Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-сентябры № 477 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 1-берене. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "Пайдалануучу - абонент же абонент эмес экендигине карабастан электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган жеке же юридикалык жак"; жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагы - электр байланышы жаатындагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык пайдалануучуга электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн акы төлөп көрсөтүүгө багытталган, электр байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум"; отузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү - электр байланыш билдирүүлөрүн кабыл алуу, талдоо, сактоо, берүү жана жеткирүү боюнча иштер. Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн өз ичине камтыбайт.";
2) 28-статьяда:
1-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каалаган юридикалык же жеке жак жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын, адамдардын чектелген сандагы чөйрөсү үчүн электр байланышынын кызматтарын жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарын, кошумча акы төлөнүүчү бардык маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра сатууну кошкондо ички пайдалануу үчүн электр байланышынын кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу."; 3 жана 4-бөлүмдөр күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 30-статьяда:
1-бөлүмдөгү "Эксклюзивдик укуктарга ээ болгон же" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- эки же андан ашык оператор тармактар аралык кошулуу жөнүндө колдонуудагы келишимдердин талаштары боюнча келише алышпаса."; төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүмдөр менен толукталсын: "Талаштарды сотко чейинки кароо тартиби административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык милдеттүү жол-жобо болуп саналат. Тармактар аралык кошулуу жөнүндө эрежени Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийим күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төрт айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1064-VI "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 10.11.2016 · № 1064-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 1161-VI "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 14.12.2016 · № 1161-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы № 1250-VI "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.01.2017 · № 1250-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон