Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-статья. Юридикалык жакты жоюу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2025 года № 134
1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет.
2. Юридикалык жак:
аны уюштуруучулардын (катышуучулардын) же юридикалык жактын уюштуруу документи менен ыйгарым укугун алган органдын чечими боюнча, анын ичинде ал максатына жетүү үчүн түзүлгөн юридикалык жак түзүлгөн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же аны түзүүдө четтетүүгө болбой турган мыйзамды бузууга жол берилгендигине карата юридикалык жакты каттоо сот тарабынан жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу; ишмердигин тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) жүзөгө ашырган же мыйзам тарабынан тыюу салынган ишмердикти жүргүзгөн, же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же ишмердигин юридикалык жактын уставдык максаттарына лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда карама-каршы жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банкты, финансы-кредиттик уюмду же мекемени жоюу банктар же башка финансы-кредиттик уюмдар же мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. (Абзац КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Банктык лицензияны кайра чакыртып алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында убактылуу администраторду дайындоого тийиш. Убактылуу администратор "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарга ээ.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча юридикалык жакты жоюу жөнүндө талап мындай талап коюу укугу мыйзамда же ушул Кодексте берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сотко берилиши мүмкүн.
Юридикалык жак тарабынан бир жылдын ичинде салык органына отчет берилбеген учурда, салык органы аны мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө сот актысы каттоочу орган тарабынан ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө сот актысы менен анын уюштуруучуларына (катышуучуларына) же болбосо анын уюштуруу документтери менен юридикалык жакты жоюуга ыйгарым укук берилген органга юридикалык жакты жоюуну жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн. Ушул Кодекстин ушул статьясынын 2 жана 3-пункттарынын жана 97, 98-статьяларынын талаптары банкроттук процессинде юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Уюштуруучулардын (катышуучулардын) бири каза болгон учурда же жок болгон учурда юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) бири юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) биринин сотко кайрылуу тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Коммерциялык уюм болуп эсептелген кооператив же коомдук фонд катары аракеттенген юридикалык жак ал банкрот(кудуретсиз) деп табылгандыгына байланыштуу ушул Кодекстин 100-статьясына ылайык жоюлат.
Эгерде мындай юридикалык жактын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. Банкроттуктун (кудуретсиздиктин) натыйжасында юридикалык жактарды жоюу жөнүндө жоболор мекемелерге карата колдонулбайт.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун жоюу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин жүргүзүлөт.
(КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76, 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы 131, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июля 2025 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 апреля 2025 года № 90 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 февраля 2003 года № 38 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аны мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
алынып салынды: Соттун белгиленген кошулду: Белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө алынып салынды: чечими кошулду: сот актысы каттоочу алынып салынды: органдын кошулду: орган тарабынан ишти токтотууну каттоо жөнүндө алынып салынды: буйругунун чыгарылышы кошулду: буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
Юридикалык жакты жоюу жөнүндө алынып салынды: соттун чечими кошулду: сот актысы менен анын уюштуруучуларына (катышуучуларына) же болбосо анын … процессинде юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт.
кошулду: Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Уюштуруучулардын (катышуучулардын) бири каза болгон учурда же жок болгон учурда юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) бири юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) биринин сотко кайрылуу тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Коммерциялык уюм болуп эсептелген кооператив же коомдук фонд … № 78, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № алынып салынды: 90 кошулду: 90, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.04.2024 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-96" title="96-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>