Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 17-декабры ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө COVID-19 дүйнөлүк пандемиясы глобалдуу экономикага, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасына өзүнүн таасирин тийгизди. 2020-жылы бир катар тармактарда экономикалык активдүүлүк басаңдады. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу экономиканын бардык тармактарын санариптик трансформациялоо жана мамлекеттик башкаруу системасын электрондук форматка өткөрүү бюрократияны кыскартууга, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштырууга, мобилдүү жана ийкемдүү мамлекетти түзүүгө жана азыркы мезгилдин бардык чакырыктарына, жарандар менен бизнестин суроо-талаптарына ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Санариптик мамлекетти жана коомду куруу үчүн системалуу чечимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууга убакыт келди. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун, көзөмөлдөөнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын жарандары жана ишкерлери үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын киргизүүнү активдештирүү максатында, ошондой эле бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарында электрондук башкарууну киргизүүнүн артыкчылыгын белгилеп, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык органдарында электрондук башкарууну киргизүүнү тездетүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү милдети деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарандардын жашоо-турмушунун сапатын кыйла жакшыртууга жана өлкөдөгү экономикалык ишти активдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү төмөнкү чараларды кабыл алуунун мүмкүнчүлүгүн кечиктирбестен карап чыгуу сунушталсын:
- 2021-жылдын 1-майына чейин санариптештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды ички карама-каршылыгы, коллизиялары жана боштуктары жагынан инвентаризациялоону, ошондой эле мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алып, санарип экономиканы жөнгө салууну бириктирген бирдиктүү документ катары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;
- 2021-жылдын 1-мартына чейин "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсү жана Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик жол-жоболоруна толук реинжиниринг жүргүзүүнү, аларды электрондук форматка өткөрүүнү эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарына жана административдик регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- 2021-жылдын 1-мартына чейин санарип чөйрөнүн шарттарында адам менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы философиясын төмөнкү принциптерде түптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү:
мамлекеттик/муниципалдык кызматты электрондук форматта көрсөтүүнүн артыкчылыгы; кагаз жүзүндөгү документтерге караганда маалыматтык системалардагы санариптик жазуулардын артыкчылыгы; мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды машинанын окуй алышы; мамлекеттик/муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүдөгү жалаң гана электрондук өз ара аракеттенүүсү; "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды акысыз берүү жана алуу; мамлекеттик (муниципалдык) органдарга барып мамлекеттик кызмат алуудан баш тартуу жана аларды калкты тейлөө борборлору аркылуу жана электрондук форматта берүүгө өтүү; кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптын бир жыйынды формасын колдонуу аркылуу арыз ээсине эки же андан көп мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматты көрсөтүү; бирдиктүү талаптарды эске алып, турмуштук кырдаалга байланыштуу артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга өтүү; эксаймактуулук - жеке жактардын жашаган жерине/турган жерине же юридикалык жактын жайгашкан жерине/катталган жерине карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде аларды көрсөтүүнүн натыйжаларын алуусунун мүмкүндүгү; проактивдүүлүк - арыз ээси иш жүзүндө кайрылганга чейин эле кызмат көрсөтүүнү баштоого мүмкүндүк берген укуктук шарттарды түзүү;
- 2021-жылдын 1-январына чейин министрликтер жана ведомстволор тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын бир түрдүү сакталышын контролдоочу ыйгарым укуктуу органды аныктоо;
- 2021-жылдын 1-мартына чейин маалымкаттарды, документтерди талап кылуу жана берүү жол-жоболорун жоюу боюнча чараларды көрүү;
- 2021-жылдын 1-январына чейин санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысын жеке секторго салыштырганда атаандаштыкка жөндөмдүү кылып түзүүнү эске алып, мындай ишканаларды электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирдиктүү башкаруусун мыйзам менен бекитүү;
- 2021-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик трансформациялоо, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды мамлекеттик/муниципалдык башкарууга киргизүү маселелери менен иштеген адистеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүндүгүн карап чыгуу;
- 2021-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды идентификациялоонун колдонулуп жаткан формаларын сактап, анын ичинде аларды идентификациялоодо биометрикалык маалыматтарды колдонуп, жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, тейлөөлөрдү алуусунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, банктар, финансылык-кредиттик мекемелер, жеке сектордогу уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн мүмкүмдү1үн камсыз кылуу;
- 2021-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке жактарды өткөрүү пункттарынын автоматташкан системасын толук ишке киргизүүнү камсыз кылуу;
