“Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-пунктта:
– тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи – он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“– Мамлекеттик салык кызматы;
– Мамлекеттик бажы кызматы;
– Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;”.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 “Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3–6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына зер буюмдарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берсин, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча:
– баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо; – асыл таштарды аныктоо жана экспертизалоо;
– Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча…Указ · 08.07.2022 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 "Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.07.2025 · № 205