Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 222 «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 8-июлу ПЖ № 222 Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-майындагы ПЖ № 139, 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин.
2. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.
Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттер эки жумалык мөөнөттө "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга колдонуудагы контракттарды макулдашуу үчүн берсин.
21. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы этил спиртин, алкоголдук, фармацевттик жана парфюмериялык-косметикалык продукцияларды өндүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга байланышкан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды рынокко мониторинг жүргүзүү жана берүүчүлөр менен сатып алуу суммасына чектөө коюлбастан кийин түздөн-түз келишимдерди түзүү жолу менен сатып алууну жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2023-жылдын 29-майындагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин, ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 "Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.07.2025 · № 205
- Указ Президента Кыргызской Республики от 29 мая 2023 года УП № 139 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики "О неотложных мерах по введению стопроцентной…Указ · 29.05.2023 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз…Постановление · 04.12.2023 · № 632
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июлу № 458 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана…Постановление · 30.07.2025 · № 458
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны…Постановление · 15.09.2022 · № 510 · Күчүн жоготкон
- “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 15.07.2025
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.06.2023 · № 311 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 "Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.07.2025 · № 205
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 168
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59