- 2021-жылдын 1-январына карата салмак-көлөмдү контролдоо системасы менен интеграциялоону жана товарларды жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү ишке ашыруунун алкагында аны андан ары масштабдоонун мүмкүндүгүн эске алып, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин импортун контролдоо системасын ишке киргизүүнү камсыз кылуу;
- "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын ведомстволук уюмдарынын карамагында турган маалымкаттарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан талап кылууну болтурбоо (ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык);
- 2021-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук уюмдарынын ортосунда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматты, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматты акысыз негизде берүүнү камсыз кылуу;
- 2021-жылдын 31-декабрына чейин кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү болтурбоо боюнча зарыл чараларды көрүп, 2021-жылдын 1-январынан баштап электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүүнү баштоо жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде документ жүгүртүүнү электрондук форматта жүргүзүү;
- калкты тейлөө борборлорунда төмөнкү принциптерде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурууну камсыз кылуу:
арыз ээлерине маалымат жана консультация берүү; мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды толтуруу; мамлекеттик же муниципалдык кызматтардын, калкты тейлөө борборлорунун функцияларынын сапатына талаптарды, мындай кызматтарды көрсөтүүнүн ченемдерин белгилеп, ушундай кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, органдарды/уюмдарды тартпастан, калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин аракеттерди белгиленген тартипте жүргүзүүсүн бекитип, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн натыйжаларын, анын ичинде кагаз жүзүндөгү документтерди же башка материалдык объекттерди берүү;
- 2021-жылдын 1-июнуна карата санарип көндүмдөр жана киберкоопсуздук, санарип экономика шарттарында кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасын түзүү;
- азыркы билим берүү программаларынын стандарттарына таянбастан, эксперименталдык режимде бардык IТ-багыттар (анын ичинде программалоо, системалык администрациялоо, киберкоопсуздук ж.б.) боюнча мектептин "Информатика" сабагы жана жогорку кесиптик билим берүү үчүн инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү;
- 2021-жылдын 1-майынан баштап коммерциялык финансылык-кредиттик уюмдардын жарандардан маалымкаттарды, документтерди талап кылуусун болтурбоону жана "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматты тоскоолдуксуз өз ара алмашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана коммерциялык финансылык-кредиттик уюмдардын ортосундагы ишти уюштуруу жолу менен жарандар тууралуу бардык маалыматтарды алуу мүмкүндүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте карап чыгуу.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даярдаган мыйзам долбоорлорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте талкуулоону жана кабыл алууну камсыз кылуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте соттук системанын сот өндүрүшү чөйрөсүндө инновациялык санариптик чечимдерге болгон муктаждыгын 2021-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу сунушталсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Мамытов
Тиркеме
Мамлекеттик органдардын маалымкаттарды автоматташтыруу үчүн колдонулуучу СЕРВИСТЕРИ
№
Маалымкаттын аталышы
Мамлекеттик орган
Сервистин аталышы
"Түндүк" ВЭАС каталогунда сервистин аталышы
Статус
1
Салык төлөөчүнүн салык карызы жок экендиги тууралуу маалымкат
МСК
Салык карызы бар/жок экендигин текшерүү сервиси
central-server/GOV/70000002/gns-service/taxpayerDataByInn/I
Мамлекеттик сатып алуулар порталында автоматташтырылган
2
Камсыздандыруу взностору боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат
МСК
Камсыздандыруу взностору боюнча карызды текшерүү
central-server/GOV/70000002/gns-service/getBalanceByPin/
Мамлекеттик сатып алуулар порталында автоматташтырылган
3
Салыктык каттоо жөнүндө маалымкат
МСК
Юридикалык жакты каттоону текшерүү сервиси
central-server/GOV/70000002/gns-service/tpDataByINNVl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
4
Пенсияны алуу фактысы жөнүндө маалымкат
СФ
Пенсияны алуучу жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000003/settlements-service/GetPensionInfoWithSum
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
5
Камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө
СФ
Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу взносторун төлөгөндүгү жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000003/settlements-service/GetWorkPeriodInfoWithSum/
ЭСӨМ жана коммерциялык банктар тарабынан автоматташтырылган
6
Ишкердик жөнүндө маалымкат
МСК
Ишкердик жүргүзүү боюнча маалымат
central-server/GOV/70000002/gns-service/TPBisinessActivityDateByInn/vl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
7
Кыймылдуу мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалымат
МКК
Транспорт каражаттары жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000005/vehicles-service/transportCurrentInfo/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
8
Каза болгондугу жөнүндө күбөлүк
МКК
Каза болгондугу жөнүндө акт жазууларынан маалыматтар (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinDeathAct/vl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
9
Даректик маалымкат
МКК
Жарандардын даректик каттоосу жөнүндө маалыматтар (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/asb-service/asbAdress/vl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
10
