Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун Жарлыгы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 июля 2012 года УП № 140 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ N 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ №1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгы менен бекитилген
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет жөнүндө ЖОБО
Жалпы жоболор
1. Бул Жобо климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук
комитеттин (мындан ары - КӨКУК) укуктук статусун аныктайт жана анын ишинин маселелерин жөнгө салат.
2. КӨКУК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана
мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, эларалык макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. КӨКУК јз ишин төмөнкү принсиптерге негизденүү менен жүргүзјт:
- мыйзамдуулук;
- маалымдуулук жана коомдук пикирди эске алуу;
- коллегиялуулук, маселелерди эркин талкуулоо жана чечим кабыл
алуу.
КӨКУКтүн максаттары жана милдеттери
4. КОКУКтүн негизги максаты Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын
өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясы (мындан ары - КӨАК) жана Киота протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерди аткарышы жагындагы ишин координациялоо болуп саналат.
5. Негизги милдеттер:
- озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколу менен
жјнгө салынбаган булактардан чыккан антропогендик чыгуулардын жана бардык парник газдарын сиңирип алуучу абсорбциялардын улуттук кадастрларын иштеп чыгууга, жаңылоого, жарыялоого жана КӨАКтүн Тараптарынын Конференцияларына берүүгө жетекчилик кылуу;
- Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан чыккан
ангропогендик чыгуулардын жана бардык парник газдарын сиңирип алуучу абсорбциялардын маселесин чечүү жолу менен климаттын өзгјрішінүн залалдарын азайтуу боюнча чаралар жана климаттын јзгјрүшүнө адекваттуу жатыгууга кјмјктјшүү боюнча чаралардан турган улуттук, тийиштүү учурларда, региондук программаларды иштеп чыгууну уюштуру, ошондой эле аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду жарыялоону жана туруктуу жаңылап турууну уюштуруу;
- технологияларды өткјрүп берүүнү кошуп алганда парник газдарынын
антропогендик чыгууларын чектөөгө, азайтууга же токтотууга алып келүүчү ыкмаларды жана процесстерди иштеп чыгууга, колдонууга жана таркатууга көмјк көрсјтүү;
- Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын
сиңирип алуучуларды жана топтоочуларды сарамжалдуу пайдаланууга кјмөк көрсјтүү, ошондой эле тийиштүү учурларда аларды коргоого жана алардын сапатын жогорулатууга көмјк кјрсјтүү;
- климаттын јзгјрүшүнүн залалдарына жатыгуу максатында даярдык
кјрүү чараларын кабыл алууда кызматташууну координациялоо; тийиштүү комплекстүү пландарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;
- улуттук, социалдык, экономикалык жана экологиялык саясатты
жүргүзүүдө климаттын јзгјрүшүнө байланышкан факторлорду эсепке алуу; климаттын өзгөрүшүнүн экономикага, коомдун денсоолугуна жана курчап турган чөйрөнүн сапатына терс залалдарын азайтуу максатында тийиштүү ыкмаларды пайдалануу;
- илимий, технологиядык, техникалык, социалдык-экономикалык жана
башка изилдөөлөрдү, туруктуу байкоолорду жүргүзүү жана климаттык системага байланышкан жана билимдерди тереңдетүүгј, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн себептерине, залалдарына, масштабына жана мөјнјтүнө карата белгисиздиктерди азайтууга же жоюуга арналган маалыматтар банкын түзүүгј көмөктјшүү;
- климаттык системага жана климаттын өзгјрүшүнө, ошондой эле мамиле
кылуунун ар кандай стратегияларынын экономикалык жана социалдык залалдарына байланыштуу илимий, технологиялык, техникалык, социал- экоиомикалык жана юридикалык маалыматтарды толук, ачык жана оперативдүү алмашууну координациялоо;
- климаттын јзгјрүшүнүн маселеси боюнча билим берүү, кадрларды
даярдоо жана калкты агартуу жагында иш-чараларды уюштуруу жана бул процесске, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдардын кеңири катышуусун колдоо;
- таза өнүктүрүү Механизми (мындан ары - ТӨМ) боюнча долбоорлорду
даярдоо жана жүзөгј ашыруу боюнча иш-аракеттерди ведомстволор аралык координациялоо; стратегиялык маселелер (озара түшүнүшүү жјнүндө меморандумдарга жана башка документгерге кол коюу; контракттарды кошуп алганда долбоордук документацияларды бекитүү) боюнча дараметтүү инвесторлор менен биргелешип аракеттенүү;
- ТӨМдүн долбоорлорун жүзөгө ашыруу процесси боюнча тикелей
функцияларды аткаруу. ТӨМдүн анык долбоорлору боюнча КӨКУКтүн тјрагасынып жактыруу- каттарына кол коюу; ТӨМдүн долбоорлоруп, анын ичинде туруктуу јнүктүрүү критериилерин жактыруу үчүн эрежелерди жана жол-жоболорду бекитүү; ТӨМдүн долбоорлору боюнча документацияларды жактыруу; ТӨМдүн долбоорлору боюнча эмиссияны тјмјндјтүүнү сатып алуу жөнүндө Макулдашууну жактыруу; ТӨМдүн долбоорлорун эсепке алуунун улуттук регистрин жүргүзүү: эларалык финансы институттарынын, четөлкјлүк жана жергиликтүү өнјктөрдүн ичинен ТӨМдүн долбоорлорунун дараметтүү инвесторлорун издөј үчүн донорлордун конференциясын јткөрүү; ООНдун климаттын өзгјрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын J`rw
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жјнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2005 · № 281 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17 июнундагы №442 "Парник газдарынын таралышы жана жутулушу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2006 · № 442 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн…Указ · 07.07.2006 · № 370 · Күчүн жоготкон