Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун «Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жјнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 июля 2012 года УП № 140 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 18-июлу ПЖ № 281 Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө ((КР Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПУ № 370, 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясы жана Киота протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерди аткаруу жагындагы аракеттерине жетекчилик кылуу жана координациялоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет түзүлүш, ага Киота протоколунун талаптарына ылайык таза өнүктүрүү Механизми боюнча улуттук органдын функциясы жүктөлүп жана ал белгиленген тартипте Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын катчылыгында катталсын.
2. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет жөнүндө Жобо (№ 1 тиркеме) жана климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттук комитеттин курамы (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
3. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин Катчылыгы катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин туруктуу иштеген жумушчу органы деп аныкталсын.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПУ № 370, 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу
К.Бакиев
№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгы менен бекитилген
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин КУРАМЫ
((КР Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПУ № 370, 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары, Улуттук комитеттин төрагасы.
Комитеттин мүчөлөрү
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча Башкы башкармасынын начальниги; Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча); "Туруктуу жаратылышты пайдалануу" экспорттер Ассоциациясынын вицепрезиденти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин климаттын өзгөрүшү боюнча Борборунун жетекчиси, Улуттук комитеттин катчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17 июнундагы №442 "Парник газдарынын таралышы жана жутулушу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2006 · № 442 · Күчүн жоготкон
- Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгы менен…Положение · 18.07.2005 · № 281 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине…Указ · 11.08.2008 · № 281 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн…Указ · 07.07.2006 · № 370 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.