Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 6-сентябры ПЖ № 305 Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясат ырааттуу ишке ашырылууда. Ушуну менен бирге шаарларда жана айылдык калктуу конуштарда тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуунун жетишсиздиги, тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатындагы инфраструктуранын канааттандырарлык эмес абалы жана тиричилик калдыктарынын полигондорунун санитардык жана экологиялык ченемдердин талаптарына шайкеш келбегендиги бул чөйрөдө комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасында тиричилик калдыктарын иштетүү маселелери бүткүл дүйнөдөгүдөй эле курч турат. Калдыктар экологиялык коопсуздукка жана жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурган проблемага айланууда. Алар айлана-чөйрөгө, анын ичинде жер ресурстарына, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга, токойлорго жана башка өсүмдүктөргө, ошондой эле жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө, абага терс таасирин тийгизет. Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Улуттук тазалык күнү белгиленсин жана ал жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары коомдук уюмдарды, экологиялык активисттерди, ыктыярчыларды жана жарандарды тартуу менен шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер ээлеген жана аларга бекитилип берилген аймактарда, ошондой эле жеке курулуш зоналарындагы көчөлөрдө жана короо аймактарында талаптагыдай санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү негизги милдеттерди ишке ашырууну караган 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планын бекитсин:
- тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экономикалык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;
- тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү;
- тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматтык камсыздоону түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункттарын, таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды, анын ичинде жеке менчик формадагыларын курууга багытталган инвестицияларды өздөштүрүү;
- калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан калдыктарды иштетүү боюнча чыгымдарды компенсациялоону караган тиешелүү укуктук жана экономикалык негизди түзүүнүн зарылдыгын аныктаган "булгоочу төлөйт" принцибин киргизүү;
- тиричилик калдыктарын иштетүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти конкурстук негизде жүргүзүү процессинин ачыктыгы жана айкындыгы;
- калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга, бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга, төлөм тартибин чыңдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктурасын өнүктүрүү;
- катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү;
- катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу (таштоо) боюнча учурдагы жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүү, энергиянын альтернативдүү булактары түрүндөгү тиричилик калдыктарынын объекттерин пайдалануу.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана тиричилик калдыктарын иштетүү, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу менен кеңири масштабдуу пропагандалык ишти уюштуруу боюнча иштерди күчөтсүн.
5. Шаарлардын мэрлерине, айыл аймактарынын башчыларына 2022-жылдын 31-декабрына чейин шаарлардын, айылдардын жана поселоктордун аймактарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизүү сунушталсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 120 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (120)
- Кара Дарыя айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2023 · № 4
- Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы №…Правила · 19.01.2023 · № 66
- Бакайыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 19 "Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарын бекитүү жѳнүндѳ" ТоктомуПостановление · 24.11.2022 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна…Программа · 01.09.2025 · № 544
- Тамчы айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери жөнүндө Жобо (Тамчы айылдык кеңешинин 2023 жылдын 7-февралындагы №7 токтому менен…Правила · 07.02.2023 · № 7
- Ноокат шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-мартындагы № 2 "Ноокат шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.03.2023 · № 2
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 "Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 150
- Капчыгай айылдык кенешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 15.2 "Капчыгай айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча…Постановление · 30.01.2023 · № 15.2
- Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 4/36 "Күнтуу айыл аймагынын аймагын көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2025 · № 4/36
- Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы №13/10…Правила · 10.02.2023 · № 13-10
- Кашка-Суу айыл кмөтүнүн "айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча" (Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11…Правила · 02.12.2022 · № 11
- Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 20 "2023-2025-жылдын мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча…Постановление · 06.07.2023 · № 20
- Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча (Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 26/5…Правила · 11.03.2023 · № 26/5
- Теплоключенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-февралындагы № 85 "Теплоключенка айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 03.02.2023 · № 5
- Ак-Таш айылдык кещешинин 2023-жылдын 27-январы № 7/2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү…Постановление · 27.01.2023 · № 7/2
- Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы № 66 "Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча…Постановление · 19.01.2023 · № 66
- Терек – Сай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 363 "“Таза Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында түзүлгөн иш-чараларга акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2023 · № 363
- Көк-Бел айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-январындагы № 18-02 "Көк-Бел айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2023 · № 18-02
- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймактарынын жана айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери жөнүндө типтүү жобосуТиповое положение · 30.05.2023 · № 14/3
120 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралы № 14-2 "Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.02.2023 · № 14-2