Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТөРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 17-апрели № 188 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун экинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, бул кодекстин долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кылдат жеткире иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, бул кодекстин долбоорун ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана аларды Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине белгиленген тартипте илгерилетүү үчүн берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте өзүнүн ишине министрликтердин, административдик ведомстволордун башка мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча) тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, бул кодекстин долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кылдат жеткире иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары - жумушчу топтун жетекчиси. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин санариптик чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; "Интернет саясаты жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси жана өкүлдөрү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлору ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис…Указ · 17.12.2020 · № 64