Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сарай айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө» Токтому
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы 2022-жылдын 19-июлу № 6 Муниципалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгы боюнча Сарай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман жана Киров айылдарындагы борбордук спорт залынын имараттарынын тиешелүү жерлерин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 4-главасынын 15-беренесинин негизинде муниципалдык менчик обьекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы
А.Салимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2021 · № 3