Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-августу № 587 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 40-статьяда: 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликти тартышат." 3-бөлүк "граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү" деген сөздөрдөн кийин ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Электрондук жана почта байланышы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, "Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик" деген 40-беренеге түзөтүүлөр киргизилди. Байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишмердик жасаган адамдын укукка каршы ишмердигине байланышкан кылмыштарды алдын алуу. бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында мыйзам долбоордун экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу бөлүгүнө түзөтүүлөр киргизилет. Кыргыз Республикасынын ИИОнун практикалык ишмердигинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан экстремисттик сайттарда, "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүндө экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыруучу белгилер камтылган жана көпчүлүккө пайдалануу үчүн арналган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана ар кандай материалдарды жайылткан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көйгөйлөр жаралууда. "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремизмге багытталган материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан серверлерге, жеке жана юридикалык жактардын сайттарына кылмыштын субъектилери жайгаштырат. Бул кылмышкерлерге укукка каршы жосундарды жасоого жапа кылмыш же административдик жоопкерчиликтен баш тартууга жөндөмдүү болот. Ошол эле мезгилде "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремисттик материалдарды жайылтуучу адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө тоскоолдуктар пайда болууда. Сунушталган "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашырган адамды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу, Кыргыз Республикасынын аймагындагы сайттарга толук бөгөт коюу, катышуучусу Кыргыз Республикасы болуп эсептелген эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, макулдашууларга ылайык укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу үчүн негиз берет. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда:
- социалдык жактан эч кандай негативдүүлүк болбостон, кайра киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана анын көрүнүштөрүн жоюуда укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоого укуктук негиз түзөт;
- экономикалык жактан алганда, мыйзам долбоору кабыл алынганда экономикага терс залалын тийгизбейт, тескерисинче, республиканын экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет, анткени бул мыйзам долбоору экономикага кылмыштуулуктун терс таасирин тийгизүүсүн азайтуучу бир элемент катары каралат;
- мыйзам долбоорунун нормалары колдонулуп жаткан мыйзамдардын нормаларына жооп берип жана анын кабыл алуусу укуктук нормаларга терс таасирин тийгизбейт;
- укуктук функцияларга колдонулууда, бул мыйзам долбоору жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылууга шарт түзөт, экстремисттик ишмердикти жүргүзгөнү үчүн күнөөлүү деп таануунун же баш тартуунун чечими соттун чечими аркылуу кабыл алынып, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр мыйзамдын нормаларын туура колдонууга шарт түзөт;
- гендерге кесепети тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт;
- экологияга кесепет тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт.
Сунушталган долбоорду кабыл алууда мамлекеттик бюджетке кошумча чыгым келтирилбейт.
Министр
З.Рысалиев
"Электр жана почта байланышы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА
| Иштеп жаткан баяндамасы | Сунушталып жаткан баяндамасы |
|---|---|
| [40-статья. Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик] Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликти тартышат. Күнөөлүү тараптардын жоопко тартылышы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилген чыгашалардын ордун толтуруудан бошотпойт. Байланыш каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузуу жана граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү максаттарында пайдаланууга тыюу салынат. Айып салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт. Айыпты төлөө юридикалык жана жеке жактарды электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулушун токтотуу тууралу буйрукту аткаруудан бошотпойт. | [40-статья. Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдуулукту бузгандыгы, ошондой эле байланыш чөйрөсүндө эстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликти тартышат.] Күнөөлүү тараптардын жоопко тартылышы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилген чыгашалардын ордун толтуруудан бошотпойт. Байланыш каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузуу жана граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү, [ошондой эле экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыруу] максаттарында пайдаланууга тыюу салынат. Айып салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт. Айыпты төлөө юридикалык жана жеке жактарды электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулушун токтотуу тууралу буйрукту аткаруудан бошотпойт. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги №2989-V "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз…Постановление · 18.04.2013 · № 2989-V
- КР Жогорку Кенешинин2013-жылдын 18-апрелиндеги №2990-V "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз…Постановление · 18.04.2013 · № 2990-V