Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 19 сентября 2025 года № 592 "О вопросах Государственной налоговой службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики и Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-19.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 15-сентябры № 510 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайыкк)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте эки күндүк мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууларды белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссияларды түзсүн.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункту "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
3-пунктундагы "4913", "965", "4130" жана "772" деген цифралар тиешелүү түрдө "4867", "961", "4084" жана "768" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"
191
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик
46
4
анын ичинде:
борбордук аппарат
38
4
аймактык бөлүмдөр
8
-
";
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"
191
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик
2
".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пунктундагы ", ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктундагы "жана этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктунун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пунктунда:
1-пунктчасында: төртүнчү абзацындагы "этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү тарифтик, фискалдык жана лицензиялык саясатты" деген сөздөр "тарифтик, фискалдык саясатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 2-пунктчасынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; 3-пунктчасынын онунчу жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-пунктундагы ", спирт, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн, сатуучулардын жана керектөөчүлөрдүн" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик алты айлык мөөнөттө:
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн жана тиешелүү чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 7-пунктунун үчүнчү абзацын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин…Постановление · 02.02.2023 · № 933-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2021 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын…Приказ · 08.05.2024 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 29.09.2023 · № 516
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын…Приказ · 08.05.2024 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын…Приказ · 14.05.2024 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302…Положение · 10.12.2021 · № 302 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна)Положение · 09.03.2021 · № 83 · Күчүн жоготкон
- Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө…Положение · 27.05.2015 · № 327 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө"…Постановление · 17.12.2021 · № 310 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 15.09.2022 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 "Кыргыз…Постановление · 12.02.2024 · № 56 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча…Указ · 08.07.2022 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2021 · № 302
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын…Постановление · 29.09.2023 · № 516
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 "Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу…Постановление · 27.05.2015 · № 327 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай…Постановление · 18.10.2022 · № 577 · Күчүн жоготкон