Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ курамын түзүү жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 17-марты № 183 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары -ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2021-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, иштиктүү жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) зарылдыгына жараша, белгиленген тартипте ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, башка уюмдардан (макулдашуу боюнча) суроого жана алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Саиариптик кодекснпип долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Джунушалиев Айбек - Джанышбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы
Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: жекече:
Жапаров Акылбек Усенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Гилязетдинова Инара Илы изовна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуубоюнча);
Туйбаева Айнура Абдыкалыковна
-
Кыргыз Республикасыиын Юстиция министрлигинин карамагындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Орозбек уулу Максат
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинии юридикалык бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Султанбек уулу Эдилбек
-
Кыргыз Республикасынып Жогорку Кеңешинип Транспорт, коммуникациялар, архитектура жаиа курулуш боюнча комитетиндеги болүмдүн эксперти (макулдашуу боюн ча);
Рыскулова Чынара Абдиевна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетиндеги бөлүмдун эксперти (макулдашуу боюнча);
Кудайбергенов Ислам Кудайбергенович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн эксперти;
Успеев Элес Тарасович
-
Кыргыз Республикасыныы Коргоо министрлигинин электрондук өзара аракеттенүү маалыматтык системалар бөлүмүнүн начальниги;
Акунов Амангелди Маматазимович
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борборунун геомаалыматтык системалары бөлүмүнүн башчысы;
Шамшиев Насирдин Шамшиевич
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Экономикалык саясат башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Алаев Нурлан Жамангулович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Турганбаев Ильгиз Жумалыевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кибер коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун кызматкери;
Дуйшебаев Жыргалбек Асылбекович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын системаларды эксплуатациялоо жана маалыматтык технологияларды ишке киргизүү бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча);
Авай уулу Адилет
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси;
Төрөева Чынара Турсунбековна
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин финансы жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Үсөнова Барчынай Абдымомуновпа
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси;
Айталиев Урмат Кулатович
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишти уюштуруу, коомчулук менен байланыш жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси;
Дайан Белек
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин үчүнчү катчысы;
Шамырбеков Нургазы Джолборсович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ипспектору;
Майрамбек уулу Автандил
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун юристи;
Абылов Адилет Кубанычбекович
-
Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Лолиев Али Манезович
-
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери;
Курмапалиев Кайрач Доктурбековнч
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунун санариптик өнүктүрүү боюнча начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кулманбетов Улап Эмилевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктарды көзөмөлдөө жана лицензиялоо методологиялары башкармалыгынын жаңы финансылык продуктыларды иштеп чыгуу тобунун башкы инспектору (макулдашуу боюпча);
Абдыгазиев Санжар Каниметович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын санариптик жана финансылык технологиялар боюнча бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча);
Каныбеков Эрнар Сүйүнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана кадр иштери башкармалыгынын башкы адиси;
Бакасова Айна Бекешовна
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун оптималдык жана санариптик башкаруу системалары лабораториясынын башкы илимий кызматкери;
Темиров Чубак Куванович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Момунов Темир Надырмаматович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын юристи (макулдашуу боюнча);
Муканбетова Ширин Муканбетовна
-
«Программалык камсыздоолорду жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Куренкеев Айбек Суербекович
-
«Байланыш операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Ирсалиев Бакыт Канатбекович
-
«Электрондук коммерция ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Осмонбаев Бектур Камильевич
-
«Адилет» укуктук клиника» коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиева Таттугүл Эмилбековна
-
«Интсрнст саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Байкулова Ирина Султановна
-
«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Самойленко Александр Фёдорович
-
«Азияинфо» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору (макулдашуу боюнча);
Щербаков Дмитрий Дмитриевич
-
«Азияинфо» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Корнеев Сергей Витальевич
-
«Азияинфо» жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи (макулдашуу боюнча);
Бурангулов Руслан Ринатович
-
«Дастан» улуттар аралык корпорациясы ачык акционердик коомунун коммерциялык директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- КР Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис…Указ · 17.12.2020 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон