Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Аныктамалар
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 октября 2021 года № 124
Бул Мыйзамда көрсөтүлгөн терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: Абоненттин учугу - жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамынын абонентти түздөн түз ушул тарамга кошуучу бөлүгү; Электp байланышынын ички таpамы - жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамына эч кандай кошулбай иштетилүүчү жана бир ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын чегинде ушундай ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын ички керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн түзүлгөн же пайдаланылуучу электр байланышынын тарамы; Электр байланышынын жабык тармагы - жалпы пайдалануудагы электр байланышы тармагына кошпостон, маалыматты коргоонун атайын (уюштуруу, техникалык, анын ичинде криптографиялык) усулдарын колдонуу менен уюштурулган жана пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө берилүүчү электр байланышы тармагы. Кыргызтелеком - ушул ишкананын укук мураскору болуп эсептелген акционердик коом же юридикалык жак; Лицензия - гражданга же юридикалык жакка электр байланышы жагындагы ишмердиктин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө же белгиленген аракеттерди жасоого компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат; Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификатору - уюлдук байланышка ар бир кайрылууда жана өтүнүч жасоодо түзүлүштө ишенимдүү таанып-билүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн мобилдик түзүлүштү чыгаруучу тарабынан орнотулган мобилдик телефондогу же коммутатордогу 15 орундуу (4 блоктон турган) өзгөчөлүү номер; (Абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Сырткы жабдуу - абоненттик учуктар аркылуу же зымдык, оптиковолокондук жана электpомагниттик түзүлүштөрдү пайдалануу менен түздөн-түз же түздөн-түз эмес электр байланышынын тарамдарына кошулуучу, пайдалануучуга билдиpүүлөpдү беpүүгө, кайpа түзүүгө же кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү техникалык каpажаттаp жана түзүлүштөр; мобилдик уюлдук байланыштын оператору - электр байланыштар тармагын эксплуатация кылган жана кошо алып жүрүүчү радиотелефон байланышынын кызматын көрсөткөн ар кандай юридикалык же жеке жак. Почта байланышынын оператору - почта байланышынын тарамын иштетүүчү ар кандай жеке же юридикалык жак; Электр байланыш оператору - өзүнүн электр байланыш тарамын иштетүүчү жана электр байланыш жагындагы иштин тийиштүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак; (Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк байланыш тармагы - мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укук тартибин коргоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты колдонуу менен иш жүргүзүүгө тийиштүү уруксаты бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана уюмдарынын (ишканаларынын) ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү мамлекеттик органдар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга арналган атайын интеграцияланган жашыруун байланыш тармагы. Радиожыштык спектри - радиобайланышты, эфирде теле- жана радиоберүүлөрдү уюштурууда жана физикалык туташтыруусуз электр сигналы берилген дагы башка учурларда пайдаланылуучу мейкиндик аркылуу жасалма өткөргүчсүз таралуучу электромагниттик толкундардын (радиотолкундарынын) 3 КГц ( 3000 ГГц чегиндеги жыштыктарынын жыйындысы; Ылайык сертификаты (мындан ары "Сертификат") - электр байланышынын сертификацияланууга тийиш болгон жабдууларынын жана продукцияларынын (кызмат көpсөтүүлөрүнүн) белгиленген талаптарга туура келгендигин күбөлөндүpүүчү, сертификация тутумунун эрежелери боюнча берилүүчү документ; (Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Электp байланышынын таpамы - электр байланышынын билдиpүүлөpүн, буга үн, добуш, визуалдык билдиpүүлөp, маалыматтаpды жана сүрөттөрдү жибеpүү, ошондой эле ушундай билдиpүүлөpдүн элементтери да кирет, жөнөтүүчү, коммутациялоочу же жибеpүүчү зым, радио-, оптикалык же дагы башкача электромагниттик тутум; Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамы - электр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышынын тейлөө кызматтарын кандай болбосун пайдалануучуга электр байланышынын тейлөө кызматтарын акы төлөп көрсөтүү үчүн багытталган байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум; (Абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Трансчекаралык-транзиттик туташуу (өтүү) - бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу туташуу; Тейлөө үчүн кошумча нарк - электр байланышынын тейлөөсүнөн пайдаланып жаткан учурда билдирүүлөрдүн формасын, мазмунун, кодун, протоколун же дагы башка ушул сыяктуу мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүчү; маалыматты реструктуралоочу, толуктоочу же берүүчү же маалымат менен пайдалануучунун өз ара аракеттешүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү тейлөөлөр; (Абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү - колдонулуп жаткан технологияларга карабастан электр байланышы тармактары боюнча таратууга арналган теле, радиоканалдардын электр сигналдарын түзүү. Массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрү болуп эсептелбейт; Жалпы пайдалануудагы телефон кызматынын тейлөөлөрү - калкка коммеpциялык негизде pеалдуу убакытта үн менен берилүүчү билдирүүлөрдү абоненттик точкаларга жана абоненттик точкалардан түз берүү жана коммутациялоо боюнча тейлөө, бул точкалардын жардамы менен пайдалануучу электр байланышынын жалпы пайдалануучу тарамына кошулат, ошондуктан ар бир пайдалануучу сырткы жабдууну башка абонент менен кошулуу үчүн пайдалана алат; Электр байланышы кызматтарын көрсөтүү - бир же бир нече юридикалык же жеке жактарга сунушталуучу теле, радиоканалдарды жайылтууну кошо алганда, электр байланыш маалыматтарын кабыл алуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүү. Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнө камтыбайт. Электр байланышынын ички колдонуудагы тейлөө кызматы - электр байланышынын ички тарамдарынын пайдалануучуларына берилүүчү же алар үчүн ачык болгон электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү; Пайдалануучулардын чектелген чөйрөсү үчүн электр байланышынын тейлөө кызматы - жалпы бизнеси же электр байланышынын тейлөө кызматына берүүдөн айырмаланган дагы башка кызыкчылыгы бар пайдалануучулардын тобуна көрсөтүлүүчү электр байланышынын тейлөө кызматы; Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматы - электр байланышынын жалпы пайдалануудагы тарамына туташтырылган абонент менен пайдалануучуну бириктирүүнү камсыз кылган электр байланышынын жалпы элге сунуш кылынуучу кызматы; Электр байланышы - зымдын, радио-, оптикалык же башка электромагниттик түзүлүштөрдүн жардамы менен белгилерди, жазма тексттерди, сүрөт-чиймелерди жана үндөрдү же башка түрдөгү маалыматтарды берүү же кабыл алуу Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасы - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген идентификациялык уникалдуу код жөнүндө маалыматты камтыган электрондук база; Байланыштын түзүлмөлөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланып жаткан же ташып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлорун түшүнүп билүүнү, аларды байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык идентификаторлору боюнча электр байланышынын операторлорунун маалыматтык базалары менен салыштырууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул түзүлмөлөрдүн колдонулушуна санкция берүүнү камсыз кылуучу аппараттык-программалык каражаттардын комплекси. SIM-карта - оператордун тармагына жетүүнү, ошондой эле бөлүнүп берилген абоненттик номерден санкцияланбаган пайдалануудан коргоону камсыз кылган абоненттин жеке идентификациялык модулу. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - электр байланышы операторлоруна, электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүлөргө жана электр байланышы жаатында ишти жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жана жеке жактарга карабастан, электр байланышы жаатында жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашыруучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган. (Абзац КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо - абонент электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүнү тандап ала алган процесс. Улуттук тутум жана номерлештирүү планы - номерлештирүү ресурсунун түзүмүн калыптандырууда санариптик, тамгалык, символдук белгилөөлөрдүн түзүмүнө же мындай белгилөөлөрдүн айкалышуусуна карата талаптарды, тарамдарды куруунун негизги принциптерин, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, пайдалануу, кайра жол-жоболоштуруу жана алып коюу тартибин, ошондой эле номерлештирүү чөлкөмдөрүнө, электр байланыш