1-берене. Электр байланышы жаатындагы иштин принциптери
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Электр байланышы жаатындагы иш төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
- атаандаштыктын, жеке ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде электр байланышы кызматтарын көрсөтүү;
- электр байланышы жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана электр байланышы кызмат көрсөтүү операторлорунун жана аларды берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча функциялардан бөлүү;
- жогорку сапаттагы демейки жана инновациялык электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн ар тараптан колдоо;
- электр байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн жана электр байланышы тармактарынын эл аралык электр байланышы тармактары менен шайкештигин камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укуктук тартипти коргоо жаатындагы милдеттерди аткарууда электр байланышы тармактарынын жеткиликтүүлүгү;
- жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармактарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык юридикалык жана жеке жактарга бирдей жеткиликтүүлүгү;
- электр байланышынын операторлору жана кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр пайдалануучулардын маалыматынын купуялыгын сактоосу.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Электр жана почта байланышы жагындагы ишмердиктин талаптары
Электр жана почта байланышы жагындагы ишмердик төмөндөгүдөй талаптардын:
- электр жана почта байланыш тейлөөлөрүн атаандаштыктын, жекече ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде ишке ашыруунун;
- электр жана почта байланышы жагындагы саясатты иштеп чыгуу жана почта байланышынын ишканаларынын, электр байланышынын операторлорунун жана кызматтарынын ишмердигин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин кызматтарын электр жана почта байланышынын тарамдарын иштетүү жана тейлөө боюнча кызматтардан ажыратуунун;
- электр жана почта байланышынын жогорку сапаттуу традициялык жана инновациялык тейлөөсүнө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көргөзүүнүн;
- чет өлкөлүк инвестицияларды электр жана почта байланыш тарамына тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн;
- электр жана почта байланышынын тейлөө кызматынан ишенимдүү берилишин жана электр байланышынын тарамдарынын эл аралык электр байланыш тарамдары менен сыйымдуу шайкеш иштешин камсыз кылуунун;
- өзгөчө кырдаалдардын учурунда жана мамлекеттик башкаpуу, коpгоо, коопсуздук, укук таpтибин сактоо жагындагы милдеттерди аткаруу үчүн электр байланыш тарамдарына чыгуунун ачыктыгынын;
- жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамдарынын жана тейлөөлөрүнүн жана почталык байланыш тейлөөсүнүн бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей ачыктыгынын;
- почта байланышынын ишканалары, электр байланышынын операторлору жана кызматтары тарабынан пайдалануучулардын маалыматтарынын купуялыгынын сакталышынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 126 "«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.03.2014 · № 126 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 467 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.09.2019 · № 467 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 587 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 23.08.2012 · № 587 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 477 ""Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 02.09.2016 · № 477 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 510 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.08.2017 · № 510 · Күчүн жоготкон
- 2016-жылдын 27-апрели № 219 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"…Постановление · 27.04.2016 · № 219 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 ноября 2002 года № 773 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и…Постановление · 14.11.2002 · № 773 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 220 "Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 18.04.2014 · № 220 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.09.2015 · № 647 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 апреля 2000 года №180 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об…Постановление · 04.04.2000 · № 180 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 ноября 2003 года №703 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении дополнения к Закон Кыргызской Республики «Об электрической и…Постановление · 06.11.2003 · № 703 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-1" title="1-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>