Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
97-статья. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган жактын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындайт, ушул Кодекске ылайык жоюу тартибин жана мөөнөтүн белгилейт.
3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалгандан тартып юридикалык жактын органдарынын анын мүлкүн тескөө боюнча иш-аракетин контролдоо боюнча ыйгарым укугун алат. Атап айтканда, юридикалык жактын органдарынын мүлктү ажыратууга же карыздарын тындырууга карата жасалган актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын жана (же) Социалдык фондунун органдарынын арыздары боюнча юридикалык жактарды жоюуда жоюу балансын түзүү жана бекитүү талап кылынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 208 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2009 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын кошулду: үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде алынып салынды: үчүнчү жактардын алдында кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн.
алынып салынды: (Экинчи абзац КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР кошулду: Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын жана (же) Социалдык фондунун органдарынын арыздары боюнча юридикалык жактарды жоюуда жоюу балансын түзүү жана бекитүү талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 208 кошулду: 208, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-97" title="97-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>