тарамдарына жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүсүнө коддорду жана номерлештирүү ресурстарын дайындоочу документ. Номерлештирүүнүн чектелген ресурсу - эгерде конкреттүү калктуу конуштун же администрациялык райондун кодунда бардык байланыш операторлоруна бөлүнгөн номерлештирүүнүн колдонуудагы тутумуна жана планына ылайык номерлештирүүнүн көлөмү номерлештирүүнүн колдо бар ресурсунун 80 пайыздан ашыгын түзсө, номерлештирүү ресурсу чектелген деп эсептелет. (Абзац КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү - бул өзүнүн тарамы аркылуу же электр байланыш операторунун тарамы аркылуу мобилдик (көчмө) байланыш кызмат көрсөтүүсүн көрсөтүүчү жак. Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү (кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү) - өздөрүнүн тарамы же электр байланыш операторунун тарамы аркылуу кызмат көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак. Номерлештирүү ресурсу - абоненттик номерлердин (номерлердин диапазондорунун), номерлештирүү зоналарынын коддорунун, тарамдардын коддорунун, шаар аралык жана эл аралык коддордун, анын ичинде сигналдаштыруунун улуттук жана эл аралык коддорунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорунун жана тарамдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү коддорунун жыйындысы. Номерлештирүүнү башкаруунун борборлоштурулган улуттук тутуму - программалык камсыз кылуу, аппараттык камсыз кылуу ресурстарын, шайкеш коммуникацияларды камтыган жана белгилүү бир формада маалыматты жыйноочу жана топтоочу маалыматтар базасынан турган, ошондой эле номерлештирүү ресурстарын бөлүп берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана алып коюуда маалыматтардын үстүнөн операцияларды жүзөгө ашыруучу жана операторлордун жана мобилдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрдү маалымат тутумдары менен кабарлоону камсыз кылуучу бир катар функциялардан турган маалыматтык тутум. (Абзац КР 2021-жылдын 24-августундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Берүү мультиплекси - электр байланыш тармактары аркылуу берүүнүн бир каналы боюнча берилүүчү санарип пакетке бириктирилген телерадиоканалдардын жыйындысы, ошондой эле бул телерадиоканалдардын курамына кирген кошумча маалымат. Берүү каналы - бир аналогдук телеберүү каналын же ага эквиваленттүү санарип телерадиоканалдарынын берүү мультиплексин эфирде жер бетине ушул каражаттардын параметрлери менен аныкталуучу аймакта жайылтууга арналган техникалык жана программалык каражаттардын жыйындысы. Берүү каналы зарыл болгон радио жыштык спектри менен камсыз кылынат. Радиожыштык спектеринин конверсиясы - жарандык арналыштагы радиоэлектрондук каражаттарынын радио жыштык спектрин колдонууну кеңейтүүгө багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын жыйындысы. Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы радиокызматтардын ортосунда радио жыштыктардын тилкесин бөлүштүрүү жана аларды пайдалануу шарттарын белгилеген, ошондой эле радио жыштыктардын тилкесинин категориясын аныктаган документ. Телерадиоберүү оператору - лицензиялык талаптарына теле радиоканалдарды жайылтуу киргизилген маалыматтарды берүү жана/же электрдик байланыш жаатындагы тиешелүү лицензиясы бар электр байланыш оператору. Радиожыштык тилкеси - төмөнкү жана жогорку чектери менен чектелген радиожыштык жааты. Колдонуучу - абонент болгонуна же болбогонуна карабастан, ал электр байланыш кызмат көрсөтүүсүн колдонгон жеке же юридикалык жак. Радиокызмат - электр байланышынын белгилүү бир максаттары үчүн радиотолкундарды чыгарууну, берүүнү жана/же кабыл алууну камсыз кылган радиоэлектрондук жана башка техникалык каражаттардын уюштуруу-техникалык жыйындысы. Радиоышкыбоздук кызмат - ышкыбоздор, башкача айтканда тийиштүү уруксаты бар жана радиотехника менен жеке кызыкчылыгы үчүн гана жана материалдык пайда алууну көздөбөстөн алектенүүчү адамдар ишке ашыруучу, өзүн-өзү окутуу, сүйлөшүп туруу жана техникалык изилдөөлөр жүргүзүү максаттары үчүн радиобайланыш кызматы. Радиоышкыбоздук спутниктик кызмат - радиоышкыбоздук кызмат сыяктуу эле максаттар үчүн Жердин спутниктеринде орнотулган космостук станцияларды пайдалануучу радио байланыш кызматы. Радиожыштык - радиожыштык спектрдин бирдиктүү курамын белгилөө үчүн аныкталган электр магниттик термелүүнүн жыштыгы. Радиоэлектрондук каражаттар - радиотолкундарды берүү жана/же кабыл алууга арналган, бир же бир нече берүүчү