Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-12.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 29-апрели № 53 "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 4-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.";
2) 8-статьянын 3-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьяда:
а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү көлөмдө камсыз кылууга;";
б) сегизинчи абзацында "акысыз" деген сөз алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөЗакон · 04.10.2000 · № 83 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөЗакон · 04.10.2000 · № 83 · Күчүн жоготкон