Президенттин “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу процессинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилүүчү мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуунун тартибин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
2) жер участогун тоорукка коюуда анын баштапкы (резервдик) баасын эл аралык стандарттарга, ошондой эле мыкты жана кыйла натыйжалуу пайдаланууну милдеттүү талдоо жана долбоордун болжолдонгон акча агымдарын, инфраструктуралык камсыздалышын жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусу менен берилүүчү жеңилдиктерди эске алган кирешелүү мамиле менен Кыргыз Республикасынын мүлкүн баалоо стандарттарына ылайык көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган рыноктук нарктын өлчөмүндө белгилесин.”.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.