Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы N 159 „Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 9-сентябры № 491 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 159 "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомунун редакциясына ылайык)
Улуттук киноискусствону мындан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 159 "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Кыргызсериал" ЧӨБ" ММ) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
1) төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" ЧӨБ" ММнын уставын;
- Бишкек эл аралык кинофестивалынын иш регламентин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
- "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин, 9-1-тиркемеге ылайык;";
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 9-1-тиркеме менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пунктча менен толукталсын:
"9-1) "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин, 9-1-тиркемеге ылайык;";
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 9-1-тиркеме менен толукталсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
".
2-тиркеме
"9-1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин ТИПТҮҮ ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТЫ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
1. Административдик-башкаруучу персонал
1
Директор
1
2
Директордун орун басары
1
3
Башкы бухгалтер
1
Жыйынтыгы:
3
2. Негизги персонал
4
Юрист башкы адис
1
5
Экономист жетектөөчү адис
1
6
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис
1
7
Кадрлар боюнча жетектөөчү адис
1
8
Пиар-менеджер адис
1
9
IT-адис
1
Жыйынтыгы:
6
Бардыгы:
9
".
3-тиркеме
"9-1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери үчүн КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№
Кызмат орундарынын аталышы
Квалификациялык талаптар
1. Административдик-башкаруучу персонал
1
Директор
"Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес
2
Директордун орун басары
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: кинотаануу, кинооператорлук, актердук искусство, кинематография жаатында жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес
3
Башкы бухгалтер
"Экономика жана башкаруу" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча иш стажы 3 жылдан кем эмес
2. Негизги персонал
4
Юрист башкы адис
"Юриспруденция" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес
5
Экономист жетектөөчү адис
"Экономика жана башкаруу" багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес
6
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку же орто кесиптик билими: гуманитардык, экономика жана башкаруу, эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар, тийиштүү сертификаты болсо, бул чөйрөдөгү иш стажы 1 жылдан кем эмес
7
Кадрлар боюнча жетектөөчү адис
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку же орто кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, иш стажына карата талаптар коюлбайт
8
Пиар-менеджер адис
Менеджмент багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билими, жарнама чөйрөсүндөгү, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыштар боюнча иш тажрыйбасы, PR-иш-чараларды өткөрүүдөгү тажрыйбасы, бул чөйрөдөгү иш стажы 1 жылдан кем эмес
9
IT-адис
Тийиштүү багыт боюнча жогорку же орто кесиптик билими. Өндүрүштүк программаларды түзүү, техникалык жактан камсыздоо, компьютердик техниканы жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен ар кандай операцияларды аткаруу, бул чөйрөдөгү иш стажы 1 жылдан кем эмес
".
4-тиркеме
"1-1. "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемеси
№
Кызмат орундун аталышы
Эселөө коэффициенти (сом)
1
Директор
3,50
2
Директордун орун басары
3,00
3
Башкы бухгалтер
2,80
4
Юрист башкы адис
2,50
5
Экономист жетектөөчү адис
2,20
6
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис
2,20
7
Кадрлар боюнча жетектөөчү адис
2,20
8
Пиар-менеджер адис
2,20
9
IT-адис
2,13
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2012 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 290 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
Шилтеме берет (6)
- КР Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 159 "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары…Указ · 20.05.2022 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2012 · № 241