Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 63 «Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 23-марты ПЖ № 63 Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-январындагы ПЖ N 3, 2025-жылдын 28-майындагы ПЖ № 166 , 2026-жылдын 2-июнундагы № 195 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Региондук соода саясатындагы соңку өзгөрүүлөр экономиканын түзүмүн өзгөртүү жана экономикалык өсүштүн жаңы булактарын издөө зарылдыгын шарттайт. Экономикалык саясаттагы жаңы багыт экспортко жана продукцияны кайра иштетүүнүн жогорку деңгээлине багытталган өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү болушу керек. Улуттук бизнести эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча амбициялуу максаттар кыйла келечектүү инвестициялык долбоорлорго мамлекеттик комплекстүү колдоо көрсөтүүнү камтышы керек. Өлкөнүн экономикалык потенциалын тез арада өстүрүү, калктын иш менен камсыз болуусун жогорулатуу, дүйнөдө түзүлгөн кырдаалда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле финансылык, фискалдык, инфратүзүмдүк, административдик жана башка инструменттер аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
улуттук инвестициялык долбоорлор - бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инвестициялык долбоорлор, анын ичинен экономиканын төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттары:
- экспортко багытталуу, импортту алмаштыруу, энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
- инвестордун улуттук инвестициялык долбоорго жеке салымы долбоордун жалпы наркынын 10%ынан кем эмесин түзүүгө тийиш;
мамлекеттик маанидеги долбоорлор – бул мамлекеттик башкаруу, экономика, туризм жана социалдык чөйрө тармагындагы стратегиялык инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана (же) өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук мааниге ээ иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, тартылган каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик активдер салым катары пайдаланылган долбоорлор болуп саналат. (КР Президентинин 2024-жылдын 12-январындагы ПЖ № 3, 2026-жылдын 2-июнундагы № 195 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Мамлекеттик органдар улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында кепилдикке, инфраструктуралык, фискалдык, административдик колдоого негизделген мамлекеттик колдоонун комплекстүү ыкмасын, региондук долбоорлор үчүн преференциялык шарттарды пайдаланат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-январындагы ПЖ № 3 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун ар бир демилгечисин (субъектин) ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга ылайык толук ишке ашырууга чейин координациялоо жана коштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо тартиби жөнүндө регламентти иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- мамлекеттик органдарды жана алардын жооптуу кызмат адамдарын бекитүү менен улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегин бекитсин;
- ар бир улуттук инвестициялык долбоор жана мамлекеттик маанидеги долбоор боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлордун тизмегин бекитсин жана аларды ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор үчүн преференцияларды берүү боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди акысыз негизде жана өздөштүрүү каралган жер участокторундагы айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууну төлөбөстөн берүү бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-январындагы ПЖ № 3 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилүүчү мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуунун тартибин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
2) жер участогун тоорукка коюуда анын баштапкы (резервдик) баасын эл аралык стандарттарга, ошондой эле мыкты жана кыйла натыйжалуу пайдаланууну милдеттүү талдоо жана долбоордун болжолдонгон акча агымдарын, инфраструктуралык камсыздалышын жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусу менен берилүүчү жеңилдиктерди эске алган кирешелүү мамиле менен Кыргыз Республикасынын мүлкүн баалоо стандарттарына ылайык көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган рыноктук нарктын өлчөмүндө белгилесин.".
(КР Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы ПЖ № 166 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жооптуу координациялоочу мамлекеттик орган болуп аныкталсын жана квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары боюнча андан ары чараларды көрүү үчүн улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун илгерилетүү жөнүндө маалыматтык маалымкатты киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти…Постановление · 18.02.2026 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-июну № 341-р (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чет өлкөлүк “BIOPHARMAX BV” компаниясынын ортосундагы…Распоряжение · 14.06.2023 · № 341-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 183-т (“Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу…Распоряжение · 19.03.2026 · № 183-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында…Постановление · 09.06.2025 · № 326
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-январындагы ПЖ № 3 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу…Указ · 12.01.2024 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 195 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 «Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык…Указ · 02.06.2026 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 "Улуттук…Постановление · 17.07.2026 · № 490
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майы ПЖ № 166 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык…Указ · 28.05.2025 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти…Постановление · 12.07.2023 · № 355 · Күчүн жоготкон
- Президенттин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизилдиУказ · 28.05.2025
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана…Постановление · 12.04.2024 · № 187 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.