Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Мамлекеттин менчигинде турган жер участокту «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-октябры № 606-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 72-т, 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо, коргоо, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 3/11 - Суеркулов көчөсү, 1/3 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду № 1-04-08-0028-0100, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 0,8 га жер участогу уставдык капиталды көбөйтүү эсебине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун анда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды эсепке албастан баалоо жүргүзсүн;
- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда жер участогунун баалануучу наркынын суммасына акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен "МИК" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
31. "МИК" ААКка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте курулушу аяктагандан кийин 10% турак жайды өзү жасалгалап бүтүрүү жана жалпы аянты 1200 кв.м, оңдоосу жана эмереги менен медициналык багыттагы жайды медициналык жабдууларсыз "МИК" ААКтын менчигине өткөрүп берүү шартында ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде турак жана башка жайларды куруу жөнүндө "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коому менен макулдашуу түзүү сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. «МИК» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ушул тескеменин 41-пунктуна ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жылына 4 % менен турак жайды каржылоону камсыз кылуу;
– ушул тескеменин 3-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн турак жайлардын ордуна саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине Бишкек шаары, Маликов көчөсү, 91 (3-этап); Бишкек шаары, Волков көчөсү, 9а даректери боюнча жайгашкан турак жай комплекстеринен жалпысынан 56 (элүү алты) батир бөлүп берүүнү камсыз кылуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 72-т тескемесинин редакциясына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги социалдык адилеттүүлүк принциптерин жана муктаждык даражаларын эске алуу менен турак жай менен камсыз кылынууга тийиш болгон саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин тизмесин бекитсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 72-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) бул тескемени ишке ашырууда "МИК" ААКка жана "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коомуна көмөк көрсөтсүн жана ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине…Распоряжение · 29.06.2026 · № 487-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 72-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине…Распоряжение · 11.02.2026 · № 72-р
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2021 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.07.2024 · № 191
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 487-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине…Распоряжение · 29.06.2026 · № 487-т
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.