жана/же кабыл алуучу түзүлүштөрдөн же мындай түзүлүштөрдүн комбинациясынан жана кошумча жабдуулардан турган техникалык каражаттар. Теле-, радиоканалдарды жайылтуу - телерадиоберүү операторлору колдогон технологияларга карабастан, телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын колдонуу менен теле-, радиоканалдардын электрдик сигналын керектөөчүгө жеткирүү. Теле-, радиоканалдардын электрдик сигналдарын түзүү - колдонулган технологияларга карабастан электр байланыштын тармактары боюнча жайылтууга арналган электрдик сигналга теле, радиоканалдардын программаларын өзгөртүп түзүү. Жыштык ыйгаруу - электр магниттик шайкештиги камсыз кылынган айрым шарттарда радиожыштык тилкелерин жана/же номиналдарын же радиоканалдарды колдонуу менен радиоэлектрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү колдонуу укугуна байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат. Байланыш курулмалары - жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) объекттер катары байланыш каражаттарын жана тутумдарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган электр байланыш операторунун инженердик инфраструктурасынын объекттери (анын ичинде, чектелбестен, базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары). Идентификациялоо оператору - байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо кызматтарын көрсөтүүчү, өзү иштеп чыккан программалык камсыз кылууга ээ болгон, төмөндө саналгандардын: Мобилдик байланыштын терминалынын эл аралык идентификаторунун (IMEI), мобилдик абоненттин эл аралык идентификаторунун (IMSI) же мобилдик байланыштын терминалынын эл аралык ISDN-номеринин (MSISDN) жок дегенде биринин байланыштын түзүлмөлөрүнүн идентификатору катары талаптагыдай аныктоону камсыз кылуучу жана байланыштын түзүлмөлөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүүгө арналган түзүлмөлөрдү борборлоштуруп каттоону камсыз кылуучу юридикалык жак. Мобилдик түзүлмөлөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдү идентификациялоо - колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген байланыштын мобилдик түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо жана аутенттөө боюнча электр байланыш тармагынын кызмат көрсөтүүсү. Эл аралык уникалдуу идентификациялык коддун аутенттүүлүгү - пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн аныктыгын ырастоо. Радиомониторинг - белгилүү бир жерде (же объекттин чектеринде) радиожыштыктардын бөлүнгөн номиналдарында жана/же тилкелеринде радиожагдайды өлчөө жана талдоо боюнча практикалык иш, байланыштын ар түрдүү каражаттарынын электр магниттик шайкештигин, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү ченемдердин жана мыйзамдык чектөөлөрдү камсыз кылуу максатында ыктымалдуу мүмкүн болгон радиожолтоолорду табуу. Радиоконтроль - бул тиешелүү жыштык тилкелеринде иштеп жаткан радио нурлардын параметрлерин өлчөө жана мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча техникалык иш-чаралардын комплекси. (КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 103, 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2021-жылдын 24-августундагы № 102, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 октября 2021 года № 124 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 августа 2021 года № 102 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об электрической и почтовой связи»"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2017 года № 30 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 марта 2015 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 января 2015 года № 20 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 2 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат…Постановление · 13.06.2016 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 104 "Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 06.03.2019 · № 104
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 891 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 29.12.2015 · № 891 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 173
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана…Закон · 04.05.2017 · № 75
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 24.08.2021 · № 102 · Күчүн жоготкон
- Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.03.2015 · № 51 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-2" title="2-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>