Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө Менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, экономиканын туруктуу өсүшүнө дем берүү, мамлекеттин ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ийгиликтүү чөйрөнү түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр максатка ылайыктуу деп эсептелсин:
- ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде макулдашылган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же аткарууга мүмкүн эместигинен улам бузуусун токтотуу;
- инвестициялык объекттердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
- төмөнкүлөр киргизилсин:
тергөөгө караштуулугун башка укук коргоо органдарына өткөрүп берүү укугусуз "экономикалык кылмыштар боюнча бир тергөө органы" принциби; жазуу жүзүндө түзүлгөн жана сот тарабынан анык эмес, жалган же жасалма деп табылбаган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү аткарбоого жана талаптагыдай эмес аткарууга негизделген укук бузуулар жөнүндө ишкерлерге карата арыздарды жана билдирүүлөрдү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттабай туруп, алдын ала текшерүү механизми.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- ишкердик иштин эркиндигинин жана менчик менен инвестицияларды коргоонун кепилдиктери жөнүндө мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышына көзөмөлдү күчөтсүн;
- төмөнкүлөр үчүн контролдоочу, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызмат адамдарынын жазык жоопкерчилигине чейинки жоопкерчилигинин шексиздигин камсыз кылсын:
ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тартибин бузгандыгы үчүн; ишкердик иштин субъекттеринен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди негизсиз талап кылгандыгы үчүн; ишкердик субъекттеринин ишин жана (же) акчалай операцияларды, анын ичинде алардын банктык эсептери боюнча операцияларды мыйзамсыз токтоткондугу үчүн; уруксат берүүчү (лицензиялык) жол-жоболор жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн;
- ишкерлерге карата Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине келип түшкөн арыздарды кароонун тартибин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин;
- чакан бизнестин жана жеке ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусунун жана менчик ээлеринин укуктарын бузуусунун маселелери боюнча алардын кайрылууларын күнү-түнү кабыл алуу үчүн ишеним телефонун бир айлык мөөнөттө түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бизнес-коомчулуктун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин доо-арыздарын кароонун мөөнөттөрүн тездетүү боюнча сот органдарынын ролун жана ишинин натыйжалуулугун, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү жолу менен мындан ары көтөрүү боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун үч айлык мөөнөттө киргизүү;
- экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонууга тыюу салган Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;
- укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугунун сандык индикаторлорун колдонууну жокко чыгаруу, ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого багытталган ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин эки айлык мөөнөттө киргизүү;
- 2021-жылдын аягына чейин ишкердик чөйрөнү жакшыртууга, анын ичинде ишкердик ишке мамлекеттин кийлигишүүсүн кыйла азайтууга багытталган "акылдуу жөнгө салуу" принцибин жана жөнгө салуучу "кум сааты" механизмин колдонуп жөнгө салуу реформасын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын потенциалын бекемдөө жана техникалык жабдылуусун күчөтүү, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүн кыскартуу;
- 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгүн автоматташтырылган форматка которуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бизнес-процесстерин оптималдаштыруу жана мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин керексиз жол-жоболорун жана ишкерлерден документтерди талап кылууну алып салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча Бирдиктүү электрондук портал түзүү жана 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу. Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу аны Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына интеграция кылуу;
- 2021-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө салык органдарынын салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүүсүн камсыз кылуу, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү жолу менен салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын толук жоюу;
- товарларды бажылык тазалоонун ылдамдыгынын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын индикаторлорун киргизүү, атаандашууга жөндөмдүү жана толук автоматташтырылган бажы инфраструктураны түзүү;
- 2021-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө электрондук бажы декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын толук киргизүү;
- айрым жана чек арага жанаша аймактарда ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана жеңилдетилген фискалдык режимди камтыган жагымдуу шарттарды түзүү;
- инвестиция маселелери боюнча тоскоолдуктарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнөкөйлөтүү;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрүү.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 22 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (22)
- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна)Программа · 22.02.2023 · № 94
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-апрелиндеги № 186-т "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгын, ошондой эле…Распоряжение · 12.04.2022 · № 186-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 329-т "Бирдиктүү электрондук реестринин платформасында алууга арыздарды электрондук берүүнү иштеп чыгуу жана пилоттук режимде…Распоряжение · 15.06.2022 · № 329-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 "Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2022 · № 32
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 144-т (Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү ишкердик ишти жүзөгө ашыруу…Распоряжение · 16.08.2021 · № 144-p
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т (Мамлекеттин менчигинде турган жер участокту "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик…Распоряжение · 10.10.2023 · № 606-р
- Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 6 "Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 19.07.2022 · № 6
- Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 5 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" ТоктомуПостановление · 19.07.2022 · № 5
- Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №22 "Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 520…Постановление · 04.06.2024 · № 22
- Сарай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 2 "Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2023 · № 2
- Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №22 "Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 22
- Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №3-10 “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому.Постановление · 16.04.2024 · № 3-10
- Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябры № 91 Шоро-Башат айылынын тургуну Эгембердиев Эркин Эркинбаевичтин кичи ишкана куруу үчүн жер тилкесин сурап жазган арызы жөнүндө…Постановление · 02.09.2024 · № 91
- Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №4/16 «Жер аянтын которуу жөнүндө» токтомуПостановление · 08.04.2025 · № 4/16
- Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 201 "Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2023 · № 201
- Баткен шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 2 "Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл…Постановление · 30.01.2023 · № 2
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик…Постановление · 11.10.2021 · № 213
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун…Постановление · 12.12.2023 · № 659
- Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 08-майындагы №236 “Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №201 «Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция…Постановление · 08.05.2024 · № 236
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 16-августундагы N 145-т (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы N 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен…Распоряжение · 16.08.2021 · № 145-р · Күчүн жоготкон
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү…Указ · 07.12.2022 · № 388
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 380 "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну…Указ · 21.11.2022 · № 380
- Көк-Ой айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 24 "2023-жылдын бюджети бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2023 · № 24
- Көк-Ой айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 24 "Аукциондун негизинде ижарага берүү жагын Көк-Ой айылдык кенеши сунуштоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2023 · № 24