Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин «Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы
2023-жылдын 19-январы №66 Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34- беренелерине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (мындан ары –Эрежелер) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Александровка айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүү үчүн тиричилик калдыктарын ташууну жана жок кылууну уюштуруу функцияларынын жана милдеттеринин тизмеси (тейлөөлөр/иштер, функциялар жана милдеттер Тизмеси) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиев Эрежелерди, тейлөөлөр/иштер, функциялар жана милдеттер Тизмесин жетекчиликке жана аткарууга алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым
Давузова М.Ю.
Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы №66 Токтомуна 2-тиркеме
Александровка айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүү үчүн калдыктарды ташууну жана жок кылууну уюштуруу функцияларынын жана милдеттеринин тизмеси
№
Функциялардын жана милдеттердин аталышы
Аткарууга жооптуу
1. Тейлөө
1
Жеке жана юридикалык жактар үчүн катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) ташуу жана жок кылуу
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ)
1.1
Айылдык аймактагы курулуш калдыктары
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ)
2. Милдеттер
2
Айылдык аймактын социалдык- экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууда таштандыларды чогултууну, ташууну жана жок кылууну уюштуруу
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
2.1
Юридикалык жана жеке жактарга катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) топтоо ылдамдыгын эсептөө
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ)
2.2
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуунун, ташуунун жана жок кылуунун тарифин эсептөө
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ)
2.3
Жылдык иш-планына катуу турмуш- тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуунун, ташуунун жана жок кылуу иштерин пландаштыруу
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ)
2.4
Таштанды полигонунда катуу турмуш- тиричилик калдыктарын (КТТК) жок кылуу иштерин пландаштыруу
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
2.5
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуунун, ташуунун жана жок кылуунун акысын төлөө боюнча жеңилдетүү категориясына кире турган жарандарды аныктоо
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
2.6
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуу үчүн жер бөлүштүрүүнүн технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
2.7
Көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө юридикалык жана жеке жактарды маалымдоо
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
3.Милдеттенмелер
3
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуу жана жок кылуу үчүн атайын техника сатып алуу
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
3.1
Жыл сайын сентябрь, апрель айларынын үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнүн өткөрүү (Айылдык аймакта ишембилик өткөрүү)
“Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы
Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы
Султаналиев Н.А.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу…Указ · 06.09.2022 · № 305
- Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы №…Правила · 19.01.2023 · № 66