Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «Экобанк» ААКсынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
27-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 73-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 27-июну № 25/5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК
БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында ислам каржылоо
принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук
(алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде
жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк"
ААКсынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата
талаптар жөнүндө" жобо тууралуу
Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо прин-
циптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө
ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк"
ААКсынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун
долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына, "Кыргыз Республи-
касындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 58-статьясына, "Бух-
галтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдын 1-статьясына, ошондой эле
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алын-
ган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-нояб-
рында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасында
ислам каржылоо принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун чегинде
жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга
киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде
жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча "Экобанк" ААКсынын финансы-
лык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бе-
китилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
12-июлундагы N 373 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин
колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоор жөнүндө" Жарлыгы
менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана
"Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жа-
на каржылоо шарттарын колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-ма-
йында келишилген өзара түшүнүшүү Меморандумунун талабын жүзөгө ашыруу-
нун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте
жөнөтүшсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
27-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 73-08
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 27-июнундагы
№ 25/5 токтому менен
бекитилген
"Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин
колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө
ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын
жыйынтыгы боюнча "Экобанк" ААКсынын финансылык
отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө"
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин
колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде
иштелип чыккан.
1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши
жөнүндө", "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук
банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыр-
гыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында
120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 32/2 токтом менен бекитилген
"Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы долбоордун
чегинде жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылган операция-
лардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетунун курамы, мазмуну
жана аны түзүүнүн негизги эрежелери аныкталган.
1.3. Пайдалануучулардын кењири чөйрөсү үчүн экономикалык чечимдер-
ди кабыл алууда зарыл болгон, ислам каржылоо принциптеринде ишке ашы-
рылган операциялар боюнча банктын финансылык абалы жана финансылык на-
тыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүү, финансылык отчеттун максаты бо-
луп саналат.
1.4. Банк, ислам каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылган операци-
ялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту консолидацияланган фи-
нансылык отчетко карата түшүндүрмө тилкатка тиркеме катары түзүүгө жана
сунуштоого тийиш.
1.5. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын
жыйынтыгы боюнча финансылык отчет Финансылык отчеттуулуктун эларалык
стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш.
1.6. Банктын Директорлор кењеши тарабынан бекитилген эсепке алуу
саясатынын курамында Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган опе-
рациялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетун түзүү тартиби
камтылууга тийиш.
2. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган
операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык
отчетуна карата жалпы талаптар
2.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын
жыйынтыгы боюнча банктын кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкү
компоненттерден турат:
1) бухгалтердик баланс боюнча финансылык абалы жөнүндө отчет;
2) түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет;
3) банктын Шариат Кењешинин корутундусу;
4) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата түшүндүрмө
тилкаты (чечмелөөлөр).
3. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган
операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту
берүү жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү
3.1. Банктын консолидацияланган финансылык отчетунун курамында ис-
лам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы бо-
юнча банктын финансылык отчетун жарыялоо жана берүү, Улуттук банк Баш-
кармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Рес-
публикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 125-03 но-
меринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2 "Кыргыз Республикасынын коммерция-
лык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар
жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Рес-
публикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө
карата талаптар жөнүндө" жобонун 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүзөгө
ашырылат.
3.2. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын
жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту берүү жана жарыялоодон тышкары,
банк төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш:
- ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жы-
йынтыгы боюнча ар айлык баланстык отчетту, ислам каржылоо принциптерин-
де ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана
кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (ар айлык финансылык отчет);
- ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жы-
йынтыгы боюнча чейректик баланстык отчетту, ислам каржылоо принципте-
ринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар
жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (чейректик финансылык отчет).
Ислам каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылган операциялардын жы-
йынтыгы боюнча финансылык отчетту ар айлык жана чейректик негизде берүү
жана жарыялоо, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декаб-
рында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду
түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом ме-
нен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финан-
сылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун 4-бөлүгүнүн
талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган
операциялардын жыйынтыгына ылайык бухгалтердик
баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет
4.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын
жыйынтыгына ылайык бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө
отчет, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын
29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2 Кыргыз Рес-
публикасынын коммерциялык банктарынын финансылык түзүүсүнө карата та-
лаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыр-
гыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду
түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун 6-бөлүгүнүн талаптарына ыла-
йык түзүлөт.
5. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган
операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана
кеткен чыгымдар жөнүндө отчет
5.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын
жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет,
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алын-
ган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декаб-
рында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2 "Кыргыз Республика-
сынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата
талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду
түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун 7-бөлүгүнүн талаптарына ыла-
йык түзүлөт.
6. Шариат Кењешинин корутундусу
6.1. Шариат Кењешинин корутундусу ушул жобого карата 1-тиркемеге
ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында берилет.
7. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган
операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык
отчетуна карата түшүндүрмө тилкат (чечмелөөлөр)
7.1. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын
жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тилкат
(чечмелөөлөр), Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декаб-
рында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 33/2
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду
түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом ме-
нен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финан-
сылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун
10-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. Банк тарабынан ислам каржылоо
принциптеринде, банктын капиталына таасирин тийгизген операциялар ишке
ашырылган шартта, банк түшүндүрмө тилкатта аларды чечмелеп берүүгө ти-
йиш.
"Кыргыз Республикасында ислам
каржылоо принциптерин колдонууга
киргизүү боюнча алгачкы долбоорду
жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлүп
жаткан операциялардын жыйынтыгы
боюнча "Экобанк" ААКсынын финансылык
отчетторду түзүүсүнө карата
талаптар жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме
Шариат Кењешинин корутундусу (үлгү)
Биз, (аты-жөнү), ... (аты-жөнү), Банктын Шариат Кењешинин мүчөсү
болуу менен Банктын Шариат Кењешинин мүчөлөрүнүн атынан, ислам каржылоо
принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банктын
бөлүмдөрүнүн/филиалдарынын операциялары ________-жылы Шариат принципте-
рине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктайбыз.
Шариат Кењешинин атынан:
(аты-жөнү) ________________________________
(аты-жөнү) ________________________________
Бишкек шаары
(күнү)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо…Постановление · 30.10.2006 · № 32/2
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12…Положение · 12.03.2010 · № 6/2
- КР Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2006 · № 373
- Постановление Правления Национального банка КР от 3 декабря 2003 года № 33/2 " Об утверждении Положения "О требованиях к формированию финансовой отчетности коммерческих банков…Постановление · 03.12.2003 · № 33/2 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Положение о требованиях к формированию финансовой отчетности коммерческих банков Кыргызской Республики ( Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской…Положение · 03.12.2003 · № 33/2 · Күчүн жоготкон