Ири мүйүздүү малы бар экендиги жөнүндө маалымат
ВФКМИ
КР жаранына катталган ири мүйүздүү малдын жана чочколордун бар экендигин текшерүү
central-server/GOV/70000036/AITS/Data/vl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
11
Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык/же таандык эместиги жөнүндө маалымкат
МКК
Жарандыкка кабыл алуу же жарандыктан чыгуу жөнүндө маалымат (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/citizenship-service/citizenshipStatusByPin/vl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
12
Кыймылсыз мүлкү жок экендиги жөнүндө маалымкат
ЖРМА
ФАА боюнча издөө
central-server/GOV/70000019/dkrpni-service/SFPsearch/vl
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган
13
Товардык белгилер боюнча маалымат
Кыргызпатент
Сервис: товардык белгилердин маалыматтарынын улуттук базасы боюнча маалымат
central-server/GOV/70000014/patent-service/GetTradeMark/vl
МБК тарабынан автоматташтырылган. Алмашуу токтотулган
14
Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат (толук эмес маалымкат)
ИИМ
GetInformationFromScannedOSK
central-server/GOV/70000006/osk-subsystem/GetInformationFromScannedOSK/vl
МКК тарабынан автоматташтырган
15
Аскердик кызматты өтөө менен байланышкан социалдык кепилдиктерден колдонгон башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары жөнүндө маалымат
КИМК
Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000039/veteran/AnotherStateReference/
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган КИМК базаны актуалдуу маалыматтар менен толтурат
16
Психоневрологиялык диспансерде эсепте турбагандыгы жөнүндө маалымат 083 МААЛЫМКАТЫ
ССМ
Кыргыз Республикасынын жаранында психикалык бузулуу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000015/mz-rcpz/GetPerson/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
17
Наркологиялык диспансерде эсепте турбагандыгы жөнүндө маалымат 083 МААЛЫМКАТЫ
ССМ
Наркологиялык бузулуунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000015/mz-narko/GetPerson/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
18
Юридикалык жактардын, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө
ЮМ
Аталышы боюнча юридикалык жакты каттоо жөнүндө маалыматтар
central-server/GOV/70000024/minjust-service/getSubjectByName/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
19
Никелешүү жөнүндө күбөлүк
МКК
Никелешүү жөнүндө актыларды жазуулардан маалымат (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinMarriadeACt/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
20
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк
МКК
Туулгандыгы тууралуу актыларды жазуулардан маалымат (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinBirthAct/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
21
Никени бузуу жөнүндө күбөлүк
МКК
Никени бузуу жөнүндө актыларды жазуулардан көчүрмө (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinDivorceAct/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
22
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылуу статусу жөнүндө маалымкат
ММКФ
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылуу статусу
central-server/GOV/70000007/foms-service/MhiChek/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
23
Патенттин көчүрмөсү
МСК
Активдүү патенттери бар экендигин текшерүү сервиси
central-server/GOV/70000002/gns-service/getPatentByPin/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
24
Эмгектик ишмердүүлүгү жөнүндө маалымкат (Иштеген жеринен маалымкат)
МКК
Мамлекеттик кызматчылар жөнүндө маалыматтар (ИЖН)
central-server/GOV/70000062/kadry-service/employeeDataByPin/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
25
Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалымкат
МТСР
Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө электрондук маалымкат (Эмгек рыногунун системасынан маалымат)
central-server/GOV/70000012/mlsd-service/GetUnemployeeStatus/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
26
МСЭКтен маалымкат (Майыптыгы жөнүндө күбөлүк)
ЭСӨМ
МСЭКтен электрондук маалымкат (ДМЧА боюнча маалымат)
central-server/GOV/70000012/mlsd-service/MSECDetails/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
27
Эмгекке жарамсыздык баракчасы (Оорунун баракчасы)
ССМ
Уюмдар боюнча берилген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары боюнча маалымат
central-server/GOV/70000015/mzmishealth/getsikleave/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
28
ЧАЭСде кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө маалымкат
КИМК
Чернобыль АЭСтеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучулары жөнүндө маалымкат
central-server/GOV/70000039/veteran/ChernobylReference/
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган. КИМК базаны актуалдуу маалыматтар менен толтурат
29
Согуш аракеттерине катышкандыгы тууралуу маалымкат (Улуу Ата Мекендик согуш)
КИМК
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндө маалыматтар
central-server/GOV/70000039/veteran/GreatPatrioticWarReference/
ЭСӨМ тарабынан автоматташтырылган КИМК базаны актуалдуу маалыматтар менен толтурат
30
КИМК линиясы боюнча пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө маалымкат
КИМК
КИМК пенсионерлери жөнүндө маалыматтар, КИМК пенсионерлери жөнүндө объективдүү маалыматтар
central-server/GOV/70000039/veteran/PensionerReference/ central-server/GOV/70000039/veteran/DetalisReference/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
31
Укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кыймылдуу мүлккө талаптардын көчүрмөсү
ЮМ
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптарды каттоо укугу жөнүндө (келишим боюнча) КМТУБМР көчүрмө
