Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кашка-Суу айыл кмөтүнүн «айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча» (Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин токтомуна ылайык) Эрежеси
Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022- жылдын 2-декабрь № 11 токтомуна тиркеме
Кашка-Суу айыл кмөтүнүн "айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча" Эрежеси
1.Жалпы жоболор
1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жонундө кодексине. "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө". "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына. "Улуттук тазалык күнү жана 2023 2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетуу боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентини 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйренү коргоонун абалына талаштарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул эрежелерде белгиленген корктондуруу маселелери менен ба жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы оз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
5. Ушул Жоболо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент- тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак,
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу- атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди тогулгон таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү:
Газон-жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак-юридикалык же жеке жактардын менчигинде ижарасында же пайдалануусунда имараттар, уй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак
Жашылдандырылган жерлер- жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү:
Ири көлөмдүү таштандылар- Керектееден чыккан жана көлөмүнүн чондугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы- өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды - ар калктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары:
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар- чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо;
Парк - эс алууга жана конул ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат корсотуучу) -катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташын чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитарлык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак- юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин. имараттын, чарбалык курулуштун жана башка обьекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш. ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер учун) кызмат корсотуучу менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат:
Аймакты санитардык жактан тазалоо- аймакты тазалоо.көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу
Көчөдөгү таштандылар- жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (кече таштандылары), алар грунт, кум-таш топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар. өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек. Чүпүрөк , металл жана башка материалдардан турат.
Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК)- адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда уй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
§3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
6. Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдердин негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
7.Тургундар айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
8. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
9. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
10. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт.
- жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары -кызмат көрсөтүүчүгө;
- ижарадагы ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттерде. физикалык жана юридикалык тараптарда болот,
11. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт.
12. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
13. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып же кетишине. контейнерлердеги таштандыларды орттоого жол берилбейт.
14. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, көчө башчылары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
15. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
16. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
17. Абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарлы гашып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кенеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
18. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык оз убагында жана толук коломдо толоого милдеттүү.
19. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
20. Көлөмдүү таштандыларды, калдыктарды чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
21. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) ондоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын алып чыгууга милдеттүү.
22. Кочолорго, базарларга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
23. Калк массалык турдо баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот.
24. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
25. Коншу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат корсотүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
26. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген меенеттерде аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
27. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
§4. Санитардык тейлоо жана аймакты тазалоону уюштуруу
28. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлее кышында таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону. карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
29. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субьекттердин менчик ээлери. турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
30. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
31. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
32. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону кутууну камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
-узундугу боюнча имараттарга, уй чарбаларына же участокторго жанаша турган буткул аймак боюнча
-туурасы боюнча жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой -
33. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлоо үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жуктолот. Бул учурда жоопкерчилик чойролорунун чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
34. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
35. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлоону камсыз кылат. 36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы кочодогу убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, курколор ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
37. Узак пайдаланылбай жаткан жана оздоштурулбогон аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген пайдалануучуларга же жер ээлерине жуктолот.
38. Коп кабаттуу уйлордун чектеш аймактарынын тазалыгы учун турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
39. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтоп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
§5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
40. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө , ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
41. Шаар/айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
42. Ишканалардын чарбалардын ички жана жеке аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
43. Газондорго, гулзарларга, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
§6. Жашылдандыруу
44. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
-бак-дарактарды отургузуу.
-бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер - жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, чөптөрдү тазалоо. өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү koproo (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен) жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар.
-газонду багуу боюнча жумуштар тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу.
- айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
45. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
Жалпы пайдалануудагы аймактарда, кечелерде жергиликтүү өз алдынча органы аныктаган тиешелуу башкаруу кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
- турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине,
46. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
47. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00ден кийин жүргүзүлөт.
48. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчаларлын таажысын оз убагында кыркууну камсыз кылат.
49. Таажыны санитарлык кыркуу иштерине - эскирген. илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
50. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу- таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө көчөлөрдү жана электр чубалгыларын кысылуусун алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
51. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш Материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларлы төшеөлөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
52. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.). жаракалары бар, ошондой эле Зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
53. Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзө т жана коргоого алынат.
54. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет. жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
-иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чоптордон коргоону
-камсыз кылууга;
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу…Указ · 06.09.2022 · № 305
- Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди…Постановление · 02.12.2022 · № 11