эми экинчи келишим (б.а. заказчы менен келишим) кийинчерээк түзүлөт.
- Өндүрүүчү, курулуш-подрядчысы - ишкерлик кылган юридикалык же
жеке жак.
- Кардар - юридикалык же жеке жак, ал белгилүү спецификация боюнча
келишим предметинин даярдалышын заказ кылат.
3.5.2. "Истиснаа" жана "Параллель Истиснаа" келишимдери боюнча
операциялар финансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган
жеткирүү болуп саналат.
3.5.3. "Истиснаа" жана "Параллель Истиснаа" боюнча жайгашкан ак-
тивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнө
алат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыян-
дарды жабууга резервдерди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жо-
готууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеден
чыгарылууга тийиш.
3.5.4. Банк "Истиснаа" жана "Параллель Истиснаа" келишимдерин ат-
карууда:
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салык
төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт;
- Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынан
автомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-
да болбойт;
- ӨКЖФга чегерүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банк
тарабынан алынат.
3.5.5. Айрым активдерди сатып алууда банк менчик укугун, мамлекет-
тик алымдарды жана каттоо үчүн кармалган башка салыктык эмес төлөмдөрдү
каттатуусу зарыл болгондуктан, түпкү сатып алуучу-кардарга менчик уку-
гун толтурууда бир жолу кайра каттоо акысы алынат.
3.6. "Салам" жана "Параллель салам" келишимдердин чегинде Банк ак-
тивдин сатып алуусун жана анын кардардын арызы боюнча кийинки жет-
кирүүсүн жүргүзөт жана сатып алуучу, ошондой эле сатуучу катары чыгышы
мүмкүн.
3.6.1. "Салам" келишиминин чегиндеги баа ал түзүлгөн учурда дароо
төлөнөт. Айрым бир учурларда акы төлөө 3 күнгө чейин узартылышы мүмкүн,
бирок ал тыныгуу мөөнөтү "Салам" келишиминин мөөнөтүнө барабар же андан
ашпаган же анын аткарылышын токтоткон шартында "Салам" келишиминин ат-
карылышына таасирин тийгизбөөгө тийиш.
3.6.2. "Салам" жана "Параллель салам" келишимдери боюнча операция-
лар финансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган жеткирүү
болуп саналат.
3.6.3. "Салам" жана "Параллель салам" келишимдери боюнча жайгашкан
активдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнө
алат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыян-
дарды жабууга резервдерди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жо-
готууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеден
чыгарылууга тийиш.
3.6.4. Банк "Салам" жана "Параллель салам" келишимдерин аткарууда:
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салык
төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт;
- Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынан
автомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-
да болбойт;
- ӨКЖФга чөгөрүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банк
тарабынан алынат.
3.6.5. Банк айрым активдерди сатып алууда менчик укугун каттоого,
мамлекеттик алымдарды жана катталгандыгы үчүн салыктык эмес башка
төлөмдөрдү төлөө зарыл болгондуктан, түпкү сатып алуучу кардарга менчик
укугун кайра каттоодо бир жолу жүргүзүлөт.
IV. Салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө тартиби
4. Пилоттук долбоордун алкагында каржылоонун исламдык принциптери
боюнча бүтүм түзүүдө салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө төмөнкүдөй тартипте
жүргүзүлөт:
4.1. Банкка активди менчиктөө укугу өткөн бүтүмдөр боюнча кийин ал
кардарга сатылат, жыйымдар, башкача айтканда бир жолку мүнөз алып
жүргөн мамлекеттик жана башка органдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар
үчүн милдеттүү акчалай салымдар (мамлекеттик пошлинаны кошуп алганда)
алынбайт.
4.2. Банк активди менчиктөө укугун өзүнүн кардарларына өткөрүп
берген бүтүмдөр боюнча жыйымдын өлчөмү, башкача айтканда бир жолку
мүнөздөгү жүргөн мамлекеттик жана башка органдар тарабынан көрсөтүлгөн
кызматтар үчүн милдеттүү акчалай салымдар (мамлекеттик пошлинаны кошуп
алганда) эгер жогоруда аталган бүтүм боюнча тиешелүү түрдө сатуучу бол-
гон тараптар - мурда Банкка активди саткан (өткөрүп берген) адам, ал
эми сатып алуучу -Банктан активди сатып алган адамдар үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленген сумманы
түзөт.
4.3. Салыктык эмес төлөмдөрдү алуунун ушул тартиби бардык мамле-
кеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерге, анын ичинде Кыргыз Республи-
касынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик,
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Кор-
гоо министрлиги, нотариалдык конторалар сыяктуу органдарга тиешелүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2006 · № 373
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №176 "Кыргыз Республикасында "Экобанк" ачык акционердик коомундагы пилоттук долбоордун алкагында Каржылоонун исламдык…Постановление · 16.05.2007 · № 176