central-server/GOV/70000024/czrk
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
32
Медициналык ишмердүүлүккө лицензия
ССМ
Саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук маалымат китепчеси
central-server/GOV/70000015/mz-lpo/ozMZByLPO/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
33
Спорттук наамдардын бар экендиги жөнүндө маалымкат
ЖДТСМА
Спорттук наамдардын бар экендиги жөнүндө маалыматты берүү
central-server/GOV/70000046/sport-titiles/GetData/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
34
Бошонгондугу жөнүндө маалымкаттын дубликаты
ЖАМК
Бошонгондугу жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000026/certicateofexemption/gsin-freeprisoner/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
35
Диний уюмду эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк
ДИМК
Диний уюмдар жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000009/gkdr-service/GetOrganizations/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
36
Кыймылсыз мүлктү камакка коюу жөнүндө маалымат
ЖС караштуу Сот департаменти
Кыймылсыз мүлктү камакка коюу боюнча маалыматтарды берүү сервиси
central-server/GOV/70000022/sot-service/getRestrictionsByEni/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
37
Кыймылдуу мүлктү камакка коюу жөнүндө маалымат
ЖС караштуу Сот департаменти
Кыймылдуу мүлктү камакка коюу боюнча маалыматтарды берүү сервиси
central-server/GOV/70000022/sot-service/getRestrictionsByPin/
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
38
Паспорттук маалыматтар
МКК
Жарандардын паспорттук маалыматтары жөнүндө маалымат
central-server/GOV/70000005/passort-service/zagsDataByPinExtended/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
39
Аталыкты аныктоо жөнүндө маалымат (анын ичинде архивдик)
МКК
Аталыкты аныктоо жөнүндө актыларды жазуулардан маалымат (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinPaternityAct/v1
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
40
Үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат
МКК
ИЖН боюнча балдары жана ата-энеси жөнүндө маалыматтар
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsStatement/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
41
ФАА өзгөрткөндүгү жөнүндө маалымкат
МКК
ФАА өзгөрткөндүгү жөнүндө актыларды жазуулардан маалымат (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsPinNameChangeAct/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
42
Үй-бүлөлүк абалы жөнүндө маалымат
МКК
Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат (ИЖН)
central-server/GOV/70000005/zags-service/zagsMaritalStatus/vl
Автоматташтыруу үчүн сервис бар
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 38 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (38)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү…Указ · 07.12.2022 · № 388
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 59-т "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Распоряжение · 17.02.2023 · № 59-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 361 "Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.07.2022 · № 361
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 023-жылдын 24-мартындагы №120-т (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жөнөкөйлөтүү, калкка мамлекеттик каттоо кызматтарын…Распоряжение · 24.03.2023 · № 120-р
- КР Премьер-министрин 2021-жылдын 17-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ курамын түзүү…Распоряжение · 17.03.2021 · № 183
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-июнундагы № 356-т "Эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук форматта түзүү жана берүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө"…Распоряжение · 27.06.2022 · № 356-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 17-апрелиндеги №188 (Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын түзүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 17.04.2023 · № 188
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы…Указ · 08.02.2021 · № 27
- 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Программа · 18.03.2025 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 08.04.2022 · № 202
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6/2 "Жергиликтүү бюджеттен калган акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 6/2
- Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 4 "2020-жылдын 17-декабрындагы №64 “Санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар…Постановление · 24.09.2021 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 725 "Биометрикалык маалыматтар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 725
- 2024-жылдын 1-сентябры № 3-д "Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин…Приказ · 01.09.2024 · № 3-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 "Архивдик документтерди сактоонун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.10.2024 · № 614
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылдын 19-ноябрындагы №1 буйругу…Стандарт · 19.11.2024 · № 1
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январынын №3 "“Кеңеш айыл аймагынын жер ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 30.01.2024 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана…Постановление · 29.06.2023 · № 329
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-августундагы № 125 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 12.08.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрели № 207 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 08.04.2022 · № 207
38 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178