Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 281 «Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 июля 2012 года УП № 140 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 11-августу ПЖ № 281 Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясы жана Киото протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерин аткаруу боюнча аракеттерди координациялоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин Катчылыгы катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин туруктуу иштеген жумушчу органы деп аныкталсын.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин курамы" деген № 2 тиркемеде:
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министринин орунбасары, Улуттук комитеттин төрагасынын орунбасары" деген позицияда ", өнөржай" деген сөз алып салынсын; "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директорунун орунбасары" деген позиция "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары" деген позиция менен алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи жана алтынчы абзацтары алып салынсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жјнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2005 · № 281 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн…Указ · 07.07.2006 · № 370 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жјнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2005 · № 281 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн…Указ · 07.07.2006 · № 370 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.