Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 февраля 2026 № 119 "О Регламенте отбора национальных инвестиционных проектов и проектов государственного значения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-18.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-июлу № 355
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, ишкердик жана инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Ишке ашыруусу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссия эки айлык мөөнөттө улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо жол-жобосун баштасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- Комиссия тарабынан тандоодон өткөн улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесин мамлекеттик органдарды жана алардын жооптуу кызмат адамдарын бекитүү менен түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
- ар бир улуттук инвестициялык долбоор жана мамлекеттик маанидеги долбоор боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлордун тизмесин бекитсин;
- тандоонун жыйынтыгы боюнча квартал сайын долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти…Постановление · 18.02.2026 · № 119
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 539-т (Мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имараттарын…Распоряжение · 09.09.2024 · № 539-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 228-т (Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусуна ээ болгон курулуш…Распоряжение · 28.03.2025 · № 228-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 623-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса…Распоряжение · 08.10.2024 · № 623-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 777-т (Мамлекеттик маанидеги статуска ээ "Үч чоку" тоо кластери" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген…Распоряжение · 03.12.2024 · № 777-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-августундагы № 656-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө)…Распоряжение · 01.08.2025 · № 656-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 271-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине…Распоряжение · 10.04.2025 · № 271-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 16-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 228-т тескемесине…Распоряжение · 16.01.2026 · № 16-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 832-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 539-т тескемесине…Распоряжение · 24.12.2024 · № 832-р
- Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 токтому…Регламент · 12.07.2023 · № 355 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 566-т (Мамлекеттик маанидеги статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жаңы имаратын куруу…Распоряжение · 22.09.2023 · № 566-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 28.02.25-ж №98 токтомуПостановление · 28.02.2025 · № 98
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана…Постановление · 12.04.2024 · № 187 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук…Постановление · 03.09.2024 · № 540 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук…Постановление · 28.02.2025 · № 98 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" жарлыгыУказ · 23.03.2023 · № 63
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти…Постановление · 18.02.2026 · № 119
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча ЖОБО (Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы N 232 токтому менен бекитилген)Положение · 28.05.2019 · № 232
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2019 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишкердик иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 25.12.2024 · № 792