Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (2021 -жылдын 29-апрелинен тартып кыргыз-тажик мамлекеттик Тажикстан Республикасына(нан) товарларды жана транзиттик каражаттарды өткөрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилсин, буга төмөнкүлөр кирбейт) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН БУЙРУГУ 2021-жылдын 21-майы № 12-р
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 101-т, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 218-т, 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т, 2021-жылдын 1-декабрындагы № 304-т, 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т, 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 639-т, 2025-жылдын 12-мартындагы № 157-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык:
1. 2021-жылдын 29-апрелинен тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы "Кулунду-автожол", "Бор-Дөбө-автожол" жана "Карамык-автожол" өткөрүү пункттарынан Тажикстан Республикасына/Тажикстан Республикасынан адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү өзгөчө көрсөтмөгө чейин токтотулуп турсун, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мекенине кайтып жаткан жарандары;
- Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, Кыргыз Республикасында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн (туугандык мамилелерин документтик түрдө тастыктаганда), аккредиттелген же дипломаттык/кызматтык паспорту бар болсо, алар болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча;
- чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алардын кирүүсү/чыгуусу жөнүндө күн мурунтан маалымдалганда;
- этностук кыргыздардын иммиграциясы жана алардын туугандыгы документтер менен ырасталган шартта аларга кепилдиктерди берүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укугуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке колдонуу үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын чыгышы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулган адамдар;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өтүнүчү боюнча "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү" долбоорлорун ишке ашырууга тартылган Тажикстан Республикасынын жарандары, товарлар жана транспорттук каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына алдын ала берген каты боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандары;
- Тажикстан Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары жана жубайлары алардын тууганчылыгы документалдуу ырасталган шартта;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында ар түрдүү расмий жана коомдук - массалык иш – чараларга катышкан Тажикстан Республикасынын жарандары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 218-т, 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т, 2021-жылдын 1-декабрындагы № 304-т, 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т, 2025-жылдын 12-мартындагы N 157-т тескемелеринин редакцияларына ылайык) 1-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы N 157-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасына киргизилген чектөөлөр тууралуу кабарласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Терагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Төрага
У. А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары аркылуу Тажикстан Республикасынын айрым…Распоряжение · 25.07.2022 · № 398-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 101-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү…Распоряжение · 21.07.2021 · № 101-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 218-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүү киргизүү…Распоряжение · 30.09.2021 · № 218-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу)…Распоряжение · 22.10.2021 · № 249-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 304-т (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 01.12.2021 · № 304-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 639-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-т тескемесине…Распоряжение · 23.11.2022 · № 639-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине…Распоряжение · 12.03.2025 · № 157-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы №304-р тескемесиРаспоряжение · 01.12.2021 · № 304-р
Шилтеме берет (10)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине…Распоряжение · 12.03.2025 · № 157-р
10 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.